700 МИЛЛИОН $. ЧУУЛГАНДУУ ИЛИКТӨӨ ТУУРАЛУУ МАТРАИМОВ ҮН КАТТЫ

29-майда «Азаттык» бир тууган Матраимовдор тууралуу иликтөөсүн жарыялады. «Миллиондордун изи менен...» деп аталган иликтөөдө 2011-2017-жылдары өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кетти деп ишенимдүү булактан маалымат түшкөнү, анын 250 миллион доллары чын эле которулганын документтер тастыктаганы айтылат. Ошондой эле бул акча Айэркин Саймаити аттуу ишкер жана Баткенде каттоодон өткөн «Абдыраз» деген фирма аркылуу которулганы маалымдалат. Далил катары журналист Али Токтакунов конкреттүү фирма аттарын, документтерди, банк дүмүрчөктөрүн көрсөтүүдө. Иликтөөгө таянсак, Айэркен Саймаити документте Ош шаарында жашайт деп көрсөтүлгөн уйгур тектүү Кытайдын жараны. Ошондой эле Кыргыз жеринен чет өлкөгө которулган акчалардын бир бөлүгү «АКА Petroleum» жана «АКА Immobilien» деген компанияларга барганын, бул компаниялардын Кыргыз жериндеги өкүлчүлүктөрү менен Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн байланышы бар деп айтылат.

ФИНПОЛ ЧЕТКЕ КАКТЫ
Эртеси Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын (Финпол) төрагасы Бакир Таиров «Азаттыктын» берүүсүндө айтылган акчалар «Дордой», «Мадина», «Кара-Суу» базарларында иштеген ишкерлердин акчасы деген маалымат бар экенин билдирди. Бул арада аталган базарларда иштеген ишкерлер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, «Азаттыкты» так эмес маалымат таратып, элди адашууга түртүп жатат деп күнөөлөдү. Бул билдирүүлөрдөн кийин коомчулукта аталган иликтөөнү бир беткей мактап бараткандардын саны кескин суюлуп, тескерисинче, иликтөөчү тараптын аракетинен күмөн санагандардын саны өстү. Бул иликтөө кимдир бирөөлөрдүн буюртмасы менен жасалган иш болушу мүмкүн деген пикирдеги адамдардын калың катмары жаралды. Буга «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган айрым фамилиялар, маалыматтар дагы түрткү болду.

КҮМӨН ЖАРАТКАН ФАМИЛИЯ
Иликтөө жарыяланган соң «Атамбаевдин уйгурлары кантип Матраимовдуку болуп калды?» деп суроо салгандар чыкты. Эсиңизде болсо, 2018-жылы коомдук ишмер Эдил Байсалов ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бизнес-өнөктөштөрү тууралуу иликтөө жасаган. Жогоруда сөз болуп жаткан АКА менен башталган компанияларды жана айрым фамилияларды Байсалов ошол иликтөөсүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштырып, өлкө жетекчиси күмөндүү өнөктөштөр менен кызматташып жатат деп сындаган эле. Иликтөөнүн авторлору 700 миллион доллар тууралуу иликтөөнүн артында эч ким турбасын айтып жатышат.

«ДАЛИЛИ ЖОК ЭЛЕ АЙЫПТАП ЖАТЫШАТ»
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов аталган иликтөө боюнча түшүндүрмө берди. Анда булар айтылат:
– «Азаттык» радиосу Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргыз өлкөсүнөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө эч кандай далили жок эле айыптап салды. Иним Руслан Матраимовду, карындашым Чынара Матраимованы тастыкталбаган маалыматтарга жана анонимдүү булактарга таянып, алар жасабаган иштер үчүн айыптады. Анонимдүү булактардан тастыкталбаган маалыматтарды чогултууну иликтөө деп атоого болбойт. Иликтөөнүн автору Али Токтакунов "Бешинчи каналдын" берүүсүндө которулган 700 миллион долларга же 250 миллион долларга биздин тиешебиз бар экенин эске албаганын түшүндүрдү. Чындап эле алардын материалында ошол акчалардын бизге таандык экени да, акчалардын кылмыштуу жол менен табылганы жөнүндө да эч кандай жүйөлөр келтирилген эмес. Бирок коом азыр дүүлүгүп алды жана журналисттин материалында боолгологон нерселердин баарына ишенет.
Биз кайсы бир Айэркин Саймаити аттуу адамдын ким экенин аныктоого аракеттендик. Биздин маалыматтарыбыз боюнча, Саймаити кыргыз базарларында товарларды импорттоочу же экспорттоочу соодагерлердин арасында жетишерлик белгилүү адам. Ал базарларда иштеген бизнесмендер үчүн акчалай транзакцияларды жөнөкөйлөштүрүү үчүн өзүнүн ортомчулук кызматтарын көрсөтөт – алардан акчаларды чогултат жана аларды дайындалган орундарына каалаган өлкөлөргө, ким менен жүгүртүүсү бар болсо ошолорго транштар менен жөнөтөт же алардын өнөктөшүнө жөнөтүүнү өтүнөт.
Матраимовдордун Саймаити менен эч кандай байланыштары жок. Буга ылайык, "Азаттыктын" маалыматтары боюнча чет өлкөгө которулган 250 миллион долларга да биздин эч кандай тиешебиз жок. Менин да, аялымдын да «АКА Петролиумдун» ээлери менен эч кандай алакаларыбыз жок. Жубайым 2017-жылдан баштап «Автостолица» компаниясынын жарымына ээлик кылат. Бул маалыматтар салык декларациясындагы "Акциялар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн. Компаниянын башка жарымы Канат Маматовго таандык, ал менин жубайыма бизнес боюнча анын өнөктөшү болууну сунуш кылган. Аялым «АКА Петролиумдун» уюштуруучулары менен абсолюттук түрдө тааныш эмес.
Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн айланасындагы кырдаал саясий мүнөздө жаралды. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жардамы менен бүткүл үй-бүлөбүздү каралоого активдүү аракеттенип жатышат. Биздин үй-бүлөбүздүн бардык мүчөлөрүн укук коргоо органдары дайыма текшерип жатышат, ал эми ЖМКлар биз менен байланышкан бардык окуяларды дайыма терс боёкто чагылдырышууда. Мен азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков инимдин мүлкүн объективдүү жана ар тараптуу изилдөө үчүн бардык шарттарды түзүп берерине жана азыркы саясий жагдай укук коргоо органдарынын чечим кабыл алуусуна таасир кылбай турганына абдан үмүттөнөм.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан