БИР БҮРКҮМ. НАЗАРБАЕВ БИШКЕККЕ МЕКТЕП КУРАТ...

  • Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова Монголияга да элчи болуп дайындалды.
  • Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 28-майда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Орусия, Беларусь президенттерин «Нурсултан Назарбаев» ордени менен сыйлады.
  • Жогорку Кеңеште «Кыргызстан» фракциясынан Айнура Аскаровага депутаттык мандат берилди. Ал жакында "Улуттук Энергохолдинг" компаниясынын директору болгон Айтмамат Назаровдун ордуна келди.
  • Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы катталгандан бери вирустан 1952 киши каза болгон. Бул тууралуу республикалык «СПИД» борборунан билдиришти.
  • Бишкек шаарындагы Биринчи Май РИИБинин милиция пунктунда эки милиция кызматкери 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.
  • Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге Түрк кеңешинин өмүр бою президенти деген наам ыйгарылды.
  • Быйыл өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө 2 миллиард сом бөлөрүн биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.
  • Жарандык активист Калича Умуралиева "Шаардагы парктар" ишканасына директор болуп дайындалды.
  • Өзбекстан бийлиги 1815 жеке ишкердин мамлекетке 29 миллион доллар карызын кечти.
  • Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 28-августка чейин камакта калтырылды.
  • Бишкекте мектеп окуучулары урушуп, анын натыйжасында 9-класстын окуучусу каза болду. Бишкек ШИИББ окуяны тастыктады.
  • Нурсултан Назарбаев Бишкекке жеке менчик мектеп куруп берет. Бул тууралуу ал Нур-Султанда Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан