Британиялык 18 жаштагы Эби Хейвуд официант болуп иштөөдөн көрө чүчкүрүү көп акча алып келерин айтат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, Хейвуд Лидс шаарындагы көркөм сүрөт мектебинде окуйт. Ал сүрөт сабагында отурганда 3 саат ичинде 37 жолу чүчкүргөнүн видеого тартып, социалдык тармакка жүктөп койгон. Көп өтпөй анын чүчкүргөн видеосун сатып алчулар четинен чыга баштаган. Кыздын айтымында, бир видеосун 100 фунтка (8 миң сомдон ашык) сатат.
Хейвуд тапкан акчасын окуу акысына төлөп жатканын жана көп чүчкүрүү ден соолукка зыян экенин да эскерткен. “5 мүнөттө 11 жолудан эки жолу чүчкүрөм деп мурдум канап кетти” дейт ал.