Таалайгүл Токтакунова, адвокат: «ВРАЧТАРДЫН КОЛУНДА АДАМ ӨМҮРҮ БОЛСО, АДВОКАТТЫН КОЛУНДА АДАМДЫН ТАГДЫРЫ ТУРАТ»

“Мыйзам жакшы адвокат жалдай алгандын баарын коргойт” деген сөз бар. Өмүрбек Текебаев өңдүү лидерлерди, биздин гезит өңдүү компанияларды сотто коргоп, жеңишке жетип, жетпей калса да коомчулук алдында мыкты жактоочу экенин көрсөтүп келе жаткан инсан бар. Ал – адвокат Таалайгүл Токтакунова. Жактоочу менен кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу баарлаштык.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1977-жыл, 2-октябрь

Туулган жери – Ат-Башы району, Кара-Суу айылы

Билими – жогорку

Иш тажрыйбасы – 21 жыл

– Таалайгүл айым, адвокаттык ишке качан, кантип аралашып калдыңыз эле? Бул тармакка сизди эмне жетелеп келди?

– Кесибим – юрист. 1998-жылдан 2010-жылга чейин банк системинде иштедим. 5-курста окуп жатканда атам автокырсыкка кабылып, үйдө отуруп калды. Ушул учурда атамдын кеңеши менен АКБ Кыргызстан банкына жумушка кирип, иштей баштадым. Кийин бир нече банкта, жалаң талапты катуу койгон жетекчилердин колунда иштеп, такшалдым. 2010-жылы декреттик өргүүгө чыгышым керек болду. Ошондо өзүмчө “банкта мындан ары эмне кылам? Ашып барса башкармалык төрагасына орун басар болушум мүмкүн” деп ойлондум да, бул тармактан кеттим. Өмүрү үйдө отуруп көрбөгөн жаным 1 ай араң чыдадым. Анан өзүмдүн компаниямды ачайын деп чечтим. Анын үстүнө мага кайрылып юридикалык консультация сурагандар ансыз деле көп эле. Лицензия алдык, кеңсе таптык. Кесиптешим Чынара Жакупбекова менен бирге ишибиз жакшы жүрүп кетти.

– Өмүрбек Текебаевге кандайча жактоочу болуп калдыңыз?

– 2012-жылы Өмүрбек Текебаевден кызматташуу сунушу түшүп калды. Алгач баш тарткам, кийин иш процессинде ал кишинин соттук иштерине кантип аралашып кеткенимди байкабай калдым. 2012-жылдан баштап анын соттогу дээрлик бардык иштерин мен жүргүздүм. 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында Өмүрбек Чиркешович "партиянын штабына юрист таап берчи" деп кайрылып калды. Ошондо ага “мени юрист кылып албайсызбы” деп сунуштасам, дароо жактырган. Менде принцип ушундай: же баш-отум менен берилип иштейм, же таптакыр иштей албайм. Ортозаар болуп, эптеп убакыт өткөрүү мен үчүн эмес.

– Өлкөдө адвокаттарга мамиле, түзүлгөн шарт кандай? Ары жооптуу, ары түйшүктүү иш сизди курчутуп жатабы же чарчатып жибердиби?

– Адвокаттык жумуш оор. Кардары туура эмес сүйлөп жатса да, унчукпай отура берген адвокаттар бар. Күнөөнүн баарын моюнуна алып койгондон кийин аны коргоп эмне кереги бар, туурабы? Кардарым туура эмес сүйлөп баратса билдирбей бутуна бир тээп токтотуп, анан “биз өзүбүзчө сүйлөшүп алалычы” деп тыныгуу сураган учурлар болот. Мамлекет тарабынан адвокаттарга жардам жок. Суроо-талап жиберсең жооп бербей коюшат, анан кысым да болуп жатпайбы. “Ызы-чуу ишти албай эле коёлучу” деп адвокаттардын көбү коркушат. Батыш өлкөлөрүн карасаңыз, кардардын позициясын бир гана адвокат айтат. Бизде мындай иш тартиби эми башталууда. Биз адвокат деген кандай болушу керек, кантип иштеши керектигин Текебаевдин процессинде көрсөттүк деп ойлойм.

– Иш графигиңиз абдан тыгыз болсо керек. Адвокаттын бир күнү негизинен кантип өтөт?

– Адвокаттын жарым өмүрү коридордо өтөт. Процессти күтөсүң, судья, прокурор, тараптар кечигип келишет. Жолугушуулар, сурактар... Кечке жүрүп, кечинде анан иш башталат. Эртеңки процесске керектүү иштердин баарын компьютерде жазып баштайбыз. Мисалы, Текебаевдин ишинде түнкү 3-4кө чейин иштеп, кайра эртең менен саат 8ге келип калып жаттык. Колубузда жок дегенде 3 өтүнүч келтирүү, тийиштүү суроолор даяр турчу.

– Бул кесиптин негизги кыйынчылыктары деп кайсы жагдайларды айтат элеңиз?

– Адвокаттын ишин врачтардын иши менен салыштырам. Врачтардын колунда адам өмүрү болсо, адвокаттын колунда адамдын тагдыры турат. Эң кооптуусу – жаңылуу. Сенин бир катачылыгың бирөөнүн тагдырын талкалап коюшу мүмкүн.

– Ар бир кесиптин өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүгү бар. Адвокат болом деген адам алган билиминен, каалоосунан тышкары кандай жеке сапаттарга ээ болушу керек?

– Биринчиси – кардарыңа ишенүү керек. Анын ордуна өзүңдү коюп, анын абалын жан дилиң менен сезе билишиң керек. Ошондо гана жыйынтык болот. Жыйынтык болгондо сенден бактылуу адам жок. Адвокат эч качан “кардар мага рахмат айтат” деп күтпөшү керек. Иш бүттүбү, эртеси унутуласың. Бул ал адам жаман болгону үчүн эмес, жашоо ушундай.

– Экс-президент Алмазбек Атамбаев сиздин жана кесиптешиңиз Канатбек Азиздин үстүнөн арызданып, миллиондогон суммада доого жыгылдыңыздар эле. Жакында сот аны жокко чыгарды. Соттон адилет чечим күттүңүздөр беле?

– Чынында күткөн эмесмин. Бирок бул соттордон эмес, кырдаалдан көз каранды чечим. 2 жыл мурунку сабатсыз судьяларды бүгүн оңолуп кетти деп айтуу мүмкүн эмес. Болгону темирди кызуусунда соктук. Саясий көз карашта “учуру келди, ушул учурда ары же бери болот” деп маселе көтөрдүк. Болбосо чындык биз тарапта экенин 2 жыл мурун деле билчүбүз. 2 жыл ичинде чуркап барып кечирим сурап же көчөгө чыгып “үйүмдү тартып алганы жатат” деп ыйлаган жокмун, бул маселе эртеби-кечпи чечилерин билчүмүн.

– Бир тыйын албай, бекер адвокаттык кылган учурлар болобу?

– Эгер кардардын акчасы жок болсо же иштин өзү кызыгуу жаратса, бекер деле иштейбиз. Мисалы, бир милиция кызматкери ак жеринен 11 жылга соттолуп кеткен. Ошондо ыйлагам. Колунда жок, көп балалуу болчу. Ошол окуя жүрөгүмдөн кетпей койду, “туура эмес соттолуп кетти” деп кыжалат боло берчүмүн. 2019-жылы жаңы Кодекстер күчүнө киргенде ошол адамдын ишин кайра кароого жол ачылды. Кесиптешиме айтып, анын ишин кайра көтөрүп чыктык. Бекер, албетте. Жогорку Сотко чейин барып, жаңы мыйзамдардын негизинде уттук. Буюрса, жакында эркиндикке чыгып калат.

– Сөзсүз түрдө бирде жеңиш, бирде утулуу болот. Утулуп калганда кардарыңыздын алдында өзүңүздү ыңгайсыз сезесизби?

– Эгер менин күнөөмдүн айынан утулуп калсак, албетте, ыңгайсыз болом. Каерден ката кетирдим деп уктабай чыккан түндөр болот. Анан биздин иште “бүттү, жеңилдик” деп отуруп калуу болбойт. Бүгүн утулуп калсак, баары бир башка жагдай таап чыгабыз. Эгер бир жеңилүүдөн кийин баары бүттү деп отуруп калсаң, анда сен адвокат эмессиң.

– Кимдерге адвокаттык кылгыңыз келбейт? Кандай принциптен улам?

– Менде бир принципиалдуу позиция бар – педофилдерге жана киши өлтүргөндөргө адвокаттык кылбайм. Мейли, кокустук болсун, баары бир киши өлтүрүп койду.

– Кардарына эмес, каршы тараптын кызыкчылыгына иштеп кеткен кесиптештериңиз да кездешет. Андайларга кандай көз караштасыз?

– Тажрыйбада андайлар көп. Мага да акча сунуштаган, “көп сүйлөбөй эле, колдойм деп гана кой” деген учурлар болду. Менимче, мен “не нормальный” адаммын, эч качан андай сунуштарга макул боло албайм. “Мени ким биринчи келсе ошол сатып алат. Экинчи жолу сатылбайм” деп күлүп калам. Мен үчүн репутация, кесиптик аброюм баарынан өйдө. Бүгүн биртке акча үчүн сатылып кетсем, эртең кардарларымды жоготуп алам.

– Кесиптик ишмердүүлүгүңүзгө байланыштуу коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып көрдүңүз беле?

– Ачык коркутуулар жок. Бирок акыркы 2 жылда ар кандай аңдуулар болду. Эгер бүгүн “куугунтук болууда” деп кардарымды таштап кетип калсам, ал адамдын абалы эмне болот? Ансыз да прокурорго, сотко ишенбей турганда ишенген адвокаты таштап кетип калса... Жок дегенде бир адам анын жанында дайым жылмайып “баары жакшы болот” деп турушу керек. Ичимден биздин аракеттен майнап чыкпай турганын билип турсам да сыр бербей, кардарыма үмүт беришим кажет.

– Акыркы күндөрү соттон бир топ чуулгандуу иштерди, алсак, “Супер-Инфо” менен Финполдун соттошуусунда биздин гезиттин укугун коргоп, 4 ирет утуп чыктыңыз, экс-президентти утуп чыктыңыз... Сизге жеңиш алып келген дагы кайсы иштер бар кейсте?

– Аябай чоң жеңиш “Супер-Инфонун” жеңиши болду. Жумушумдан ушундай ырахат алдым дейсиз, толкунданып түндө уктай албай чыктым. Процессуалдык жактан биздики туура болгондуктан, сот дагы башкача чечим чагарган жок. Чынында акыркы саясий окуялардан улам менде ишенич жок болчу. Мындай чечим чыгат деп Финпол дагы күткөн эмес. Негизи, адвокатта күн сайын жеңиштер болуп турат. Өз учурунда даттануу да жеңиш. Мисалы, бүгүн коомчулук Текебаев адилеттүү соттолду дегенге ишенбейт. Анткени биз анын күнөөсүз экенин далилдей алдык.

– Иш процессинде сиздин кыжырыңызды эмне келтирет?

– “Акмак достон акылдуу душман артык” деген сөз бар. Кыжырды келтиргени – оппоненттердин сабатсыздыгы жана кесипкөй эместиги. Тергөөчү же сот бир документти сабаттуу жазса, ошого каршы арыз жазуу ырахат. Эгер эптеп эле бирдеме жазып койсо, айла жок, өзүнө ылайык бир болбогон түшүндүрмө жазыш керек болот. Ушунчалык дагы сабатсыз болушабы деп түтөп кетесиң.

– Сырттагы жумуш өзүнүн жолу менен. Ал эми үйдө кандай кожойкесиз?

– Эртеден кечке ашканадан чыкпаган аялдардан эмесмин. Үй иштерин маанайым жакшы болсо жасайм, болбосо жок. Баарын кыздарым жасайт, башкысы, үй дайым таза, ысык тамак бар. Кыздарым менен чоң кишилердей сүйлөшөм, курдаштарча сырдашабыз. Бирок тартип катуу. Биздин үйдө “азыр” деген сөз болбойт. Айтылдыбы, демек, жасалышы керек. Кыздарымды бир гана учурда – калп айтса гана урушам. Андайда үйдө "акыр заман" башталып кетет (күлүп). Жолдошум да кээде “өзүмдү тергөөчүнүн жанында отургандай эле сезип жатам” деп тамашалап калат. Анткени анын калп айтып жатканын билип коём.

– Кызыңыз сиздин жолуңузду улантам десе каршы болбойсузбу?

– Улуу кызым Юридика факультетинде 1-курсту аяктап жатат. Акыркы 2 жылдын ичинде юристтин иши кандай экенин көрдү, такшалды. Мага каршы иш козголуп, тергөө жүрүп жаткан маалда “Акмарал, бүгүн саат алтыдан кийин телефонду албасам, демек, мени камашты деп түшүн” десем, түшүнүп, "макул" дечү. Оорчулукту мени менен бирге көтөрдү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан