АШЫКЧА МАЙДАН АРЫЛУУНУН ЗАМАНБАП ЫКМАЛАРЫ

«Физикалык көнүгүүлөр жана диеталар адамдын салмагын таштатат, бирок май катмарларын (курсактагы, белдеги, буттагы) жок кыла албайт» дешет косметологдор. Бул чындыкпы же акча табуу кызыкчылыгыбы?.. Бүгүнкү күндө косметология жана эстетикалык медицина денедеги ашыкча май катмарларын жок кылуунун жаңы ыкмаларын сунуштоодо. Алсак, укол саюу, ультра үндүү лазер менен майларды эритүү жана башкалар. Заманбап ыкмалардын оң жана терс жактары жөнүндө айтып беребиз.

ИЙНЕ САЮУ ЖЕ ЛИПОЛИТИК ЫКМАСЫ
Бул ыкмада тери астындагы май катмарлары атайын майларды эритүүчү липотроптук дары-дармектер, витаминдер, озон, азот аркылуу жок кылынат. Аталган каражаттар ийненин жардамы менен теринин астына киргизилет. Тагыраагы, май топтолгон дене бөлүгүнө атайын укол сайылат. Ыкма бет бөлүктөрүнө (ээк, жаак), моюнга, курсакка, жамбашка, жоон санга, билекке жасалат. Каалаган жыйынтыкка жетүү үчүн сайылуучу каражатты жана өз ишин мыкты билген адисти туура тандоо керек.

Оң жактары

  • Бат жыйынтыкка жетүүгө болот. Май катмарын 10-12 сантиметрге чейин азайта алат.
  • Зат алмашуу процесси, метаболизм жакшырат.
  • Ичтеги уулуу заттар заара, заң жана тер аркылуу айдалып чыгат.
  • Ыкма коркунучсуз, жаракатсыз жана таасирдүү деп саналат.
  • Наркоз сайылбайт, төшөккө жатпайсың.

Терс жактары

  • Ден табы көтөрүлүшү мүмкүн. Бул май катмарларын козгоодогу нормалдуу көрүнүш. Чыдап коюуга туура келет.
  • Баш айланып, куску келиши мүмкүн.
  • 3-6 саатка чейин ийне сайылган жер тызылдап ачышып, кычышуусу мүмкүн. 12-24 саат ичинде тери кызарып, 3 күнгө чейин ийне сайылган жер шишиши мүмкүн.
  • Теринин сезгенүүсүн жаратышы ыктымал.
  • Симметриялык дене бөлүктөрүнө, алсак, сан, тизе, билектерге сайылган жыйынтык эки башкача болуп калышы мүмкүн.
  • Жашы өтүп калгандар бул ыкманы колдонгондон кийин териси салбырап калуу коркунучу бар.
  • Бул ыкманы колдонгондорго спорт көнүгүүлөрүн жасоого жана туура тамактанууга туура келет.

ХИРУРГИЯЛЫК ЫКМАЛАР

Абдоминопластика
Абдоминопластика курсакка жасалуучу чоң, оор пластикалык операциялардын түрүнө кирет. Операциянын бул түрүнө суроо-талап жогору. Бул ыкмада курсактагы жана белдеги майлар, буга чейин семирип, кайра арыктагандан улам шалбырап калган курсак териси операция жолу менен алынып салынат. Абдоминопластика келечекте эне болууну самагандарга сунушталбайт. Операциянын алдынан пациент тиешелүү анализдерди тапшырат. Организмге жалпы наркоз берилет. Операция пациенттин абалына жараша 2-5 саатка чейин созулушу мүмкүн. Операциядан кийин кардар 5-7 күн ооруканага жаткырылат. Инфекциялардын алдын алуу үчүн антибиотиктер берилет.

Оң жактары

  • Курсактагы майдан арылуунун бат ыкмасы.
  • Операция жалпы наркоз менен жасалгандыктан оорутуу сезилбейт.

Терс жактары

  • Операциядан кийин курсак тарап ооруп, ич көбүшү мүмкүн.
  • Операция жасалган жердин калыпка келиши бир нече жумага созулуп, жеңил оорутуу менен коштолот.
  • Адам толук айыкканга чейин алсыз, уйкусурап, чарчаңкы абалда жүрөт.
  • Жараат айыкканга чейин денеге чапташкан кийимдерди кийүүгө болбойт.Жуунууда да абайлоо керек.
  • 6 жумага чейин физикалык көнүгүүлөрдү, оор жумуштарды жасоого болбойт.
  • Операция жасалган жерде тырык калат.

Липосакция
Липосакция ыкмасында денедеги ашыкча майлар атайын аппараттын жардамы менен сордуруп алынат.

Оң жактары

  • Ашыкча май катмарларын толугу менен жок кылат. Коркунучсуз процедура деп саналат.
  • Липосакция жасаткан соң басып жүрүүгө болот. Ошентсе да денесинен көп өлчөмдө май алынган кардар 2-3 күн төшөктө жатканы туура.
  • 2-3 жумадан соң жакшы жыйынтыкты байкоого болот.
  • Семиздиктен улам пайда болгон оорулар (кан басым, кант диабети, уйкусуздук, муун, жүрөк-кан тамыр оорулары) басаңдайт же акырындап өзүнөн-өзү жоголот.
  • Албетте, арыктаган адамдын маанайы жакшырат.

Терс жактары

  • Көпчүлүк учурда операциянын толук жыйынтыгын 6-12 айдан кийин көрүүгө болот.
  • Процедурадан соң жумушка 2 күндөн кийин чыгууга болот. Бирок бир нече ай денедеги көгөргөн тактар, тырыктар процедураны эске салып турат.
  • Бур жумадан соң операция жасалган жердеги жипти алдырууга туура келет.
  • Дарыгердин көрсөтмөсү менен шишиктерди чыгаруу максатында 6 жума атайын денеге чапташкан белдемчи тагынып жүрүүгө туура келет.

Эскертүү! Пластикалык операцияларды этияттык менен жасабаса май кан тамырга кетип калуусу мүмкүн. Эгер реакция жүрүп кетсе кардар ошол замат өлүмгө дуушар болот. Андыктан операция жасатам дегендер тажрыйбалуу адис тандаганы оң.


УЛЬТРА ҮНДҮҮ АППАРАТ МЕНЕН УКАЛОО ЖАНА ОРОО ЫКМАЛАРЫ
Ультра үндүү аппарат менен укалоо жана ороо ыкмалары – денедеги ашыкча май катмарларынан арылуунун кошумча жолдору. Бул ыкмалар аркылуу тери астындагы май катмарларын козгоп, целлюлитти кетирип, теринин тонусун жакшыртууга болот. Укалоого жана ороо ыкмасына 10-12 жолу барууга туура келет. Укалоо атайын нур, суу, ультра үндүү толкундар менен иштөөчү аппараттардын жардамы менен жасалат. Ал эми ороо ыкмасында дененин май топтолгон дене бөлүгүнө бал, шоколад, кофе күкүмү, цитрус мөмөлөрүнөн, чоподон жасалган каражаттар сүйкөлүп, целлофан менен тыгыз оролот. Бул каражаттар терини ысытып, тердетет. Мындан улам май катмарлары козголот.

Оң жактары

  • Тери серпилгич, чымыр, жылмакай болуп жакшырат.
  • Теринин зат алмашуу процесси жакшырат.

Терс жактары

  • Процедура айрымдарга жагымсыз болушу мүмкүн.
  • Варикоз менен жабыркагандарга башка ыкма колдонууга туура келет.
  • Целлофан менен ороодо колдонулган каражаттар айрымдарды аллергия кылышы мүмкүн.
  • Бир нече жолу процедурага баруу, аны менен катар спорттук көнүгүүлөрдү жасоо жана туура тамактануу менен гана каалаган жыйынтыкка жетүүгө болот.

КИМДЕРГЕ СУНУШТАЛБАЙТ?

  • Кош бойлууларга, бала эмизгендерге;
  • Онкологиялык оорулар, кургак учук, кант диабети, кан оорулары менен жабыркагандарга;
  • Семиздиктин 2-3-4-стадиясы менен жабыркагандарга;
  • Лецитин каражатына аллергиясы барларга;
  • Дерматологиялык оорусу барларга;
  • 18 жашка чейинкилерге жана 60 жаштан ашкандарга.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Sprite
2019-06-03 15:20:28
Эн жакшысы кара жумуш жасоо,пайдалуу,зыянсыз.
+10
orozova
2019-06-05 10:54:37
Кантип семируунун жолудорун да айтып койгулачы арыктар учун.
+1
vikidiki
2019-06-05 21:15:52
Эринбей эле смартфонго плеймаркеттен атайын тиркемелерди кочуруп алып, конугуулорду жасай бериш керек. 2-3кундо бир жазаса жардам берет.
+1
jalgyzym...
2019-06-08 18:34:26
Майларды кантип кетирсе болот. Кантип арыктаса болот туугандар совет бергилечи.
0
orun
2019-06-09 16:17:07
jalgyzym..., жогоруда кенен түшүндүрүп жазып кетиптир го. Пайда зыянына чейин.
0
jalgyzym...
2019-06-09 16:39:00
orun,мындай операция менен эмес табийгый нерселер менен дейм
0
barakcha
2019-06-11 09:56:41
jalgyzym...,конугуулорду жасап диета сакташ керек
0
ibadat2005
2019-11-08 14:39:29
Семируунун жолдорун да жазыныздарчы сураныч!
0
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан