СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бак арасы каткырык-күлкүлөргө, шайыр тостторго толуп, үндөр алыска сиңип кетип жатты. Ооба, Айдана үчүн аалам ажайып болчу. Туулган күнүн биринчи жолу мындай шаңдуу белгилеп жатышы эле.
– Он сегизге толгон кыз менен сүрөткө түшүп коёюн. Рустам, капа эмессиңби?- деп Айдананы ийинден ала кучактаган Кубат күлүңдөй берди. Гитарасын кыңгыратып отурган Рустам аста башын ийкеп, жылмайды.
Суу бойлоп жай басышты. “Сөз башта” дегенсип жадырай баш ийкеген Айдананы Кубат бир саамга тиктеп алды. Кыз жүрөгү селт эте түштү. Мындай таасирдүү көз караштын аркасында эмне жатканын сезе койду.
– Сага эмне болду?
– Айдана, бүгүн маанайыңды бузгум келген эмес. Бирок...
– Суранам, бузбай эле койчу. Өмүрүмдө биринчи жолу туулган күнүмдө аябай бактылуу болуп, толкунданып турам.
– Рустам үчүнбү?
Ооба дегенсип башын ийкеген Айдана суу жээгине отура кетти.
– Ал сага татыктуу эмес,- деп жиберди жүрөгү кызганычтан өрттөнгөн Кубат. Айдана көзүн жума бактылуу жылмайып турду.
– Билем. Баары айтышат. Чын эле Рустам кайда, мен кайда? Сулуу, таланттуу, атактуу композитордун жалгыз уулу кантип эле байкуш, жетим, сулуу эмес Айдананы карап калсын. Чын айттымбы? Бирок жашоодо ушундай да болот тура. Эч кимиң тең көрбөсөң да, Рустам мени сүйөт. Ошондуктан муну эч ким, эч нерсе өзгөртө албайт деп ойлойм.
– Жок, сен мени туура эмес түшүнүп алдың. Сен дүйнөдөгү эң сулуу, эң мээримдүү кызсың. Тескерисинче, сендей таза кызга Рустам тең эмес деп жатам. Билесиңби, ал... Ал деген...
Кубат кызарып, мукактанып кетти да, Айдананын билегин назик сылап жиберди.
– Куба, сен анын жакын досу эмессиңби?
– Досумун. Ошол үчүн мен аны сенден жакшыраак билем. Кеп анда деле эмес. Мен сага баары бир айтышым керек. Мен сени жакшы көрөм.
Айдана селт дей түштү. Мөлтүрөй суроолуу тигилди. Мындай таза көздөрдү кайдан көрдү эле? Деги эле мындай жанды кайдан жолуктурду эле? Айдана үн каткан жок. Жумшак алаканы менен Кубаттын жүзүнө сылай берди да, аста баш чайкады.
– Кубат, мен Рустамды сүйөм. Мени андан эч качан, эч нерсе ажырата албайт. Мүмкүн болсо, кечир,- деди да, ордунан тез туруп кетти. Чөгөлөп отурган боюнча жигит кала берди.
Кече өз нугунда өтүп жатты. Отту алоолонто жагып ырдап отурган достордон алыстаган Айдана менен Рустам кол кармаша кетип баратышты. Үн катышпай, биринин деми бирине күч берип, жылмая тиктеше коюп бара жатышты. Экөөнө сүйлөшүүнүн кажети деле жок болуп калгандай. Биринин көз ирмегенинен, кирпик какканына чейин экинчиси түшүнүп турду. Тек бакытка мас болуп, ошол аярлаган ыйык нерсесин эл көзүнөн сактаганга шерттешкендей алыстап кетишти.
– Токтосоң, менин сага белегим бар,- деди Рустам энтиге.
– Рустам Иманович, сиздин беле­гиңиз көпкө күттүрдү го,- деди Айдана шоктоно.
– Анткени меники өзгөчө белек. Мындай белекти сага эч ким, эч качан берген эмес, бербейт дагы.
Рустам Айдананын көзүн жумдуруп коюп, тизелеп отура калды да, тамашалуу үн менен сүйлөй баштады.
– Айдана, ушул күндөн баштап сага өзүмдүн жүрөгүмдү тартуу кылам. Сени өмүр бою сүйүүгө, сага камкор күйөө болууга, балдарыңдын атасы болууга уруксат бер. Сенин мага турмушка чыгышыңды көптөн көп суранып турам.
Айдана бырс күлүп жиберди.
– Тур эми...
– Макул болмоюнча турбайм.
– Менден сурабай деле койсоң болот. Макул экенимди өзүң билесиң да.
Рустам чөнтөгүнөн алтын чынжырча алып чыгып, Айдананын моюнуна такты.
– Жоготпой урун. Анткени мен кызга биринчи жолу белек беришим. Ал эми шакегин биз үйлөнгөн күнү аласың. Баса, ушул концертти бергенден кийин баш кошсок деп ойлоп жатам.
– Ой, бир айдан кийин элеби?
– Андан кийин мен фестивалга даярданам. Убактыбыз тартыш болуп калат. Апам менен да кеңешип, чечип койдум.
Айдана чынжырды кармалап туруп, Рустамдын мойнуна асылды.
– Мен кандай бактылуумун?!- деди ысык шыбырап.

ххх

Айша көз айнегин таппай жаткан Иманга күлүмсүрөп карап турду да, текчеде турган көз айнегин алперди.
– Карып бараткан окшойсуң, Иман. Жанатан бери карап турсам, кайсалап эле таппай жатасың.
– Рахмат.
Ар дайым тамашага тамаша менен жооп берчү күйөөсү бурк этип отуруп калганына таң кала түштү.
– Эмне болду?
– Эмне болсун. Жанагы Алым деген неме айламды кетирди. Рустамдын концертин өткөрөбүз деп эле оозун көптүрүп жүрөт. Уулуң болсо...
– Иман, Рустам кичине эмес. Өзүнө-өзү жооп бере ала турган абалда. Анын үстүнө жакында үйлөнөм деп жатат.
Имандын кашы жыйрыла көз айнектин үстүнөн тиктеп калды.
– Та-ак, кимге үйлөнөт экен?
– Айданага!
Бүркөлүп турган кабагы жайыла түшкөн Иман жайдарылана кетти.
– Туура кылат. Айдана аябай жакшы кыз. Байбиче, балаңдын аркасынан ээрчиген кыздарды көрсөң... Мен да ошолордун бириби деп ойлоп кеттим.
– Сизди тарткан да,- деп тамашага чала сүйлөдү Айша.
– Качан үйлөнөм дейт?
– «Концертимди ийгиликтүү берип алсам эле тойго камына берсек болот» деп айтты. Кантсе да ага чейин кам-чомумду көрө берет окшойм.
– Ошент, чоң той кылабыз. Экөө тең чыгармачыл адамдар, анын үстүнө жаш. Балдарын экөөбүз багып берели, ээ, байбиче.
Өзүнчө кубанып алган Иманды көрүп Айша «тим эле аябай сүйүнүп алганын кара мунун. Уулум кабыл алат бекен деп ойлонуп койбой, бапыраңдап кеткенин кара. Ошол күнү тойго келтирбей коюп, шагыңды сындырабы деп турам?!» деп ичинен сызып жатты. Иман аны деле байкаган жок. Кыялдана өзүнчө сүйлөнө берди.
– Айт уулуңа. Азыр жаш кезде эч нерсеге алаксыбай иштеп алсын. А үй-бүлөсүн экөөбүз эле багып турганга алыбыз жетет. Чындыгында эле Рустамдын таланты чоң.
– Койсоңчу, азыркылар баласын чоң ата-чоң энеге бербей эле өздөрү чоңойтушат.
Уулунун кубанычына ортоктош болгон экөө кубанып жатышты.
Ушул учурда Айнуранын башынан ойго келбеген окуялар өтүп жаткан. Эртең менен козудай так секирип сергек жүрчү кыз кийинки учурларда көп уктап, ыкшоо тартып кеткенин алгач апасы байкады.
– Айнура, кызым, сабагыңдан кечигесиң. Эмне эле көп уктап калгансың?- деп бөлмөсүнө баш багып калды.
Уйкудагы кызын эркелете саамайына сылай, эне кобуранып жатты.
– Эркем, эртең бирөөнүн үйүнө келин болуп барасың. Ушинтип уктап жатсаң ким сени жакшы көрөт? Баса, эмнегедир Рустам биздин үйгө көп келбей калды. Экөөң урушуп кетпедиңерби?
Айнуранын жаралуу жүрөгү бул сөздү угары менен тыз этип кетти. «Кызык, мурун Рустамды сүйүнүү менен эстечү элем. Азыр эстесем эле жүрөгүм ооручу болду» деп койду өзүнө-өзү таң кала. Ошол замат ордунан тура калды.
– Апа, мен кечигип калдым. Тез кофе даярдай салыңыз.
– Рустамга жолуксаң «апам сенин ийгиликтериңе аябай кубанууда» деп айтып кой, макулбу?- деп кыйкырды ашкананын ичинде күйпөлөктөгөн апа.
Бирок Айнура аны уккан жок. Тез сумкасын ийинине асына салып, чуркап жөнөдү.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан