КАРАЛООЛОРДУН КУРМАНДЫГЫ...
Баяндамачынын бурчу
Саясат айдыңында кеңири жайылган кезектеги ушактын бири – Өмүрбек Текебаев менен Кадыржан Батыров жакын доспу?
Эстеп көрсөк, Өмүрбек Текебаев жөнүндө кандай гана маалымат, ушактарды укпадык жана дагы көпкө уксак керек. Бир туруп үрөй учса, бир туруп "тобо" деп таң калтырган сөздөрдү эшитип келгенбиз. Баарын тизмелеп чыкса, баш адашат. Анын ичинен атактуулары: “матрёшка-гейт” ызы-чуусу жана жергиликтүү гезиттердин бирине жарыяланып кеткен сүрөттөрү. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дешет. Анын сыңарындай, бул адамга каршы кандай жалаа жабылбасын, аягында актыгы айгинеленип келүүдө.
Эми кезектеги ушакка келсек, “жаман кабардын төрт канаты болот” демекчи, ал шамалдай тез тарады. "Өмүрбек Текебаев менен Кадыржан Батыров жакын дос экен" деп айтышууда. Ооба, экөө жердеш, окшош муундун өкүлдөрү, эки улуттун саясий лидерлери жана Жалал-Абад облусунун кулундары болот. Экөө тең депутат болушкан. Бирок “достор” деген сөздөр Ош жана Жалал-Абаддагы кан төгүүдөн кийин башталды. “Кыргыз менен өзбектин ортосунда болуп өткөн кан төгүүнү көкүткөндөрдүн бири Кадыржан Батыров болчу” деген сөздөрдү эске алсак, мунун баарын эсепке алган бирөөлөр асмандан издегени жерден табылгандай, Батыровго Текебаевди дос деп чаптай салып, бул ушакты желдей таратышты. Кан жутуп, күйүнүп отурган түштүк элине мындай кабар кандай тиерин билишти да. Ошентип, Өмүрбек Текебаев дагы бир жолу каралоонун курмандыгына айланды.
Өзү бул ушактын келип чыгышы боюнча: “Мен К.Батыровдун досу эмесмин. Ортобузда эч кандай жеке байланыштар жок. Аны жердеш жана ЖКнын мурунку депутаты катары билем. Ал эми Тейит айылындагы Бакиевдердин үйүн өрттөйлү деп жатышканда бир топ укук коргоочулар К.Батыров менен байланышуумду суранышкан. Ошентип, ал киши менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөм. Анын үстүнө ал жергиликтүү телеканалдар аркылуу “Ата Мекен” партиясына карата сын-пикирлерди айткан. Эгер экөөбүз дос болсок, бизди жамандамак беле?”- дейт.
Албетте, парламенттик шайлоого чейин дагы далай укмуш жаңылыктарга күбө болот чыгарбыз. Бирок атактууларды “коомдук адам” деген статуска байлап алып эле, “тепкилей” бербей, жети өлчөп, бир кесип иш кылсак жакшы болор беле?..
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Эмне эле Текени мынча мактап атасыздар биз прекрасна билебиз анын кандай адам экенин он патхалим. Кана биздин мурунку жазган создор?
Супер инфо биз сиздерге тушунбой атабыз?
ЕЛДИ ТЕКЕ АКАЕВ менен Америкага барып кол алышып келгенден кийин 2005ждагы революция болуп кеткен.
EExxx Sozdun kyskasy Tekebaev jakshy adam emes bul eski boorulordun biri Akaevge kol tiybestik berebiz dep churkurap parlamentte kakshagan ushul adam emesbi?? Emne unuttunarby? Teke tekechiligini kylyp el bashkargandan uzak bolsun!!!!
Бул бети жоктун бир создору эсимде."Мени озбек акаларим колдойт, мен кыргызга ишенбейм"-деген эле.
Текебаевдин жанагы тасмасын мен да коргом Текечилиги туурасында, ошодон кийин мен бул кишиге Кыргыздын бийлигинде бир да орунду ыраа корбоймун! Эл башкаруу жеке ыйманындан башталат! Бул киши кыргыз элин болбогон тыйынга озбектерге сатып жиберуудон да кайтпайт!
Ceed Tupa tuura aitasyn satyp jiberuudon ech korpoit bet degen jokda!
Текебаевдин эмнесине ишенесинер? Корунуп эле турбайбы, Текебаевдин колунан жакшылык келбейт.
Акаев менен Бакиев канча жеп Кыргызстанды тойгон болсо Текебаев деле андан калышкан эмес , оз эркинче эле бийликтен кетсе болмок ,Кыргыстан учун жан куйдургон бир дагы эр азаматт депутаттар жок .
Текебаев тили анан "текечилиги" менен белгулуу. Башка кандай коруно турган иш кылды?!
Акаев мезгилинде да Бакиев мезгилинде дагы ТЕКЕБАЕВ опозиция болуп турду башка байлыкты коздогондор кошоматтанып кетишти,КЫРГЫЗСТАНДЫ ондосо бир гана ТЕКЕБАЕВ ондойт,мен 100% ишенем,ойлобогула тууган-пууганы деп САЯСАТЧЫ КАТАРЫ ГАНА ТААНЫЙЫМ.
alfia А мумкун Текебаев сен озундурсун?
mirbektm Текебаевди сен мин колдосон да сенден башка мин адам бир жолу болсо да колдогусу келбеген сон эмне пайда. СуперИнфо Текебаевге тартам деп отуруп Текебаевдин озун да, гезитте иштеген жалпы жамаатты да окурмандарына жаман корсотуп алышты.
Акмак менен дос болсон эл секни да акмак ойлойт, ошол себептуу да кимдир бироого жан тартаарда элдин пикирин сурап койгон жакшы, агымга каршы сузгонун менен алыс сузо албайсын.