ЖАЙЛООДОН ЧУМА ООРУСУН ЖУКТУРУП АЛУУДАН САКТАНЫҢЫЗ!

«Чума – курч мүнөздө өтүүчү жугуштуу, коркунучтуу оору. Бул оору кемирүүчүлөрдөн, өзгөчө жайлоолордон жугат. Ушул себептүү чумадан сактануу жолдорун билүү керек»,- дейт Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемологу Кубанычбек Бектурдиев.

ИЛДЕТТИ БҮРГӨ ЖАНА КЕНЕ ТАРАТАТ
– Табигый шартта чума оорусу (элде кара тумоо деп да айтылат) менен кемирүүчүлөр: суур, сары чычкан, талаа чычканы, кош аяк, келемиш ооруйт. Булардан тышкары түлкү, ач күсөн, суусар, коён, төө да ооруй тургандыгы белгилүү. Адамдарга, жаныбарларга, анын ичинде үй жаныбарларына чуманын козгогучтары (микробдору) бүргө жана кене аркылуу жугат. Учурда жайлоолорго эс алганы, кыдырып жер көргөнү барып жаткандар көп. Жайлоодо малын жайлатып жүргөндөр, аңчылыкка чыккандар, туристтер да бар. Андыктан чуманы алып жүргөн кемирүүчүлөрдөн, алардын микробдору жуккан жерлерден мал, адам ооруну жугузуп алуу коркунучу чоң. Чуманын коркунучун ушундан билиңиз, 1348-1966-жылдары Европада бул дарттан 25 миллион адам өлгөн. Кыргызстанда акыркы ирет 2013-жылы Ак-Суу районунун Оттук жылгасында катталып, илдеттен 1 адам каза болгон.
Кыргызстанда чуманын табигый очоктору жайгашкан жерлер: Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнү, Алай өрөөнү, Сырт өрөөнү (Жети-Өгүз, Ак-Суу), Талас өрөөнү (Кара-Буура, Бакай-Ата району). Бул аймактар Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянтынын 16,3 пайызын ээлейт.
Оорунун очогу жайгашкан жерлер кышкысын кыштоо, жайкысын жайлоо болгону үчүн да коркунучтуу. Өзгөчө ооруну малчылар, геологдор, туристтер, жол куруучулар, эс алуучулар жуктуруп алуулары ыктымал. Андыктан түлкү, коён, суурга аңчылыкка чыгуу, аларды кызыгып кармалоо, терисин сыйруу, этин жеш да коркунучтуу.
Келемиштин бүргөлөрү болжол менен 50 күн, сары чычкандын бүргөлөрү 200 күн, суурдун бүргөлөрү 350 күнгө дейре жашайт. Бул аралыкта алар көптөгөн адамдарга, жаныбарларга чуманы жугузуп жетишүүлөрү мүмкүн.

ООРУ АДАМДАРГА 3 ЖОЛ МЕНЕН ЖУГАТ

  • Трансмиссия жолу менен (кемирүүчүлөрдүн жүнүндө жашаган бүргө аркылуу). Бүргө оорулуу жаныбарды чагып, ооруну өзүнө жугузат. Мындай бүргө чаккан адам да, үй жаныбары да, кемирүүчүлөр да ооруп башташат.
  • Контакттык жол менен. Оорулуу же өлгөн жаныбарды союп, терисин сыйрып жатканда адам ооруну терисиндеги кесилген же тытылган жери аркылуу жугузуп алат.
  • Аба аркылуу. Илдет өпкөдөн кармаган учурда оорулуу адамдын чүчкүрүгү, какырыгы жана шилекейи аркылуу жугат.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Оору жуккандан 2-6 күн дегенде оору белгилери пайда болот. Белгилери: адамдын дене табы 38-40 градуска чейин көтөрүлөт, башы катуу ооруйт, бети албырып, шишийт, көздүн агы кызарат, тил ак кебер менен капталат. Оорулуу мас кишиге окшоп, темтеңдеп басып калат. Колтугундагы жана жука чурайындагы, моюнундагы бездер чоңоёт жана оорутат. Жөтөл пайда болот, оорунун козгогучу какырык аркылуу чөйрөгө тарай баштайт. Оорулуу менен байланышта болгондорго оору жугуп, алар да ооруп башташат. Тезинен медициналык жардам берилбесе оорулуу 2-4 күн ичинде каза болуп калат.
Оорулууга «Тез жардам» же врач келгенге чейин ооруган адамды өзүнчө бөлмөгө жаткырып, эшик, терезесин жабуу керек. Үстүнө эч ким кирбөөгө жана ал бөлмөдөн сыртка эч нерсе алып чыгууга болбойт.
Жайлоого барууну алдын ала пландагандар жана чума очоктору жайгашкан жайлоолорду жайлаган малчылар жазында март-апрелде чумага каршы вакцина сайдыруулары керек. Ал кезде сайдырбай калгандар, жогоруда айткандай, суур, коён, түлкү дегендерге аңчылыкка чыгуудан кармануулары керек. Кене жана бүргөлөрдүн чагуусунан сактанып бышык, жабык кийимдерди кийип жүрүүлөрү талапка ылайык. Туристтер, эс алуучулар биздин борборго кайрылып, чуманын очокторун айланып өтүүчү маршруттарды чийдирип алуулары зарыл.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан