Эски шахмат фигурасы миллион фунт стерлингге (83 миллион сом) сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Маалыматка таянсак, шотландиялык үй-бүлө 50 жылдан бери шкафтын ичинде жүргөн фигураны Лондондогу Sotheby's аукцион үйүнө алып барышкан. Адис Александр Кадер аталган табылга Льюис аралындагы сейрек кездешкен шахмат фигураларынын бири экенин айткан. Ал “согушкердин тулку бою бир аз талкаланып калыптыр, сол көзү да жок экен. Ошентсе да бул Европа маданиятын баалагандар үчүн эң керектүү табылга” деп кошумчалаган.
Үй-бүлөнүн айтуусунда, алардын чоң атасы Эдинбургда антиквариат дүкөнүн ачып иштеткен. Бул фигураны ал 1964-жылы бирөөдөн 5 фунтка (400 сом) сатып алган.
Белгилей кетсек, Льюис аралынын шахмат фигуралары 93 даана. Учурда алардын 11 даанасы сакталып турат.
Дамира Арстанова
koom@super.kg