2 МИНИСТР КЫЗМАТТАН КЕТТИ. ОРУН АЛМАШУУДАН СУММА ӨЗГӨРӨБҮ?

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетишти. Мурашев быйыл картошканын баасынын арзан болуп, дыйкандардын мээнети акталбай калганы үчүн бир нече айдан бери коомчулук тарабынан катуу сындалып жүргөн.

Бул арада жаш ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп иштөөгө даяр экенин, бул тармакты кантип өнүктүрүүнү биле турганын жар салып, министрликке өзүнүн талапкерлигин сунуштады. Коомчулук тарабынан колдоого алынганы менен, анын талапкерлиги өкмөттөн колдоо таппады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев муну “жаш, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок” деп түшүндүрдү. Жаш муундун өкүлү деп эле каалаган адамды дайындай бергидей министрлик кызмат оюнчук эмес экенин айтып, эскерткендер дагы болуп жатты. Премьер аталган министрликти жетектөөгө Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуштап, сунуш 29-майда парламентте жактырылды. Чодуев буга чейин айыл чарба министринин орун басары болуп иштеп келген.

Ал эми экономика министри кызматына мурда экономика министринин орун басары болуп турган Санжар Муканбетовдун талапкерлиги сунушталып, парламентте колдоо тапты.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан