Канат Маматов, Футбол федерациясынын президенти: «КАНЧА ПРЕЗИДЕНТ, ӨКМӨТ АЛМАШТЫ, БИРОК СТАДИОН КУРУЛГАН ЖОК»

Азия Кубогунан кийинки кыргыз футболу, алдыдагы максаттар жана жаңы стадион тууралуу...

– Футболдук карьераңызды аяктаган соң дээрлик он жылдан кийин футболго, тагыраагы, 2014-жылы Футзал федерациясынын президенти болуп кайтып келдиңиз. Эмнеден, кимдерден улам кайтып келдиңиз?

– Бизнес менен алек болуп жүргөндө мага Футбол федерациясынан байланышка чыгып, чакырышты. Макул болуп келип калгам. Ал жылдары Орусиядан башкы машыктыруучу чакырып, анын астында улуттук курама команда Азия чемпиондугуна чыгып, ийгилик жараткан. Дүйнөлүк чемпиондукка чыгууга бир кадам жетпей калган эле.

Футзал тармагында чоң иштер жасалып жатат. Чемпиондуктун кызыгы артты, оюндар 8 айга созулду (мурун 4 ай эле). Катышуучулардын саны 12 командага көбөйүшү, чемпиондукта легионерлердин саны 35ке жетиши (Иран, Казакстан, Тажикстан, Бразилия), күйөрмандардын санынын өсүшү абдан жакшы жетишкендик деп ойлойм. Курама командаларыбыз Азиянын чемпиондугуна ар дайым чыгат, өлкө чемпиону EREM эки жылдан бери Азиянын клубдар лигасында күчүн сыноодо.

– Акыркы жылдагы кыргыз футболу көз кубантпай койбойт. Бул ийгиликтердин артында канчалык оор жумуш турганын Футбол федерациясындагы адамдар билет болуш керек?..

– Албетте, футболубуз өнүгүүдө. Азия кубогунда биздин командабыздын ийгилиги абдан жакшы болду. Бул жетишкендиктер федерациянын командасынын иш-аракеттеринин натыйжасы. Федерациянын мурдагы президенти Семетей Султанов көп иштерди жасады. Анын артында күчтүү команда турду. Команда ошол эле курамында азыр деле иш алып барууда. Көрүүчүлөр, күйөрмандар биздин федерациянын акыркы продукциясын гана көрөт – курама команда жана анын оюндарын. Мунун артында кандай чоң иш-аракеттер турат, аларды көп деле кызыктырбашы мүмкүн.

– Азия Кубогу бүткөндөн кийин Футбол федерациясынын президенти болуп шайландыңыз. Кыргыз футболуна кандай максаттар менен келдиңиз?

– Футболдон мен көп жетишкендиктерге жетиштим, эми футболго кызмат кылып, футболдун өнүгүшүнө салымымды кошоюн деген максатта келдим.

Максаттарымдын бири – жер-жерлерде болгон инфраструктураны жакшыртуу жана жаңы инфраструктура куруп берүү. Мамлекеттин казынасын карап отура бербей, ички жана сырткы демөөрчүлөрдөн каражат таап ишти жүргүзөбүз деп турабыз. Учурда президентке жана премьер-министрге кат жазып, Бишкекте жана Ысык-Көлдө жер бөлүнүп берилсе футбол борборлорунун курулуш иштерин баштайт элек. Ага каражатыбыз бар.

Ошондой эле ички чемпиондугубузга катышкан футбол клубдарынын демөөрчүлөрү жок, клубдарды кармап келе жаткан Салымбеков Аскар жана Сакебаев Совет байкелерге чоң ыраазычылык. Ички чемпиондуктун деңгээлин көтөрүү жана клубдардын финансылык каржылоосун чечип берүү керек. Күчтүү клубдар жана күчтүү чемпиондук болсо улуттук курама команда да күчтүү болот. Бизде “Мегаком”, “Манас” сыяктуу чоң жана бай мамлекеттик компаниялар бар. Аларга кандайдыр бир жеңилдиктерди берип, футбол командаларын түзүшсө жакшы болмок. Жок дегенде ар бир облустан бирден команда Премьер-Лигага чыкса. Эмне үчүн Өзбекстандын футболу өнүгүп кетти? Анткени демөөрчүлөргө жеңилдик берилген. Алар клубдарды каржылашат, ар бир облус өзүнүн футбол академияларын ачышкан. Тажикстанда мамлекеттин жардамы менен футбол академиялары ачылган, алардын жаштар курама командасы Бразилияда өтө турган Дүйнөлүк чемпиондукка чыга алышты. Мына, натыйжа.

Дагы бир негизги максаттардын бири – бул курама командабызга мыкты шарттарды түзүү, оюн тажрыйбасын көбөйтүү. Ал үчүн эл аралык оюндарга катыштырып, машыгуу үчүн база куруп берүү. Анан албетте, Дүйнөлүк чемпиондукка жолдомо алуу максаты турат.

Бул максаттарга жетүү оңой эмес. Булар менин же федерациянын эле максаттары болбошу керек, бул мамлекеттин дагы максаттары болушу абзел. Курама команда федерациянын атынан ойнобойт, ал мамлекеттин атын коргойт.

– АФКнын вице-президенттигине талапкер болгон Семетей Султановдун талапкерлиги чакыртылып алынды. Эл аралык деңгээлде кыргыз өкүлүнүн болгону бизге керек эмес беле?

– Керек, бирок айта турган дагы, федерациянын кызыкчылыгы үчүн айтылбай турган дагы маселелер бар. Бул жерде бир чоң ката болгон, Семетей Султанов АФКга вице-президент болом десе биздин федерациянын президенттигинен кетпеши керек эле, ошондо анын мүмкүнчүлүгү болмок. Ал нерсени түшүнүп туруп аткаруучу комитет федерациянын жана кыргыз футболунун кызыкчылыгы үчүн чакыртып алган. Аткаруучу комитетте бир гана президент мүчө эмес, анын ичинде ошол маалда 12 мүчө болгон, учурда 15 мүчө бар.

– Ийгиликти багынтууга караганда, аны кармап калуу оор деп айтышат. Кыргыз футболунда жакынкы аралыкта кандай иштер жасалат?

– Акыркы ийгиликтерден кийин элибиздин биздин футболго ишеничи пайда болуп, эми чоң жетишкендиктерди күтүшөт. Ал үчүн биз аракет кылышыбыз керек. Негизги курамда ойногон оюнчулардын жашы жогорулап калды. Алсак, Виталий Люкс 30 жашта, Азамат Байматов 31, Мирлан Мурзаев 29, Антон Землянухин 30, Эдгар Бернхардт 33, Турсунали Рустамов 29, Павел Сидоренко 32, Валерий Кашуба 34, Даниел Тэго 33, Виктор Майер 29 жаш куракта. Булардын кээ бирлери жана башка курама команданын мүчөлөрү “Дордой” командасында ички чемпиондукта жана АФК кубогунда ойноп, стабилдүү оюн көрсөтө албай жатышат, бул албетте, ойлондурбай койбойт. Курама командага жаштарды даярдоо иштерин жүргүзүү керек.

Бирок кандай болгондо дагы башкы машыктыруучу Александр Крестинин өзү чечет, кимди курама командага чакырат, кимди ойнотот, а кимди запаста кармайт, биз анын ишине кийлигишпейбиз.

Курама командага жаңы чакыруу алган футболчулардын жана команданын тажрыйбасын күчөтүү үчүн көбүрөөк чет жактарга чыгып же чет жактан командаларды чакырып оюндарды көбөйтүү, машыгуу сборлорду өткөрүү боюнча иш-аракеттер болууда. Анын баарына каражат талап кылынат, аны табышыбыз керек. Курама команданын машыга турган базасы жок, аны курушубуз керек.

– Федерациянын сизден мурунку жетекчисинин тушунда Кыргыз футболу ФИФАнын рейтингинде 170-орундардан алдыңкы 100 командалардын катарына кире алды. Планка бийик коюлду. Федерация жетекчилигине келерде бул жоопкерчилик сизди түйшөлттүбү?

– Ооба, ойлондурду, планка бийик коюлду. Аны түшүрбөй алдыга жылабыз деген ойдомун. Жумушту улантып, аракеттерди жасайбыз. Канчалаган күйөрмандарыбыз көбөйдү. Бирок футболдун өнүгүшүнө федерация гана эмес, мамлекет дагы өзүнүн салымын кошушу керек, бизнесмендердин, демөөрчүлөрдүн, күйөрмандарыбыздын салымына биздин федерация муктаж.

­– Демөөрчүлөр деп калдыңыз, бул жылы федерацияны кимдер колдоп жатат?

– Демөөрчүлөрдү табуу абдан кыйын. Көп компанияларга кайрылганбыз, бирок натыйжа аз. Ошого карабастан "Ихлас" курулуш компаниясы макулдугун берип, 130 миң АКШ долларын бөлүп бермей болду, алар башкы демөөрчү болуп аталат. Ошондой эле "Шоро" компаниясы 60 миң жана "Кыргызстан" банкы 50 миң доллар бөлүп берет.

– Өлкөбүзгө заманбап стадион керектиги кыргыз футболу өнүккөн сайын аркайып көрүнүүдө. Жаңы стадион куруу иштери качан сөздөн ишке өтөт?

– Стадион маселесине мына эми көңүл бурулуп баштады. Президент өз сөзүндө бир нече жолу жаңы стадион курулат деп айтып өттү. Бул нерсе ишке ашат деп күтүп жатабыз, күйөрмандар дагы күтүп жатат. Бизде азыркы эки чоң стадион тең 1940-1950-жылдары салынган. Эскирип, азыркы стандартка, талаптарга жооп бербейт.

Бизден коңшу өлкөлөрдө Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда жаңы 30 000- 40 000 орундуу стадиондор салынды, спорт сарайлар салынууда. Казакстанды айтпай эле коёюн. Канча президент жана өкмөт алмашты, бирок стадион курулган жок. Саясат, интрига, митинг, шайлоо, портфель талашмайдан кол бошободу. Австралия командасы келгенде көрдүңүздөр, эл батпай көчөдө калды. Стадион салуу үчүн чоң каражат керек, ага биздин федерациянын мүмкүнчүлүгү жок, мамлекет өзү каражат таап курушу керек.

– Федерация тарабынан футбол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кандай иш-аракеттер болуп жатат?

– Биз учурда сырткы жана ички демөөрчүлөрдүн жардамы менен Бишкекте футбол борборун жана Ысык-Көлдө курама командалар даярдык көрө турган база куралы деп аракет кылып жатабыз. Бирок бир нече жылдардан бери жер маселеси чечилбей келет. Ал үчүн мэрияга, премьер-министрге жана президентке кайрылып кат жөнөттүк. Премьер-министрден кабар боло элек, президенттин администрация жетекчиси менен жолугуп сүйлөштүм. Жакынкы арада президент өзү кабыл аларын айтты. Борбор куруп алсак миңдеген жаш балдар машыга турган бир нече футбол аянтчасы болот, бассейн, медпункт, таланттуу балдар жашай турган имарат курулат жана ошол жерге улуттук футбол академиясын ачмакпыз. Оштун мэриясы жер бөлүп берип, эки жыл мурун ФИФАнын каражатына чакан футбол борбору курулуп, академия ачылган. Ал жерде бүгүнкү күндө 400дөн ашык бала машыгып жатат. Коңшу мамлекеттерде өкмөт, жергиликтүү администрациялар өздөрү футбол борборлорду куруп, академияларды ачып оюнчуларды тарбиялап жатышат. Биз мындай иштерди азыр жүргүзбөсөк, эртең курама командабыз алсыз болуп калат.

– Быйылкы жылы Катар-2022 мундиалга тандап алуу оюндары башталганы турат. Улуттук курамдын алдына кандай тапшырма коюлат?

– Биринчи максат – Азияда 12 мыкты команданын ичине кирүү, андай болсо 2023-жылы Кытайда же Түштүк Кореяда өтө турган Азия чемпиондугуна түз жолдомого ээ болобуз, анан Дүйнөлүк чемпиондукка чыгууга ат салышабыз.

– Жолдоштук беттештерге күчтүү делген, курамында атактуу футболчулары бар командаларды чакыруу мүмкүнбү?

– Албетте, болот, мына быйылкы жылы Аргентина курама командасын чакырганга аракет кылдык. Бирок алар абдан көп суммадагы каражат талап кылгандыктан, ал ойдон кайттык. Башка Европа командаларын чакырып Бишкекте оюн өткөрөлү деген аракеттер болуп жатат. Бирок дагы деле стадион маселеси турат. Европадан команда келсе элди батыра албай шерменде болобуз. Алар биздин стадионду көрүп эмне дейт, ойнобойбуз деп коюшу деле мүмкүн.

– Үй-бүлөңүздө сизден башка дагы футболчу барбы?

– Үй-бүлөдө убагында бир тууган агам дарбазачы болуп ойноп жүрдү, бирок профессионалдык деңгээлде эмес. Эки балам азыркы учурда машыгып жатат.

– Футбол сиз үчүн?

– Футбол менин жүрөгүмдүн төрүнөн орун алган, футболсуз жашоо кандай болорун элестете албайм.

– Чемпиондор Лигасы. Финал. “Ливерпуль” же “Тоттенхэм”?

– “Ливерпуль".

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан