Париждеги Эйфель мунарасына чыккан Орусиянын жаранын полиция кызматкерлери психиатриялык ооруканага жаткырышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, 20-майда өз өмүрүнө кол салуу максатында бир киши Эйфель мунарасынын башына,
300 метр бийиктикке чыгып, 6 саат бою түшпөй койгон. Кийин анын Орусия жараны экени аныкталган. Аты-жөнү азырынча ачык айтыла элек. Орун алган окуядан улам полиция кызматкерлери мунаранын тегерегиндеги элди эвакуациялап, куткаруу кызматын чакырышкан. Окуя боюнча “коомдук-маданий жайга мыйзамсыз кол салуу” фактысы менен текшерүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Эйфель мунарасы 1889-жылы тургузулган. Бийиктиги 324 метр.
Дамира Арстанова
koom@super.kg