МЕЗГИЛ СЫНЫНАН ӨТКӨН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ АЛАКАСЫ

Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алгандан кийин эл аралык мамилелерди өз алдынча жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бүгүн Кыргыз Республикасы өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эсепке алып чет мамлекеттер менен тең укуктуу жана ар тараптуу саясат жүргүзүүгө аракет кылып келет. Алардын ичинен Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилени бекемдөө, өнүктүрүү Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясатындагы артыкчылык берилген багыттардын бири.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МАМИЛЕСИ
1992-жылдын 5-январында Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлгөн.
Эки өлкө ортосундагы мамлекеттик чек аранын аралыгы – 858 чакырым.
Учурдагы Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси – Ду Дэвэнь
Учурдагы Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси – Канайым Бактыгулова

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МАМИЛЕСИНИН ЖАҢЫ ЭТАБЫ
Кытай – Кыргыз өлкөсүнүн эң приоритеттүү өнөктөштөрүнүн бири. Эзелтеден бери эки өлкөнү Улуу Жибек Жолунун алкагындагы карым-катыш байланыштырып келген. Байыркы замандарда негизделген эки элдин ортосундагы достук жана кошуналык салттар азыркы кездеги кыргыз-кытай мамилелеринин бекем пайдубалы болуп саналат. Ал эми бул мамилелер биздин өлкө эгемендүүлүк алган соң жаңы тепкичке көтөрүлдү.
Кытай Эл Республикасы 1991-жылы 27-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгын тааныган. Ал эми 1992-жылдын 5-январында Бишкекте Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен макулдашууга кол коюлган. Дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн бери эки өлкөнүн ортосундагы чек ара, аскер маселелери чечилип, саясий, соода-сатык, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктар жаңы деңгээлге чыкты.
Дипломатиялык келишим түзүлгөндөн кийинки 27 жыл ичинде Кытай менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда өкмөттөр жана ведомстволор аралык 100гө жакын келишим жана макулдашууларга кол коюлду. Алардын ичинде соода, туризм, билим, илим, саламаттыкты сактоо, укуктук жардам, аба жана унаа каттамдары жана башка тармактардагы макулдашуулар бар.

КЫЗМАТТАШТЫК ТУУРАЛУУ РАСМИЙ ДОКУМЕНТТЕР
Учурда Кыргыз-Кытай ортосунда түшүнбөстүк, карама-каршылык же кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдук кылган эч кандай маселе жок. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн тарта эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо үчүн атайын документтер кабыл алынган. Алсак, 2002-жылы 24-июлда “Достук, коңшулук жана кызматташтык” келишиминин кабыл алынышы. Ал келишим жаңы доордогу кыргыз-кытай мамилелерин туруктуу өнүктүрүүнүн жалпы максаттарын жана багытын аныктап, эки тараптуу кызматташуунун бекем пайдубалын тургузду.
2013-жылдын 11-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келген. Ал сапардын алкагында “Стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасы биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бул документте кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттары жана келечектүү багыттары белгиленип, аныкталган.
2018-жылдын июнь айында Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен барып, Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин саммитине катышты. Саммитте кытай тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалыгынын мөөнөтү (2017-2018) аяктап, Төрагалык Кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген. Жакынкы күндөрү Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке расмий иш сапары менен келери күтүлүүдө. Албетте, бул иш сапар эки өлкөнүн мамилесин дагы жаңы бийиктикке чыгарары анык.

ИРИ ДОЛБООРЛОРГО КӨМӨКЧҮ...
Кыргыз өлкөсүнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырган жогорку чыңалуудагы “Датка-Кемин” линиясын ишке киргизүүдө Кытай өлкөсүнүн жардамы чоң болду. Бул долбоордун жардамы менен Кыргыз өлкөсүнүн ГЭСтеринен иштелип чыккан электр энергиясын өлкө аймагына коңшу өлкөлөрдөн көз карандысыз таратуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздаган долбоор Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан ишке ашкан. Бул долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 389 миллион доллар өлчөмүндөгү насыя Кытайдын "Эксимбанкы" тарабынан 20 жылга эки пайыз үстөк менен берилген.
Аталган долбоордогу электр линиясынын узундугу 405 чакырымга жетип, 922 электр мамысы орнотулган. Жалпыга маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын энергетикалык кубаттуулугу өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан. Токтогул ГЭСинен 500 кВттык бир эле линия Кара-Балтага келчү. Калган кубаттуулуктун бардыгы коңшу Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрү аркылуу түндүк региондорго келчү. Аталган долбоор ишке киргенден кийин электр энергиясы башка өлкөлөрдү аралабай, "Даткадан" "Кеминге" түз келе баштады.
“Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр зымынын тартылышы жана “Кемин” көмөкчү электр чордонунун курулушу өлкөбүздө акыркы 20 жылдагы эң ири долбоорлордун бири болуп калды. Алдыңкы жылдарда Кыргызстан электр энергиясын экспорттоого багыт алууну пландоодо.
Мындан сырткары Кытай тараптын көмөгү менен Бишкек ЖЭБи жаңыланды жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу салынып жатат.

КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ ИНВЕСТИЦИЯ...
2017-жылы кытайлык ишкерлер Кыргыз өлкөсүнө 300 миллион доллардын тегерегинде инвестиция салган. 2018-жылы Кытай жарандары өлкөгө 125 миллион доллар алып келишкен. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтканына таянсак, бүгүнкү күндө өлкөдө кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы жана кыргыз-кытай биргелешкен 177 ишкана иштөөдө. Ал эми Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 миллиард сомду түзгөнүн билдирген. Бул сумма 2017-жылга салыштырмалуу 20 пайызга жогору. Ошондой эле Боронов эгемендик алган жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик долбоорлоруна коңшу өлкө 2,1 миллиард доллар кайтарымсыз каражат бергенин айткан.

МАДАНИЯТ ЖАНА БИЛИМ ТАРМАГЫНДАГЫ БАЙЛАНЫШ
Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кытай маданият борбору жайгашкан. Ар бир жаран ал жерге барып, кытай дүйнөсү менен тааныша алат. Улуттук китепкананын экинчи кабатында жайгашкан борбордо Кытайды ар тараптан таанып билүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Кытай жана орус тилдеринде бул өлкөнүн тарыхы, маданияты, музыкасы, тамак-аштары, азыркы саясаты тууралуу китептерди табууга болот. Мындан сырткары “Манас” эпосу, Курманжан Датка тууралуу китептерди кытай тилинде окууга окурмандар үчүн шарт түзүлгөн. Бул борбор Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин колдоосу менен ачылган.
Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы кызматташуулары да сөзгө аларлык. Өлкөбүздүн жүздөгөн жаштары Кытайдын ири шаарларында жогорку окуу жайларында билим алышты жана бүгүнкү күндө да окуп жатышат. Эки өлкө жогорку окуу жайларынын дипломдорун өз ара таануу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан.
Учурда Бишкек гуманитардык университетинде, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Ош Мамлекеттик университетинде атайын Конфуций институттары ачылган. Аталган институт эки өлкөнүн ортосунда “достук көпүрө” кызматын аркалап келет. Бул институтта кыргыз студенттери кытай тилин, адабиятын жана маданиятын окуп үйрөнө алышат.
Мындан сырткары учурда башка окуу жайлардын кытай тили факультеттеринде жана Бишкектин бир нече орто мектептеринде кытай тили үйрөтүлүп келет.

КООПСУЗДУК БАГЫТЫНДА...
2018-жылдын 6-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскердик кеңешинин төрагасынын орун басары генерал-полковник Сюй Цилян башында турган аскердик делегация Кыргыз өлкөсүнө келген. Сюй Циляндын Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дүйшенбиев менен эки тараптуу жолугушуу орун алган. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен КЭРдин Коргоо министрлигинин ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга, кезектеги грантты берүү макулдашуусуна, куралдануу жана аскер техникаларын жөнөтүү боюнча протоколго кол коюлду.
Буга чейин 2014-жылдын 24-январында ошол кездеги Кыргыз Республикасынын коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Кытай Элдик Республикасынын Коргоо министрлигинин тышкы байланыштар Концеляриясынын орун басары генерал-майор Цы Говей жолугушкан. Иш сапардын жыйынтыгында 40 миллион юань суммасындагы аскердик-техникалык жардамды көрсөтүүчү протоколго кол коюлган.
Эки өлкөнүн кызматташтык жылдарында кытай тараптан Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүн куралдандыруу, аскердик жана атайын техникалар, материалдык-техникалык мүлктөр, абадагы чабуулдан коргонуунун жана байланыш каражаттары, турак жайларды куруу сыяктуу ири жардамдар берилген.
Мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кыргыз-кытай аскерлери менен биргеликте аскердик машыгуулар болуп турат.

МАМИЛЕЛЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ
2018-жылдын июнь айында Сооронбай Жээнбеков Кытайга мамлекеттик сапар менен барганда расмий Бээжинге электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен завод ачууну сунуш кылган жана аны «Бир алкак – бир жол» демилгеси менен байланыштырган. Мындан сырткары ХХI кылымдын эң маанилүү программасы аталган “Бир алкак – бир жол” долбоору аркылуу эки өлкөнүн ортосунда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
"Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" дегендей, Кытай менен мамилени чыңдоо менен ал мамлекеттин колдоосун туура багытта колдонуу өлкөбүз үчүн пайдалуу экени талашсыз.


Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан