Европа өлкөлөрүнүн футбол боюнча чемпиондуктары жыйынтыкталып, "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси быйылкы сезондо эң көп гол жаратты. Ал 34 оюнда 36 гол жараткан 2019-жылдагы "Алтын бутса" сыйлыгын жеңип алды.
Бул жылкы сыйлык Лионель Месси үчүн алтынчысы болду. Буга чейин ал 2010, 2012, 2013, 2017 жана 2018-жылдары "Алтын бутсага" ээ болгон.2-орунду 33 голу менен ПСЖ клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе ээлесе, 3-орунду 26 гол жараткан "Сампдориянын" оюнчусу Фабио Квальярелла алды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg