Кыргызстанга сырттан полициялардын киришине каршы болгондор кечээ Бишкек шаарында митинг өткөрүштү.
19-июль күнү ИИМдин өкүлү Шамшыбек Мамыров “кыргыз тарап ЕККУнун (Европадагы кызматташтык жана коопсуздук уюму) полиция күчтөрүн кабыл алууга даяр” деп билдирген. Ага чейин аталган уюмдун кеңеши Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарына 52 полицияны жөнөтүү чечимин карап чыккан. Анда орус тилин билген полициялар тандалып, алар 4 ай бою иштешет. Чет жердик полициялар бул убакыт аралыгында кыргыз милициясын окутуп, абалга байкоо жүргүзүшөт.
Бирок башка өлкөлөрдүн полиция кызматкерлеринин Кыргызстанга киришин акыйкатчы Турсунбек Акун менен Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов колдобойт. Алар “өлкө өзүнүн күчү жана кадыр-баркы менен ички маселелерди чечүүсү зарыл” дешүүдө. Ошондой эле бул аптада шайлоого катышуу үчүн отставкага кеткен Исмаил Исаков: “Мен мындай чечимге каршымын, анын үстүнө түштүктөгү кырдаал турукташып калды”,- деди.
Мындай талаш-тартыштын келип чыгышына БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллайдын кыргыз күч органдарынын ишин сынга алганы да себеп болгон. Ал укук коргоочулардын маалыматына таянып, учурда өзбектер тартипти сактоо органдары тарабынан куугунтукка алынып жаткандыгын айткан. Бирок эмнегедир кыргыздар жабыркаса да, укук коргоочулар аларга көңүл бөлүшпөгөндөй маанай калтырат.
Байкоочулардын айтымында, полиция кызматкерлери келсе, абал ого бетер курчуп кетиши мүмкүн. ЕККУнун акыркы жообу Вена шаарында 22-июлда өтүүчү жыйында берилет.