АКШда 2012-жылдан бери жарнамалык роликтерге тартылып таанымал болгон каардуу мышык ооруп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, анын сүрөтү интернетке чыккан соң анын кебетеси, каары колдонуучуларды таң калтырып, мындан улам анын сүрөтү ар кандай сын-пикирлер менен интернет желесине тараган. Көп өтпөй мышыктын атактуулугу кожойкеси Табата Бундесендин жашоосун толугу менен өзгөрткөн. Тагыраагы, мышык ар кайсы жарнамаларга тартылып, оюнчук, кийим-кечелерге сүрөтү түшүрүлүп, ээсине 100 миллион доллар киреше алып келген. Бирок мышыктын ээси “кирешенин өлчөмү ашыкча айтылып жатат. Автордук укукту коргоо максатында мен чыныгы сумманы айтпайм” деген.
Белгилей кетсек, мышыктын ээси 2018-жылы автордук укукту бузгандыгы үчүн Grenade кофейня фирмасынан 700 миң доллар өндүрүп алган.