АКЫРКЫ АДАМ-ЖАПАЙЫНЫН АРЗУУСУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бир күнү алматтардын эки аксакалы токой ээсинин үйүнө атайын бастырып келишти. Аны-муну сүйлөшүп отуруп, акыры келгендердин бири:
– Cизди «жапайы адамды кармап алыптыр» деп уктук, таксыр,- деди.
– Укканыңыз туура. Жараткандын ырыскысы да.
– Жок, таксыр, алар да табияттын бир жандыгы, сиз аны коё беришиңиз керек.
– Мен аны коё бербейм, атайын аңдып жүрүп колго түшүрдүм.
– Эмне кыламын деп ойлойсуз?
– Өзүм билем!
– Өзүңүз билгенде болбойт, таксыр, мунун куну оор болот.
– Оорбу, жеңилби, өзүм тартам. Силер да ушул жапайы адамдай эле жапайы экенсиңер. Көп башты оорутпай, келген жолуңарга түшкүлө!
Ошентип, тигилердин суранычына токой ээси көнбөдү. Аларды сөгүп-сагып, ит талагандай кылып айылынан кууп чыкты.

ххх

Акыры бир күнү адам-жапайы багып жаткан алматтардын айтылуу аңчысы эсин жыйды. Жанында эки эмчеги салаңдаган, дене-боюн түк баскан, көзү чанагына кирген сөөк-саактуу жаныбардын турганын көрдү. Аюубу деди, окшобойт. Аюулардын далайына аңчылык кылып, далайын күрөшүп жыгып, териси менен этин олжо кылган. Алар адамдан качат же баса калып уйпалап таштайт. Минтип адамдын жүзүнө колун басып, суу ичирип отурбайт.
Мергендин оюна кайдагы бир уккан жомок сыяктуу баян келе калбаспы.
Ал уламышта эбак оңко түшүргөн, мээлегенин жаза кетирбеген мерген жигит болору айтылат. Ошол жигиттин ашкере чыйрактыгы, адам суктанарлык сулуулугу, көзгө атарлыгы бар экен. Кайберен кууп барбаган тоосу, чыкпаган чокусу калбаптыр.
Бир жолу борчук таштын арасында капыстан бутун сындырып алат. Же өйдөгө чыга албай же ылдый түшө албай, аскалардын ортосундагы жайыкта туруп калат. Сыныгы ырбап, таңып коёр дарысы аягына чыгат. Ошондо кайберендин каргышы анын кулагына жаңырат:
– Бириң экиге уланбасын, уругуң узарбасын! Мылтык-сылтыгың менен ташка жабышып катып кал! Куткарар адам чыкпай, алдыңдан айбан чыксын! Ал сени тытып жесин. Сөөгүң элиңе жетпесин, сөзүңдү шамалдан башка укпай калсын, ылайым!
Ошентип, ал мергендин кулагына каргыш жаңырып, жалама зоокалардын арасында бир канча күн кечирет. Как эткен карга, кук эткен кузгун, шырп эткен чычкан көрүнбөйт.
Бир күнү эле көзүн ачса, алды жакта бир кыз келатат. Өңүмбү, түшүмбү деп кайра-кайра көзүн ачып-жумат. Чын эле – кыз. Болгондо да майда өрүм чачтары желкесин жаап, өңү-түсү келишкен кыз. “Бул кыз кийик гана жүргөн жерге кайдан келди?” деп ойлонот жигит. Ойлонгондо эмне, ага караан болор, бүгүн-эртең өлүп калса көөмп коёр адам табылса болгону эмеспи.
Кыз жигитти айланчыктап, кетпей коёт. Биринин тилин бири билбейт. Бирок кайдан-жайдан алып келет, айтор, кыз сүт, дары чөп, эт, жылуу кийим таап келет. Түнү да кетпейт. Буттарына ар кандай чөптөрдү жаап, майларды сүйкөп, мергендин сынган жериндеги жараатты соруп түкүрөт. Кайдандыр бир жерден баткактарды алып келип сыйпайт. Ошентип, мерген түзөлүп кетет. Өңүнө чыгат, аз-аздан кубат кирет.
Бул жердин бийиктиги ушунчалык, жылдыздарга кол узатсаң кармап алгыдайсың. Түнкүсүн өзгөчө ажайып. Бажырайып жылдыздар чыкканда экөө жылдыздардын кучагында калышат.
– Тээ тиги менин жылдызым,- дейт жигит. Кыз түшүнбөйт.
– Менин айылым кайда калды болду экен?- дейт жигит. Кыз дале эч нерсе түшүнбөйт.
– Сенин тилиң жокпу?- деп таң кала карайт жигит. Кыз унчукпайт.
Акыры экөө ымдашып жүрүп, бири-бирине айтар оюн болжол­доп түшүнгөнгө же­­ти­шишет.
Айлар өтүп, жанагы кыз эми келишкен чырайлуу келинге айланып, мергенге боюнда бар экенин билдирет.
Акыры жигит толук айыкты. Кыз кай жакка барбасын, мергенди өзү менен эч жакка ээрчитпейт. Бир күнү мерген артынан аңдып бир топ жерге дейре барат. Барганы менен урчуктуу аскалардын арасынан өтө албай туруп калат. Ошол кезде тээ төмөндөн бир дөбө отун жылып келатканын көрүп таң калат. “Мындай отунду көтөрүп келаткан кандай неме болду экен?” деп таң калат. Кайра ордуна келип жатса, аялы келип, отун алып келгенин кабарлайт. Ошондо жигит жанагынча отунду аялы алып келгенин жана анын соо жан эмес экенин боолголойт. Бир күнү дагы аңдып артынан барса, аялы отун жарып жатыптыр. Караса, тырмактары жапайы адамдыкындай өскүлөң, көзүнөн чаар чыгат. Ошондо гана мерген жигит кимге үйлөнүп алганын толук аңдайт. Бул сулуу кыз болуп кубулган албарсты же жапайы адам дейт оюнда.
Аска ичиндеги ажайып түн­дөрдүн биринде кош бойлуу жарын таштап качып жөнөйт. Аялы билип, артынан кууп отурат. Ал мергенге жакындап калганда жигит тээ төмөнкү аска тарапка жүгүрөт.
– Ал жолго түшпө, ал жол менен барсаң өлөсүң! Кайт артыңа, мен сага башка жол көрсөтөм!
Келинчеги көзүнүн жашын он талаа кылып боздоп, чачын жулуп, чыңырат. Бирок жигит жарынын сөзүн укпай кете берет. Айткандай эле көп узабай мерген аскадан кулап өлөт. Кийин убагы жетип, баягы келин көз жарат. Көз жашын көлдөтүп, ымыркайына уйдун сүтүн таап келип багат, сары май оозантат. Сүттү тээ алыстагы адамдар жашаган айылдын чет-жакасында аркандалган уйлардан саап келсе, сары майды аңдып отуруп айыл четиндеги үйдөн уурдай качкан. Баласын ошентип торолтот. Айыл четиндеги үйлөрдүн кермесинде жайылып турган ымыркайлардын кийимин уурдап келип, аны баласына кийгизет. Бир күнү ал чүрпөсүн, боор этинен чыккан наристесин түн ичинде айылдын үстүнө алып келет да:
– Сен ушундан кийин ушул адамдар менен жаша! Сенин атаң адам баласы болгон, сен да адам баласысың!- деп күйөөсүнөн айрылганга бир арман кылып, баласынан айрылганга жаны сыздап, өзү кайра аскалар тарапка чыгып кетет.
Ошол чүрпөдөн алмат уруусу тарайт. Бул уруунун кишилери азырга чейин чыйрак, суукка чыдамдуу, тоого жакын.
Жанагы алматтар, жети үйлүү айыл эли, алардын ушул жарадар мергени да ошол тукумдан тараганбыз дешет.

ххх

Айыл тарапка өзүнчө эле бир дөбө жылып келаткансыйт. Улам берилеген сайын дөбө сезилген нерсе отун, аны болсо бирөө көтөрүп келаткандыгы билинет. Күн сайын айылга ушундай бир дөбө жылып келип, ал дөбө кулаганда гана алдынан адам баласы көрүнөт. Айылдыктар бул көрүнүшкө жадеп көнүп калышкан. Жылып келаткан дөбөнү көргөндө эле отунчу келатат дешет. Отунчу дешкендери кыз. Анын кыз экенин дале эч ким элес албайт. Жөн гана аты жок немедей отунчу атаганга көнүшкөн.
Туулгандан отун ташып, көмүр өчүргөндөн башка иши жоктой бул кыз бирөөлөр менен ачылып сүйлөшпөйт. Анан калса кулагында да бир кыйла мандеми бар, көп сөздү укпай калат, укса да көбүн түшүнө бербейт. Кыздын тили да кекеч, ошондонбу, анын бул айылда бар экенин, жашап жатканын дале эч ким этибарга албайт. Ашка-тойго чакырылбайт. Отундан колу бошогон учурда кимдир бирөөлөр ээрчитип алса барат да, эч кимге кошулбай четке отуруп алат.

Тойчубай Анаркулов

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан