«Ливерпуль» быйылкы сезондогу шумдуктуу оюну менен Чемпиондор Лигасын жеңип тынды. Европаны дүрбөткөн легендарлык клуб менен жакыныраак таанышып алуу ашыктык кылбайт. Клубдун тарыхындагы урунттуу учурларга көз жүгүртөбүз...
Негизделген жылы – 1892-жыл
Стадиону – «Энфилд»
Жетишкендиктери – 18 жолку Англия чемпиону, 7 жолку Англия Кубогунун ээси, 6 жолку Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү, 3 жолу УЕФА Кубогун жеңген.
Машыктыруучусу – Юрген Клопп
Каймана аты – Кызылдар
ФУТБОЛДОГУ АДИЛЕТТҮҮЛҮК
Мадрид шаарында орун алган финалдык оюнду «Ливерпуль» жеңе албай калса футболдогу адилеттүүлүктүн жоктугу жөнүндө сөз байма-бай айтылат эле. Юрген Клопптун 3 жылдык аракети текке кетмек. Ал акыркы 3 жыл бою «Ливерпулду» еврокубоктордун финалына алып чыгып келген, ийгилик үчүнчүсүндө гана жылмайды.
«Тоттенхэм» менен болгон оюн күйөрмандар үчүн анчейин кызыктуу болбогону менен, жогорку чыңалууда өтүүсү боюнча суроолор жаралган жок. Бул оюнда чабуулчуларга караганда коргоочулар мыкты болду. Өткөн жылдагы финалда жаракат алып калган Мо Салах бул жолу гол киргизе алды. Калган мүнөттөрдө Ван Дейк өз дарбаза жагына эч кимди өткөргөн жок.
Муну менен «Ливерпуль» өз тарыхында алтынчы ирет Чемпиондор Лигасын жеңип отурат. Алдыда «Милан» (7 жолу жеңген) жана «Реал» (13 жолу) гана турат.
ТАЛАШТАН ТҮЗҮЛГӨН КОМАНДА
Англиянын Ливерпуль шаарында алгач 1878-жылы «Эвертон» деген клуб түзүлгөн. Ал клуб түзүлгөндөн 10 жыл өтпөй аталган клубдун президенти «Энфилд» жер тилкесинин ээси Жон Хоулдинг менен пикир келишпестик келип чыгат. Бул чырдын соңунда «Эвертон» башка стадионго көчүп, Хоулдинг жаңы футбол клубун негиздейт. Ошентип, 1892-жылдын июнь айында «Ливерпуль» аттуу клуб «жарыкка келет».
Дүйнөлүк экинчи согуш жылдарына чейин «Ливерпуль» Англиядагы орто командалардын катарын толуктап келген. Бирок ал аралыкта 4 жолу Англиянын чемпиондугун багындырган. Бул жылдары көбүнесе «Эвертон» менен атаандаштык күч эле. Бир шаардан чыккан эки клуб бүтүндөй бир шаарды экиге бөлүп коёр эле... Бири көк, бири кызылдар (эки клубдун кийген формалары ушундай). Чындыгында шаар азыркыга чейин деле ушинтип бөлүнөт...
ЛЕГЕНДАГА АЙЛАНУУ
1959-жылга чейин клубдун көрсөткүчтөрү көңүл жылытарлык болбой, Билл Шенкли аттуу шотланддык машыктыруучу дайындалат. Ал команданы жеңиш жолуна салып, 2 жолу чемпиондукту жана УЕФА Кубогун утуп алат. 1973-жылы Шенкли «Ливерпулду» өзүнүн жардамчысы Боб Пейслиге табыштайт.
Пейсли «Ливерпулду» жаңы деңгээлге көтөрүп чыккан. Ал башкарган жылдары «Ливерпуль» жалпы 19 кубок утат. Ошондой эле 3 жолу Чемпиондор Лигасын жеңип, 1980-жылдары Европаны дүңгүрөтөт. 1970-жылга чейин Ливерпулдан чыккан «Битлз» дүйнөнү багындырса, арадан он жыл өтпөй «Ливерпуль» легендарлык клубга айланат.
90-жылга чейин «Ливерпулга» Англияда эч атаандаш чыга алган эмес. 1990-жылга дейре жалпы 18 жолу чемпиондукту багындырат. Бирок ошондон бери дээрлик 30 жыл бою чемпиондукту көрбөйбүз десе, эч бир күйөрман ишенмек эмес...
«АЛТЫН ТОП» АЛГАН «АЛТЫН БАЛАКАЙ»
«Ливерпуль» бир кылымдан ашык тарыхында бир катар мыкты футболчуларды тарбиялап, өз катарында ойнотуп келген. Бирок алардын арасынан бирөө гана «Алтын топко» ээ боло алган. «Ливерпулдан» чыккан «алтын балакайдын» аты-жөнү – Майкл Оуэн.
17 жашында клуб менен келишим түзгөн Оуэн дээрлик он жыл бою «Ливерпулдун» башкы чабуулчусу болгон. Клуб үчүн жалпы 216 оюнда 118 гол жараткан.
2001-жылы Оуэн мерсисайддык команданын Англия Кубогун, Англия Лига кубогун жана УЕФА Кубогун жеңүүсүнө салым кошот. Ошол жылы жылдызы жанып, жылдын мыкты футболчусу катары «Алтын топко» ээ болот. «Ливерпулдун» тарыхында ушул күнгө чейин бир гана Оуэн мындай сыйлыкка ээ. Бирок ушул жылы бул катар толукталып калышы толук мүмкүн...
«ЭНФИЛД». КҮЙӨРМАНДАР ЖАНА СЫЙКЫР
«Кызылдардын» башка клубдардан айырмасы дароо сезилет. Стадионунан тарта күйөрмандарына чейин. «Энфилд» стадионунда сыйкырдуу күч бардай туюлат. Анткени көптөгөн футболчулар ушуну айтышат жана арга жок утулуп бара жаткан маалда дагы «Ливерпуль» жеңишке жетишип кеткен учурлар кайталанат. Бул күйөрмандардын колдоосу.
2005-жылдагы Чемпиондор Лигасын жеңип алуу да күйөрмандардын колдоосунан башталган. Финалда 1-таймда 0:3 менен утулуп жатса да, оюндун жыйынтыгы «кызылдар» тарапта болгон.
Ошондой эле быйылкы жылдагы «Барселона» менен камбэк да жөн жерден болгон жок. «Сен эч качан жалгыз калбайсың» («You'll never walk alone») деген «Ливерпулдун» гимнин күйөрмандар созгондо футболчулар эрдик жасаганга даяр болуп чыга келишет...
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg