Чемпиондор Лигасы: «ТОТТЕНХЭМ» & «ЛИВЕРПУЛЬ»

2-июнга караган түнү футбол сезонунун быйылкы жылдагы эң маанилүү беттеши орун алат. Испаниянын Мадрид шаарында «Ванда Метрополитано» стадионунда эки англиялык клуб Чемпиондор Лигасынын кубогу үчүн күч сынашат. «Тоттенхэм» «Ливерпулга» каршы.

«ТОТТЕНХЭМ»

Финалга жеткен жолу
1/8 финал
4:0, 1:0 – «Боруссия Д»
1/4 финал
1:0, 3:4 – «Манчестер Сити»
1/2 финал
0:1, 3:2 – «Аякс»

АКЫР АЯГЫНА ЧЕЙИН ТЫРЫШКАН «ТОТТЕНХЭМ»
Англиянын биринчи саптарында ар дайым эле болуп келбеген бул клуб быйылкы жылы финалга өжөрлүгү менен жетти. Ошондой эле бул көрсөткүчтүн башкы себепкери – «Тоттенхэмдин» башкы машыктыруучусу Маурисио Почеттинонун эмгеги. Тактика чебери болгон насаатчы Гвардиоланы тизе бүктүрүп, бул мелдештеги сүймөнчүккө айланган команда – «Аяксты» да жеңип алды.
Англияда 3-4-орундарга гана күрөшкөн бул команда башка өтө күчтүү эмес командаларга үлгү болду. «Тоттенхэм» бир жыл бою өз командасына миллиондогон каражатка футболчуларды сатып алган эмес, футболчуларынын айлыктары да аша чаап кетпейт.
Негизги оюндарга клубдун бомбардири Харри Кейн жаракат алып калып, катыша алган жок. Бирок аны Сон Хен Мин менен Лукас Моура ийгиликтүү алмаштыра алышты.
Командада оюндун тизгинин Кристиан Эриксен менен Деле Алли тартат, алардын оюну жүрүшүп кетсе атаандашка баш катырма жаралат.

ФИНАЛДА ФАВОРИТ ЭМЕС
«Тоттенхэм» Чемпиондор Лигасынын финалына алгачкы жолу чыкты. Андыктан көпчүлүк бул финалда лондондук команданы мүмкүнчүлүктөрү азыраак деп белгилеп жатышкан кези. «Бир оюнда бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн. Өз футболчуларыма ишенем»,- деп турган чагы Почеттинонун.
Жаракаттарынан улам соңку оюндарга катышпай жаткан команданын негизги деп саналган оюнчулары Вертонген, Санчес жана команда капитаны Харри Кейн машыгуу иштерине кайтып келишти. Демек, «Тоттенхем» эң күчтүү курамы менен оюнга чыгууга даяр.

«ЛИВЕРПУЛЬ»

Финалга жеткен жолу
1/8 финал
0:0, 3:1 – «Бавария»
1/4 финал
2:0, 4:1 – «Порту»
1/2 финал
0:3, 4:0 – «Барселона»

«АЛТЫН ТОПКО» БАРА ТУРГАН ЖОЛ БУУЛУП...
«Ливерпуль» бул жылы укмуштуудай сезон өткөрүп, бүтүндөй Европада чаң салышты. Өлкө чемпиондугун «Ситиге» акыркы турда тарттырып жиберген «Ливерпулдун» жарым финалдагы «Барселона» менен тиреши көпкө чейин унутулбайт. «Барселона» өз үйүндө 3:0 менен «Ливерпулду» утканда бардыгы чечилгендей туюлган. Атүгүл Испанияда мыкты сезон өткөргөн Мессиге «Алтын топ» «ыйгарып жиберишкен».
Бирок «Энфилд» стадионунда «Ливерпуль» 4:0 эсебинде каталондуктардын таш талканын чыгарып салды.

ВАН ДЕЙКТИН АТАГЫ АЛЫСКА ЖЕТТИ
Мерсисайддык клубдан бирөөнү бөлүп көрсөтүүгө болчудай эмес. Мурунку жылдары Салахтын жылдызы жанып отурса, быйыл «Ливерпуль» команда катары күчтүү. Коргоочулардын баш оорусуна айланган үчилтик Салах – Фирмино – Мане сезонду жогорку деңгээлде өткөрүштү. Салах менен Мане Англияда 22 голдон жаратса, Чемпиондор Лигасында үчилтик 12 гол жаратышты. Салах өткөн жылдагы финалда жаракат алып калган, эми ага дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү...
«Ливерпулдун» быйылкы жылдагы ийгилиги – темирдей катуу коргонууда. Анын башкы күнөөкөрү коргоочу Виржил Ван Дейк менен дарбазачы Алиссон. Ван Дейк мыкты оюн көргөзүп, сыйлыктын баарын чогултуп жаткан маалы. Ал Англия Премьер-Лигасынын быйылкы жылдагы эң мыкты оюнчусу наамына татыды, ошондой эле футболчулар арасынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо да биринчи болду. Эгерде «Ливерпуль» Чемпиондор Лигасын багынтса, кезекте «Алтын топ» турат шекилдүү...


2-июнь. Бишкек убактысы боюнча саат 01:00.
Мадрид шаары. «Ванда Метрополитано» стадиону.
«Тоттенхэм» – «Ливерпуль»


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан