АКТРИСА КАЛИПА УСЕНОВА УУЛДУУ БОЛДУ

«Тумар», «Сен эмне кылмаксың?», «Сүйүү жазы» деген тасмалар аркылуу таанылып, бир нече ырчынын клиптеринин жүзү болгон актриса Калипа Усенова уулдуу болду. Калипага байланышып, абалын сурап, куттуктадык.

"15-майда уулубуз 3 килограмм 400 грамм салмакта жарыкка келди. Бою 52 сантиметр. Кудайга шүгүр, төрөтүм жеңил өттү. Атасы кыргыздын намысын коргогон адилеттүү жигит болсун деп уулубуздун атын Адилет койду. Жаңы үйгө келгенибизде 3 жаштагы кызыбыз Элина бөбөгүн бир аз кызганды. Азыр көнүп баратат окшойт, мага кол кабыш кылып, инисине каралашып жатат”,- дейт актриса.

Эне-балага ден соолук каалайбыз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Supsuluu
2019-05-27 23:50:55
Адилет өмүрлүү, акыл эстүү жигит болсун!
+3
Journalistgirl
2019-05-29 23:57:55
Өмүрү узун, ден соолугу чың, ыймандуу бала болсун!!!
+1
Samieva8890
2019-05-31 02:39:19
Бешик боонор бек болсун! Мага жагат ушул актриса.
+1
Akim_85
2019-06-03 08:34:04
Өмүрү менен берген болсун.
0
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан