Эмне үчүн жөө басуу зарыл? Эмне үчүн буттар шишийт? Кан тамырларда варикозду пайда кылган себептер тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын алдындагы дарылоо-ден соолукту чыңдоо клиникалык ооруканасынын хирургу Эрмек Исмаилов айтып берет.
– Адамдын жүрөгү кол-бутка, дегеле жалпы денеге кан келип турушун камсыздайт. Жүрөк булчуңу жыйрылып канды буттарга жеткирип турат. Бирок жүрөк булчуңу канды кайра жүрөккө жеткиргенге күчү жетпейт. Бул учурда эмне кылуу керек? Жообу эң жөнөкөй – жөө басуу керек. Анткени жүрөк кан тамыр насосунун жана жүрөккө кан жеткирүү үчүн ачылган тамырлардагы клапандардын жардамы менен кан кайра өйдө көтөрүлөт. Балтырдагы булчуңдар чыңалган маалда жерге тартылуу күчү менен кан ылдыйга аккысы келет, бирок ошол айтылып жаткан клапандар канды жылдырбай кармап турат. Башкача айтканда, эгер адам аз басса кан кечке чейин буттарда кармалып калат. Мына ушундан улам кан тамырларда варикоз пайда болуп, «салам» айтып баштайт.
Шиш такаларчы? Шиш така балтыр булчуңдарынын кыймылын азайтат. Ошондуктан шиш така бутту сулуу көрсөткөнү менен, бутту шишитип оору жаратат.