22-24-май күндөрү Алматы шаарында “Евразиялык медиа-2019” форуму өттү. Форумга 60 мамлекеттен 600дөн ашуун делегат катышты. Армения президенти Армен Саркисян, Эстониянын экс-президенти Тоомас Хендрик, АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын башчысы Стив Бэннон жана башка белгилүү журналисттер келишти. 16-жолу өткөрүлүп жаткан форум "Бүгүнкү күн реалдуулуктун трансформациясыбы?" деген аталышта өтүп, чакырылган спикерлер азыркы медиа тармагынын абалын, геосаясаттагы өзгөрүүлөрдү, социалдык жана экономикалык абалды талкуулашты.
Форумдун максаты – эл аралык медиа өкүлдөрү жана дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттердин ортосунда ачык диалог түзүү. Форумду Казак парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Дарига Назарбаева демилгелеп чыккан.
2002-жылдан бери бул форум көбүнчө Нур-Султан шаарында өткөрүлүп келген. Бул жолу Алматыда өткөрүлүп жатканынын да жөнү бар. Анткени Нур-Султанда май айынын башында президенттик шайлоого, өлкөдө атомдук электростанциянын курулушуна каршы жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, көп балалуу энелерге үй куруп берүү талабы менен митингдер өтүүдө. Нур-Султанда абал туруктуу эмес.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg