АТАМБАЕВДИН ЖАН САКЧЫСЫ ДАМИР МУСАКЕЕВ 5 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

Бишкектин Свердлов райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратты. Мусакеев Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси – Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталып жаткан. Сот чечиминен кийин Башкы прокуратура атайын билдирүү таратты. Андагы маалыматка таянсак, Дамир Мусакеев 2016-2017-жылдары УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда Турак жай кодексинин талаптарын бузуп, жалпы кезекти эске албай, кызматкерлерге кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүп бергени айтылат. 15 кызматкер кезекти бузуп батирге ээ болгонун, алардын үчөөсү мурда да кызматтык батир алган кызматкерлер экенин билдирет Башкы прокуратура.

Айта кетсек, 35 жаштагы Мусакеев КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү. Ал УКМКнын 9-башкармалыгын 2016-жылдын 1-июнунан 2018-жылдын апрель айына чейин жетектеп турган. Буга чейин Башкы прокуратура Мусакеевге "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча дагы кылмыш ишин козгогон.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан