АЖЫДААР-ТАШ МАЗАРЫ

МАЗАРДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ

Ажыдаар-Таш мазары Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын борборунан түштүктү карай 1-1,6 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тоо жакта, жолдун оң тарабындагы дөңсөөнүн боорунан орун алган. Мазардан 20 метрлик аралыкта айтылуу Күркүрөө суусу агат. Мазардын түрү – таш. Таштын көлөмү 1,5-2 метрлик өлчөмдө, ортосу оюк. Ичине кар, жамгыр суусу толуп, жыл мезгилине жараша суу өңүн өзгөртүп турат. Ушул суу менен жуунса тери оорулары (котур, чакалай, диатез, сөөл, жара) сен көр, мен көр айыгат дешет көк-сайлыктар. Ажыдаар-Таштын тегерек белинен чоң-чоң таштарды көрүүгө болот.

УЛАМЫШ

Илгери Күркүрөө суусунун боюндагы Жийделини (азыркы Сары-Үңкүр) бир ажыдаар мекендеп жашайт. Жол боюндагы ташты үй кылып алган. Ажыдаар ары өткөн, бери өткөн малды, адамдарды жутуп, тамактанат. Ушундан улам элдин үрөйү учуп, тоодон жакага, жакадан тоого каттай албай азап тартат. Ажыдаар күн өткөн сайын чоңоё баштайт. Бул желмогузду өлтүрүп, элди азаптан куткарар эр жигит чыкпайт. Андыктан бир ирет аксакалдар элди жыйып, “бул балээден бизди куткарар жигит барбы?” дейт. Ошондо Чокон деген баатырдын кичүү уулу Өтө чыгат. Чокон баатыр убагында эр сайышка чыгып, алдына эч кимди чыгарбаган жан болсо, эми бели эңкейип карылыктын доорунда эле. Ак сакалдуу Теңир карыя Өтөгө ак батасын берип, “ажыдаарды өлтүрүп, аман кел” деп дуба кылат. Өтө кечкисин сөз бекитишип жүргөн сүйгөнү Дилдежанга барып жолугуп, коштошот. Эртеси аттанарда атасы “мен эр урушкабы, жоого аттангандабы, дайыма ушул алтын шакек манжамда жүрүп, мага күч берип, жеңиштерге жетчүмүн. Ушул шакекти тагынып кет, сага күч берип, колдосун” дейт. Абдан жаш, өткүр Өтө өзүн эмне күтүп турганын сезбей күлүк атына минип, кылычын курчанып аттанып кетет. Бирок ошо менен канча күн өтсө да андан дайын угулбай, эл Өтөдөн түңүлүп, Чокон баатыр аза күтөт. Кыздардан чыккан баатыр Дилдежан эч кимге билгизбей бир күнү аң уулоого кийчү кийимин кийип, түндө чыгып кетет. Барып ажыдаар жаткан жердин бет маңдайындагы тоонун кырына чоң ташты көтөрүп келип коёт. Желмогуз келгиче ошол ташка жашынып отурат. Түш оогондо баягы ажыдаар сойлоп келип, ордуна жатат. Башын таштын үстүнө коюп, уйкуга кетет.

Катуу уктап калган кезде Дилдежан жашынган жеринен чыгып, жаасын мээлеп атат. Ууланган жебе ажыдаардын башына тиет. Ордунан көккө атырылган желмогуз оозунан от бүркүп, кайра жерге кулайт. Чытырман Жийдели токою өрттөнүп жок болот. Дилдежан сулап жаткан ажыдаардын ичин жарып жиберет. Жутуп койгон Өтөдөн эч нерсе жок. Бир гана атасы берген шакек менен аны таккан манжасы бүтүн калыптыр. Алтын шакекти чыпалагы менен алып Дилдежан элге кайтат. Сүйүнгөн эл кызды шаттанып тосуп алат. Бирок көп өтпөй ашыгынан ажыраган кыз сүйүүнүн күйүтүнөн жер кезип кетет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
lightning57
2019-06-03 12:54:13
Уламышы укмушго
-4
jalgyzym...
2019-06-03 16:57:22
lightning57,хаха жомок болуп кетиптирго
-4
Shahrizaada
2019-06-04 01:14:32
Астафыралла, Таластыктар аябай азап тартып, запкы жеген экен да.))Дилдежанга данк!
-1
MegamozG_91
2019-06-04 03:27:26
Тооба кылдым, шакек адамды колдойт имиш.Шерменде шакеке сыйынга коомго
-6
saza20
2019-06-04 11:37:41
Бул уламыш. Элдин баары Аллага эле сыйынат. Жаман пикир калтылбагыла. Кыргыз элинде, жеринде толо уламыштар бар. Сыймыктаналы! Мага жакты, Рахмат.
+5
aslan_akjol89
2019-06-04 17:12:48
Мультик коргондой болдум кыскасы.
+3
aza84
2019-06-04 21:21:07
Бул уламыш
-1
argen1991
2019-06-06 14:06:17
Кандай болгон кундода кызыктуу экен
0
Abduu9-4
2019-06-07 21:14:17
Жакшы,соонун мультик экен.)
0
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан