ТААСИРИ КҮЧӨП БАРАТКАН ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ

Бишкек ушул жылдын 13-14-июнь күндөрү дүйнө назарында болот. Себеп – борбор шаарда Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити өтөт. Планетадагы ири, таасирдүү уюмдардын бири болгон ШКУнун тарыхын, миссиясын баяндайбыз. Уюм качан, кантип, кандай максатта түзүлдү эле? Андан Кыргыз өлкөсү кандай пайда таап жатат? Суроолорго жооп макалада.

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУ

Негизделген жылы, күнү – 2001-жыл, 15-июнь

Статусу – эл аралык уюм

Штаб-квартирасы – Кытай, Бээжин шаарында

Расмий тили – орус, кытай

Уюмдун башкы катчысы – Владимир Норов

8 ӨЛКӨНҮ БИРИКТИРГЕН УЮМ

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы Шанхайда Кытай өлкөсүнүн демилгеси менен Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстандын президенттери тарабынан негизделген. Уюм 1996-жылы түптөлгөн “Шанхай бешилтигинин” базасында түзүлгөн. Бешилтикке Кыргыз өлкөсү, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан мүчө болуп, 2001-жылы союзга Өзбекстан кошулган соң Шанхай кызматташтык уюму деп жаңыча аталыш алат. Бешилтик түзүлүп жатканда 5 өлкөнүн президенттери "Чек ара аймактарда аскер ишенимин тереңдетүү боюнча макулдашууга" кол коюшкан. 1997-жылы Москвадагы жолугушууда “Чек ара аймактарында аскер күчтөрүн кыскартуу боюнча макулдашууга” кол коюлат. Алгач уюм аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, жаралган көйгөйлөргө чогуу туруштук берүү, терроризм, сепаратизм, экстремизм менен биргеликте күрөшүү максатында түзүлгөн. 2001-жылы кезектеги саммитте “Шанхай бешилтигинин” аппараты катарына Өзбекстанды кабыл алат. Андан соң уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаруу максатында Шанхай кызматташтык уюмунун декларациясына кол коюшат. Ал эми 2002-жылы уюмдун максаттарын, принциптерин, түзүлүшүн аныктаган ШКУнун хартиясын кабыл алышат.

2017-жылы уюмдун курамы кеңейип, катарга Индия менен Пакистан кошулду. Бул эки өлкөнүн уюмга мүчө болушу менен ШКУнун таасири дагы күчөдү. Азыркы тапта ШКУ планетадагы эң абройлуу уюмдардын катарында. Уюм өзүнүн ээлеген аянты жана калкынын саны менен айырмаланып турат. Уюмга кирген мамлекеттердин жалпы аянты 34 миллион чарчы метрди түзөт, бул Евразия континентинин 60 пайызы. Ал эми калкынын саны 3,5 миллиард, бул планета калкынын дээрлик тең жарымы дегенди билдирет.

ШКУнун башкы максаттары:

– Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара ишенимди, достукту күчөтүү;

– Аймактагы тынчтыкты сактоо жана бекемдөө, саясий жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү;

– Терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен биргелешип күрөшүү, мыйзамсыз дары-дармек, курал-жарак сатуу жана башка кылмыш иштерге каршы бирге аракеттенүү;

– Эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер менен болгон мамилени чыңдоо;

– Эл аралык чыр-чатактардын алдын алуу жана тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча кызматташтык жүргүзүү;

– XXI кылымда пайда боло турган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун чогуу издөө.


ШКУга мүчө өлкөлөр:

  • Кыргыз Республикасы
  • Кытай Эл Республикасы
  • Казакстан
  • Орусия
  • Тажикстан
  • Өзбекстан
  • Пакистан
  • Индия


ШКУга байкоочу өлкөлөр:

  • Ооганстан
  • Беларусь
  • Иран
  • Монголия


ШКУга өнөктөш өлкөлөр

  • Азербайжан
  • Армения
  • Камбоджа
  • Непал
  • Түркия
  • Шри-Ланка


УЮМДУН ТҮЗҮЛҮШҮ

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында төмөнкүдөй органдар иштейт:

Өлкө башчыларынын кеңеши – ШКУнун жогорку чечим чыгаруучу борбору. Бул орган уюмга мүчө өлкөлөрдүн шаарларынын биринде жылдык саммит өткөрөт.

Өкмөт башчыларынын кеңеши – бул кеңеш жылдык саммиттерде көп тармактуу кызматташтык маселелерин талкуулайт жана уюмдун бюджетин бекитет.

Тышкы иштер министрлер кеңеши – эл аралык абалды жана ШКУнун башка эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын талкуулайт.

Улуттук координаторлордун кеңеши – ШКУнун Хартиясынын алкагында мүчө өлкөлөрдүн көп тармактуу кызматташтыгын жетектейт.

ШКУнун катчылыгы – уюмдун башкы аткаруучу борбору. Ал уюмдун чечимдеринин жана токтомдорунун ишке ашуусун көзөмөлдөйт.

Аймактык терроризмге каршы түзүмү – мүчө өлкөлөрдүн терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы кызматташтыгын ишке ашырууну камсыз кылат.

ШКУ ЖАНА КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ

ШКУ эң перспективдүү уюм деп саналат. Бүгүнкү күндө ШКУнун долбоорлору, пландары жакшы иштеп жатат. Алардын катарында “Тынчтык миссиясы” деп аталган аскердик машыгуулар жана экономикалык “Бир алкак – бир жол” долбоору.

Кытай өлкөсү иштеп чыккан “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында Кытайга Борбор Азия аркылуу Европага жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат. Анын натыйжасында уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасы үчүн да чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөрү айтылып келет. ШКУга мүчө мамлекеттер жыл сайын биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүп турат. Андай машыгуулар Кыргыз жеринде да өтүүдө.

Уюмдун башкы максаттарынын бири – экономикалык алаканы чыңдоо. 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн товар жүгүртүүсүнүн суммасы 6,7 миллиард долларды түзгөн. Анын 4,7 миллиард доллары ШКУга мүчө өлкөлөргө туура келет. Бул жалпы товар жүгүртүүнүн 71 пайызы.

ШКУдагы өлкөлөр Кыргыз Республикасы үчүн негизги инвестициялык өнөктөш бойдон калууда. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2018-жылы Кытайдан кирген түз инвестициянын көлөмү 245,4 миллион долларды түзсө, Орусиядан – 154,4 миллион доллар түз инвестиция келген. Пакистандан 8,9 миллион доллар тартылган, бул 2017-жылкы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,3 эсеге көп.

БИШКЕКТЕГИ САММИТТИН АЛДЫНДА

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары 13-июнда Бишкекте кезектеги саммиттен жолугушат. Ага чейин аталган уюмдун алкагында өлкөдө саясат, экономика, коопсуздук тармактары, маданий жана гуманитардык байланыштар, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты алдыга жылдыруу боюнча министрлик жана эксперттик деңгээлдеги жыйындар өтүүдө. Жакында ШКУга мүчө мамлекеттеринин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын, коргоо министрлеринин, баңгизаттарга каршы мекемелеринин башчыларынын жолугушуулары өттү. Элдердин достугун жана маданий интеграциясын өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн жээгинде “ШКУ-Жибек жолу” эл аралык марафону болду.

2019-жылдын 17-майында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити алдында Бишкек шаарында «ШКУ: Кызматташтыктын чек араларын кеңейтүү» бизнес-форуму өткөн. Анын жүрүшүндө суммасы 3 миллиард доллар болгон 11 меморандумдарга жана инвестициялык келишимге кол коюлду. Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында кытай тарап менен 5 меморандумга жана 2 миллиард АКШ долларынан ашуун суммалык 3 келишимге кол коюшту. Эң негизгилери төмөнкүлөр:

- Алтынды кайра иштетүү заводун куруу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 500 миллион доллар) кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Орто азиялык баалуу металлдар биржасын түзүү боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 1,5 миллиард доллар) кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын ортосунда Борбор Азия кантондук жарманкесин өткөрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Курулуш материалдарынын индустриалдык паркын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Инновациялык технологияларга негизделген курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 3 миллион доллар) кызматташуу жөнүндө келишим.

Кытай менен Кыргызстандын алакасын бекемдөөдө Шанхай кызматташтык уюмунун мааниси зор. Бир нече жылдан бери “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Бул темир жол курулуп калса бардык тараптарга пайдалуу болору анык. Бул уюм келечекте экономика, соода-сатык, туризм жана маданият тармактарындагы кыргыз-кытай алакасын тереңдетип, өнүктүрүп, эки өлкөнүн достук алакасына өбөлгө болмокчу.

Алдыдагы саммитте терроризмге каршы күрөшүү менен бирге экономикалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөр орун алат. Алардын катарында ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр уланары күтүлөт.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан