Рахат-лукум – чыгыштын эң белгилүү таттуусу. Түрктөр аны “локум” деп аташат. Аны XVIII кылымдын аягында Али Махидин Бекир аттуу түрк кондитери султандын буйругу менен ойлоп тапкан. Ал ысык кант сиробун сууда эриген крахмал менен аралаштырып, аралашманы түбү майланган идишке куйган. Аралашма каткан соң аны кесимдерге бөлүп кесип, үстүнө кант пудрасын себелеген.
Кийин локумдун даамын арттыруу үчүн ага жаңгак, мисте, лимондун сүргүчтөн өткөрүлгөн кабыгын, жемиштерди жана шоколадды кошо башташкан. Али Махидин өзү ойлоп тапкан таттуусу менен элге белгилүү болуп, Стамбулда локум сатчу дүкөн ачкан. Учурда ал дүкөнгө анын урпактары ээлик кылат. Локум Түркиядан акырындап башка өлкөлөргө тарай баштаган.