Акмак! Колуң сынгыр! Бул эмне баянын баштабай жатып сөгүнүп жатат деп жатасызбы? Чарчадым... Жума сайын алсыз, коргонууга чамасы жок балдардын сабалганы, эсин жоготкону, кордолгону, анын кесепетинен каза болгону... Кечээ жакында дагы бир наристе 2 жашка чыгып-чыкпай сабалып, эсине келбей чарчап калды. Жаңылыктардан мындай жүрөк ооруткан кабарларды окуй берип кээ бир адамдардын, чоң кишилердин айбандан да акылсыз болуп маңкуртчулукка бараткан жоругунан чарчап баратам. “Балдар – биздин келечегибиз” деп коёбуз дагы. Жоопкерчилик кайда? Кимде? Аталарды жөн коёюн. Энелерчи?
Эй, эне! Сен эмнеге жүрөгүңдүн түпкүрүнөн, боор этиңден жаралган балаңды ар кимге кор кылып таштап коёсуң? Ал али наристе го?! Сен аны кандай максат менен тогуз ай көтөрүп, кабыргаң сыздап толгоо тартып төрөдүң? Ушул беле каалаганың? Түмөн түйшүк, кара жанды карч уруп жашоо үчүн күрөшүп жатканыңды, багайын деп жатканыңды шылтоо кыларсың?.. Балаңа ошол сен тытынып иштеп тапкан акчаңдын кызыгы барбы? Эгер ал өгөй эненин, же өгөй атанын, же жеңенин, дагы башка адамдардын таш боордук жоругуна, бул дүйнөнүн ырайымсыздыгына кабылып жатса, ага чет жерде жүрүп күнү-түнү эсиң оогуча иштеп тапкан акчаңдын эмне пайдасы? Мындай кырдаалда жашаган ар бир ата-эне жетишпеген турмушту, мекенибизде иштин жоктугун, такыр айла куруп калганда жакынына таштап кеткенин айтып шылтоо кылат, өзүн-өзү актагысы келет. Ооба, турмуштагы муктаждыктар ар нерсеге түртөт, билем, түшүнөм. Бирок бала деген эртеңки келечегибиз да, ал мээримге муктаж болуп, ар кимдин ур-токмогунда калып, акыр-аягы кайгылуу окуя менен аяктап жатса, жашоодогу тукум улоо максатыбыз кайсы?
Мекенибизде колу-буту мунжу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар деле иштеп кара жанын багып жатат го?! Азыр үйдө отуруп интернет аркылуу ар кандай кызыктуу нерселерди үйрөнүп, жасап сатса болот. Бепбекер үйрөнөсүң. Социалдык тармакка кеткен убактыңды кол өнөрчүлүктөрдү үйрөнүүгө, тил үйрөнүүгө жумшап, өзүңдү-өзүң өстүрүп, ошол менен да жан бакса болот го?! Жок эле дегенде балаңды чоңойтуп алгыча. “Кыйын болбочу, башыңа келбесе түшүнмөк белең” дээрсиң? Бирок карачы эми ошол жакын деп билген адамыңа ташталган балаң эмне болду? Сабалды, кор болду, аягында бул дүйнөнүн таш боордугун гана көрүп каза болуп калды. Ушул керек беле?
Эстеп көрчү ошол наристе жаңы төрөлгөндөгү сезимдериңди. Кандай бактылуу элең?! Көзүн ачып-ачпай эмчек издегени, быйтыйган колдору, жыты, жадакалса наристенин ыйлаганы да кандай жагымдуу?! Алгачкы жылмайганын эстечи? Жөрмөлөгөнү, тили чыгып, сөздөрдү айта баштаганы, алгачкы “апа” дегени, тай-тай басып кадам таштаганы. “Мурдуң кана?” десе мурдун бырбыйтканы... Ар бир кылыгы...
Бала алгач энесинин гана үнүн угуп, аны энесинин үнү гана тынчтандырат. Энесин жытынан тааныйт. Ишенгени энеси. Анан бир күнү эле ишенген, таянган энеси жок. Анда-санда көзгө көрүнгөн адамдар жүрөт. Сийгиси келди, айта албады. Жекире караган көздөр. Баягы мээрим толгон энесинин көзү кайда? Эмне болуп жатканын түшүнгөн жок. Денеси ооруп жатты... Сабалып жатты... Жаны ооруду. Апа деди. Жалдырады. Сени эстеди. Энесин издеди. А балким, ал наристе чоңойсо улуу инсан болмок, сен карыганда алаканына салып багып сыйлап турмак... Балким, кыргызды дүйнөгө таанытмак, көтөрмөк... Бала буту чыгып, өз алдынча ой жүгүртүп, жаман-жакшыны айырмалап алгыча өз энесине муктаж. Ал сен аркылуу гана тааныйт бул ааламды. Ушуну бил, жоопкерчилигин ал, бак, таштаба. Кыла албайсыңбы? Анда ар кимге кор кылып өлүмгө жеткиргенден көрө төрөбө!
Дария