ЖЭБ ЧЫРЫ: 3 АЙЫПТАЛУУЧУ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

28-майда Бишкек шаардык сотунда Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кезектеги соттук отурум өттү. Анда 3 айыпталуучу күнөөлөрүн моюнуна алгандыгы үчүн үй камагына чыгарылды. Алар: “Улуттук энергетикалык холдингдин” төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков, “Электр станциялары” компаниясынын директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев жана ЖЭБдин мурунку башкы инженери Нургазы Курманбеков. Маалыматка таянсак, аталган айыпталуучулар коюлган күнөөнү моюнга алышып, мамлекетке келтирилген чыгымды жана салынган айыпты толук төлөөгө макул болушкан. Учурда алар тийиштүү сумманын жарымын төлөп беришкени айтылды.

Мыйзамга ылайык, эгер шектүү коюлган күнөөнү моюнга алса, соттун жазасы да жумшартылышы мүмкүн. Мындай тажрыйба 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кылмыш процессуалдык кодексине байланыштуу колдонулууда. Эми 3 кылмыш иши негизги кылмыш ишинен өзүнчө бөлүнүп өндүрүшкө алынары айтылды.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Бишкек ЖЭБинде авария болуп, анын натыйжасында шаардыктар кыштын суугунда 1 жума жылуулугу жок калышкан. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, 7 адам күнөөлөнгөн. Жогоруда аталган 3 чиновниктен тышкары “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, “Электр Станциялар” компаниясынын экс-директору Узак Кыдырбаев. ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдорго айыптар тагылган. Буга чейин райондор аралык сот аларды 2,5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыраткан.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан