КАРГЫШТЫН ТААСИРИ

Дебат-клуб

Өмүрүнүн гүлдөп турган чагында эки буту баспай калган жаш жигиттин тагдырынан улам каргыш темасын кеп кылууну туура таптык. Оштук Канат аттуу жигит майып болуп, адам колун карап калгандыгын мындайча баяндайт. “Биздин айылда бир көзү сокур, жашы 70-80дердеги кемпир жашачу. Ал кемпир чалынан жана жалгыз кызынан айрылып калган эле. Кемпирдин ичерге тамак-ашы жок кыйналып жатканын коңшулар айтып калышчу. Тууган деле 1-2 жума курсагын тойгузат да, андан кийин терс бурулат эмеспи. Ошондой күндөрдө тигил кемпир тоок багып күн кечире баштайт. “Тоок союп бер” деп мени 1-2 жолу чакырды. Мен анда болгону 13тө болчумун. Менин кемпирге жардам берип жүргөнүмдү көргөн ата-энем “экинчи ал жакка басып барба!” деп урушушту. Ата-энем колунда бар адамдар болгондуктан, кемпирге окшогондорду теңине алышчу эмес. Бир жолу өзүм курактуу балдардын тилине кирип, баягы кемпирдин тоогуна ууруга кирдик. Үчүнчү жолкусунда мени кармап алды. Ошондо алаканын тескери жайып “25 жашка чыкпай, эки бутуңан баспай, мага окшоп мусапыр болуп кал!” деп бата берген. Маани деле бербей коё бергенине сүйүнүп, кетип калгам. 23 жашымда жол кырсыгына кабылып, эки бутумдан майып болуп калдым. Кийинчерээк белим дагы кыймылдабай калды. Ошондо баягы кемпирдин батасын эстедим. Кечирим сурайын деп барсам, кемпир эчак эле өтүп кетиптир. Шыпаа болор бекен деп ошол кемпирдин үйүнө кирип алдым. Күнүгө “каргышыңды ал” деп зар какшап ыйлайм. “Энеке, күнөөмдү кечирчи?” деп куран окуйм. Ошентип, бир тамда жападан жалгыз күн кечирип келе жатам. Көрсө, оорукчан, карып адамдын каргышы таамай тиет экен. Менин тагдырым, балким, жаштарга сабак болот”.

– Сөз башын тамырчы Асел айымга берели. Сизге “мага каргыш тийди, дарылап айык­тырыңыз” деп кайрылгандар барбы?
– Андайлар көп келишет. Азыр кызды ала качып барып, ал отурбай койсо, “көшөгөң көгөрбөсүн, көгөрсө да этегиңден жалгаба” деп каргаган учурлар көп. Тескери батанын баары каргыш болуп эсептелет. Кээ бирөөнүн тилинде мөөрү, көзүндө калы болот. Алардын сөзү өлүмгө чейин алып барат.
– Сизге акыркы жолу кандай каргышка калган адам кайрылды?
– Кызы бар, бирок эркек балалуу боло албай жүргөн адам кайрылды. Үч уулу тең бир айга жетпей чарчап кала берген. Көрсө, атасы бир адамды капысынан өлтүрүп алган экен. Аны тамырын кармап билгем. Каргыш алган адамга жети күн токоч бышыртып, куран окуттурдум. Анан каргаган адамдын бейитине балдары менен барып куран оку дедим.

Асел айымдын сөзүнө улуту орус, бирок мусулман динин кабыл алган Алекс каршы чыкты.

Алекс: – Биз, адамдар, бирдей укукка, касиетке ээбиз. Өзүбүзгө окшогон эле адамды “бутуң сынып калсын, бүкүр болуп кал, бактысыз болуп кал” деп алардын тагдырын бурмалап коё албайбыз. Бул бир Кудайдын колунда. Ошол себептен “каргыш айтса, ал кабыл болот” дегенге кошулбайм.
Асел: – Бул оюң таптакыр туура эмес. Каргыштын таасири күчтүү.
Нурбек: – Азыркы жаштарды карап көрсөк, жигиттер кыздардын намысын алып гана эмес, боюна бүтүрүп таштап кетип жатышат. Кыз мушташайын дейт, алы жок, ата-энесине айтайын дейт, уят. Анан айласы жок, отуруп алып каргайт же дубалайт. Адам себепсиз эле каргай бербейт да, жанына батканда гана ошол ишке барат.
– Садыбакас мырза, айт­саңыз, шариятта каргыш жөнүндө айтылганбы?
– Шариятта адамдар бири-бирине жаман сөз айтууга, каргаганга укугу жок. Бирок эгер баласы ата-энесине акарат кылып уруп жатса, анда ата-эне баласын каргаганга аргасыз. Актана турган болсо, ыйык жерлерди айтып “ушул жер уруп кетсин” десе, ал кабыл алынбайт. Бир гана Алланын атын оозго алуу кажет. Пайгамбарыбыз “дайыма көчөгө чыгарда мага түшкөн эки сүрөнү (113-114-сүрөнү) окусаңар, бирөөнүн суктануусу, каргышы өтпөйт” деген.
– Сөз кезегин этнограф Эсенбек агайга берсек. Каргоо кыргыздарда илгертен келе жаткан көрүнүшпү?
Эсенбек: – Каргыш адамдар коло доорунан темир дооруна өткөндө башталган. Башка уруулар бала-бакырасын өлтүрүп, буюмдарын тартып алганда “Көк асман урсун!”, “Теңир урсун!” деген каргыш сөздөр айтылган. Каргыш айтуу кыргыздын тарыхында көп кезиккен. Мисалы, Тейитбек уулу Курманбекти каргаганын алалы. Акыры келип атанын каргышы тийип, Курманбек каза болот.
Алекс: – Каргыш тийиши мүмкүн эмес. Мен бирөө менен урушуп кеттим деп коёлу. Анан бутум сынды. Мен “тигил каргап койду” деп ойлоп калышым мүмкүн. Бирок ал каргаса эле анын ойлогонундай болду деп ойлобойм. Бул жөн гана дал келүү.
– Жогоруда Нурбек «учурда каргоо кыздар тарабынан көп айтылат» деди. Бегимай, айтсаң, бирөө-жарымды каргадың беле?
– Кыздардын алданып калып жаткандарын угуп эле келебиз. Бирок мен ошол кыздардын өздөрүн күнөөлөйм. Эгер ал ата-энесинин сөзүн угуп түз жүрсө, алданып да калбайт эле, каргамак да эмес. Ошондой болгон күндө да сабырдуу болуп, ооздон жаман сөз чыгарбаш керек. Каргыш кайрылып келип өзүнө тийиши мүмкүн. Мен бирөөнү каргаган эмесмин жана каргыштан корком.
– Нурила эже, сизге бирөө менен араздашып кетип, анан кеңеш сурагандар кайрылышабы?
– Азыркы заманда көп эле адамдардын нерви чыңалып турат. Кимдир бирөө менен урушуп кетсе, каргайт да, анан өздөрүн бир жерге коё албай кыйналышат. Ошондой кырдаалда көп адамдарга кеп-кеңешимди берем. Алардын аң-сезимин оңдоо – эң биринчи жардам.
– "Кыянаттык кылган адамды да сабырдуулук менен кечирип коюш керек" деген ойлор айтылды. Буга ким кошулат да, ким кошулбайт?
Садыбакас: – Шариятта “адамдар сабырдуу, кечиримдүү болуш керек” деп айтылат. Эгер бирөө исламды, Куранды жамандап жатса же ата-энеме, балдарыма тийишип жатса, мен коргоном, коргойм. Анда да болбосо, каргайм. Сабырдуулуктун да чеги болот.
Нурбек: “Сабырдуу болуш керек” дегенге кошулбайм. Күйөөсү күнүгө мас болуп келип, аялын сабайт деп коёлу. Аялы бир ай чыдайт, эки ай чыдайт, анан “талаада кал, ушундан көрө өлүп кал” дей баштайт.
Нурила: – Негизи, ошентип айтпаш керек. “Талаада кал” деп айткандардын ажырашып, талаада калгандарын же күйөөсү эрте өлүп, аялы өлүк башында отургандарын көп эле кезиктирдим.
Эсенбек: – Каргыш тийүү – адамдын же жаратылыштын каарына калуу. Мисалы, Кожожаш Суречкинин укум-тукумун бүтүн кырып салганда ал мергенчинин көзүнө көрүнүп, “жалама асканын боорунда кал” деп каргайт. Көрдүңөрбү, кыргыз элинин ар бир чыгармасы, уламышы кийинки муунга сабак болот. Болор-болбос немеге ачууланып, адамдарды каргай берүү туура эмес. Өзүбүз жаман нерселерден алысыраак болуп, жакшы жакка ыкташыбыз керек.

Мына, замандаш, бирөөгө жамандык кылбасаңыз, сизге эч ким тескери батасын бербейт да, оозуңуздан жаман сөз чыкпайт. Каргыштын аягы эч качан жакшылыкка алып келбейт.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 404, 30-июль - 5-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан