КУТУРГАН МАЙМЫЛ ШААР ТУРГУНДАРЫНА КОЛ САЛДЫ

Индиянын Баднавар шаарынын тургундарына маймыл кол салып, жыйынтыгында 60 жаштагы Натурам деген киши каза болду. Ондой киши ар кандай жаракаттар менен жергиликтүү ооруканага кайрылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, кутурган маймыл 10 күн бою шаар элине кол салган. Бийлик өкүлдөрү бул окуяга эч кандай чара колдонбогондугу үчүн шаар эли каза болгон кишинин сөөгүн көтөрүп алып нааразычылык акциясына чыгып, жолдорду торошкон. Элди ооруканаларда кутурмага каршы дарынын жоктугу да кыжырданткан. Элдин бул кадамынан көп өтпөй полиция кызматкерлери маймылды кармашкан. Ал эми ооруканаларга кутурмага каршы дарылар алынып келинген.

 

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан