СОРГО – ПАЙДАЛУУ ӨСҮМДҮК

Соргонун латынча аталышы – Sorghum. Кыргыздар “конок” деп да аташат. Мекени – Түндүк-Чыгыш Африка. Азия, Африка, Америка, Европа, Австралияда бардыгы болуп 70ке жакын түрү өстүрүлөт. Араларында бир жана көп жылдыктары бар. Биз үй шыпырып жүргөн шыпыргылар да соргонун түрүнө кирет.

Соргону эң көп өстүрүүчү өлкөлөр болуп АКШ, Нигерия, Судан, Мексика, Эфиопия, Индия эсептелет. Соргону кадимки жүгөрүдөй кылып багып-өстүрүүгө болот. Кургакчылыкка чыдамдуу. Пайдаланышына карап сорго дан, силос, кант, чөп жана шыпыргы түрү деп бөлүнөт. Мисалы, дүйнө боюнча 2016-жылы 63,9 миллион тонна сорго жыйналган. Тамак-аш өнөр жайында дан жана кант соргосунун уругу (даны) колдонулат.

Дан соргосунан ун, крахмал, акшак алынат. Сыра, спирт ичимдиктерин жасоодо пайдаланылат. Малга мыкты тоют да болуп берет. Кант соргосу сироп, таттууларды (анын ичинде повидло), спирт ичимдиктерин, жасоодо колдонулат. Андыктан кант кызылчасы менен тең тайлаша алат.

Мунун 100 грамм данында 15 пайыз протеин, 70 пайыз көмүртек, 4 пайыз май жана башка заттар бар. Курамы өз ичине кальций, фосфор, магний, темир, селен, цинкти, B тобундагы витаминдерди камтыйт. Соргонун ден соолукка пайдасы көп. Мисалы, мээнин, булчуңдардын иштешин жана теринин абалын жакшыртат, зат алмашууну калыптандырат, организмде амин кычкылдарынын, май кычкылдарынын, протеиндердин синтезделишин ылдамдатат.

Соргонун даны сыртынан ачуу кабыкча менен корголгон. Тамак-ашка колдонордо түнү менен сууга чылап койсо ачуусу чыгат, анан аны бир нече сыйра таза сууга чайкоо керек. Сорго унунан ботко, нан, суусундуктарды жасап, суюк жана коюу тамактарга кошушат. Соргодо клейковина заты жок, андыктан нан бышыруу үчүн ага буудай унун кошушат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан