КАРТИНА ЧУУСУ МУЗЕЙ ДИРЕКТОРУ ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВДИ КЫЗМАТТАН КЕТИРДИ

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев кызматтан бошотулду. Тийиштүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат
Жаманкулов
кол койду. Шыгаев эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүүгө арыз жазган.

Буга чейин маалымат айдыңында Шыгаев өзү жетектеген музейден Николай Сверчковдун «Жылкы менен ит» жана Николай Генин «Бакуниндин портрети» аттуу уникалдуу картиналарынын түп нускасын алып, кайра бузулган абалда кайтарды деген маалымат тараган. Мындан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги комиссия түзүп, иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында комиссия тарабынан музей директорун кызматтан алуу сунушу берилип, музейде комплекстүү текшерүү жүргүзүү керек деген чечим чыккан.

Юристанбек Шыгаев эки картинаны музейден чын эле алганын, алардын көчүрмөсүн жасоо учурунда кокустан зыян келтирип алганын билдирип, аны өз каражатынын эсебинен оңдой турганы боюнча түшүндүрмө жазып берген. Ал эми Кыргызстандагы сүрөтчүлөр уюмунун төрагасы, өлкөнүн жалгыз сүрөт реставратору Таалай Усубалиев аталган 2 картина сканерден жабыркаган жок деп билдирүүдө. Ошондой эле эч бир уруксат кагазы жок туруп баалуу сүрөттөрдү музейден алып чыгуу одоно мыйзам бузуу экендигин айтат ал.

Жакында музейлердин биринин директорунун иш бөлмөсүнөн УКМКнын кызматкери 50 миң сом пара менен кармалган. Расмий маалыматка таянсак, ал 350 миң сом параны музейде уурдалган сүрөт боюнча 2013-жылы козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн талап кылганы айтылат. Бул окуяны Юристанбек Шыгаев менен байланыштыргандар да болууда. Себеби дал ошол жылы белгилүү сүрөтчү Иван Айвозовскийдин 1866-жылы тартылган 40 миң долларлык “Крымдагы пейзаж” эмгеги жоголгон эле.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан