Чиркейлер безгек жана калтыратма оорусун таратары белгилүү. Эгер алар ВИЧ-инфекциясы менен ооруган адамдын канын сорсо, аны соо адамга жугузушу мүмкүнбү деген суроо туулат. ВИЧтин вирусу чиркейдин ичине кирген соң бир нече мүнөттөн кийин өлөт (жашап кетүү жөндөмдүүлүгү жок). Анын үстүнө чиркей мурунку соргон канын кийинки чаккан адамга куйбайт. Чиркейдин тумшугунда калган кандагы вирус ичке киргендегиден да бат өлөт.