ТУМАН (Ала качуу, зордуктоо, сойкулукка кабылган кыргыз кызынын оор тагдыры тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бирок алдыда Шайырдын жашоосун астын-үстүн кыла турган турмуштун эң оор соккулары күтүп турган экен. Ал аңдаган эмес. Ала качылып келип алгач кыз кылыгын көрсөтүп отурбайм деп ыйлап, ар кандай жорук көрсөтүп жатты. Бирок эбак эле 3-4 аял келип, башына жоолук салып, ар кандай сөздөрдү айтып, көшөгөгө отургузуп коюшкан. Кичине кыздар анын этегин басып жеңелеп отурушат.

– Анарбек байкеңди чакырып келчи, мен аны менен сүйлөшүп алайын,- деди ал кичине кыздардын бирине. Аз өтпөй көшөгөгө Анарбек кирди.

– Эмне кылганың? Мындай болбойт да. Бул тууралуу ачык эле сүйлөшсөк болмок. Ала качып кетериңди билгенде тоого бармак эмесмин.

– Кечирип койчу. Бирок айтып койсом сен качып кетмексиң да. Суранам! Мен сага жакшы күйөө болом.

– Атамдар эмне дейт эми? Урушат мени.

– Аларга жакшылап түшүндүр. Мени таштап кетпейсиң да, ушунча элге уят кылып… Билем, сен деле мени жакшы көрөсүң.

Шайыр эмне дешти билбей калды. Апасы аны урушат. Атасы катуу айтпайт, бирок таарынат болуш керек. Кандай кылат? Анарбекти кыя албай койду. Эртели-кеч ал турмушка чыгышы керек. Анарбектен болсо чындап эле жакшы күйөө чыгат. Шайыр ага ишенген. Ата-энесине өзү чалууга даай албай койду.

Анарбектин эжеси Шайырдын ата-энесине чалып болгон ишти кабарлады. Шайыр көшөгөдө отурган. Бир убакта ага телефонду алып келип беришти.

– Сен эмне, отуруп калдыңбы?- апасынын ачуусу келип турганы даана байкалды.

– Ооба.

– Жинди турбайсыңбы,- апасы нааразы боло үн катты.

ххх

Ал түнү Шайыр көшөгөдө жалгыз түнөдү. Анарбек келген жок. Алысыраак жеңеси анын майрамдап жүргөнүн гана айтты. Эртеси Шайырдын жеңелери келишти. Аларды Анарбектин ата-энеси колдорунан келишинче коноктошту. Шайырдын Саадат деген кыраакы жеңеси бар. Ал бир убакта көшөгөдө отурган кызга келип сөз баштады: – Чын эле каласыңбы?- суроолуу карады кызга.

– Ооба. Эми кеткенге кеч болуп калды,- деди Шайыр жерди тиктей.

– Билбейм, аябай начар турушат экен. Кийин өкүнбөйсүңбү деги? Сүйүү сүйүүсү менен, бирок жашоо деген татаал нерсе да. Эрке неме элең. Анан кийин кайра атаңа ыйлап барбайсыңбы?

– Жок. Биз шаарга барсак, жашообузду жөндөп кетебиз, Анарбек тың.

– Мейли. Бир сурап коёюн дегем.

Ошону менен жеңелери сый көрүп бүткөн соң жол тартып кетишти. Чоочун үйдөгү 3-күндүн түнү каптады айлананы. Анарбек бүгүн Шайыр менен түнөйт. Кыз муну билип жатты. Толкунданып коёт. Уктабай көпкө күттү.

Анан тээ түн бир оокумда көшөгө илинген бөлмөгө эки адамдын кирип келгени угулду. Кыз көшөгөдөн башын чыгарып карады. Анарбекти, анан көздөрүн ылдый караткан узун бойлуу дагы бир жигитти көрдү. Экөө кирип эле босогодо туруп калышты. Кыз аларды суроолуу тиктеди. Досу окшойт деп ойлогон.

– Шайыр?- Анарбек кыздын атын атап эле мукактанып токтоп калды.

– Шайыр, мен оорукчан адаммын. Оорукчан экенимди айтсам мага тиймек эмессиң. Мен сага күйөө боло албайм. Мен дегеле эч кимге күйөө боло албайм. Сен аябай жакшы кызсың. Ушундай жакшы кыз менин аялым болбосо да, жеңем болсун деп жыйынтык чыгардым. Алдаганым үчүн мени кечирип кой. Бирок… Сен эми мага жеңе болосуң.

– Эмне?! Жинди болбочу?- кыздын көздөрү тептегерек боло түштү.

– Кечирип кой. Бул менин байкем Султан. Эми ал сенин күйөөң болот.

Кыз эмне дешти билбей калды. Тамашалап жатат го деп ойлоду. Бирок тигил экөөнүн жүзүнөн тамашадай көрүнбөйт. Кантип эле ушундай болмок эле? Анан да Анарбек ушундай кадам жасамак беле? Мындай нерсеге кантип ишенүүгө болот? Жок, тамашалап жатат. Ойлорун иретке келтиргенче Анарбек каалганы ачып, чыгып кетти. Жанагы Султан деген узун жигит гана калды. Тамагы буулуп чыкты кыздын.

– Анарбек?!- ачуу чаңырды кыз. Аны уккан эч ким жок.

Султан дегени каалганын жанында үн-сөзсүз башын жерге салып турат.

– Анарбее-ек!- кыз дагы бир кыйкырып алып, анан каалганы көздөй басты. Бирок кыз жакындаганда Султан эшиктин туткасын кармап токтотуп калды.

– Каччы!- кыз аны түртүп жиберди. Султан кетенчиктей түшүп каалганы ачмакчы болгон Шайырды белинен кучактады да, көшөгөнү көздөй сүйрөп жөнөдү.

– Аа-а!- кыз эми коркконунан бакырып жиберди. А тигинин болсо токтой турган түрү жок. Көшөгөнүн ичиндеги төшөккө кызды жыгып, тытмалап кийимин чечкенге аракет кылып баштады.

– Аа-а! Анарбе-ек!- ошондон жардам келчүдөй кыйкырып аны чакырат. Тигил Султан дегендин муздак колдору денесин аралап үшүтүп жатты. Бир кезде эсине келе түшкөндөй тырмактары менен Султандын бетин апчып алды. Ушунчалык катуу апчыды. Жигиттин бетинде манжалардын изи калып, ошол издерден кан атты. Султан токтоп калды. Ушул учурдан пайдаланып кыз суурулуп чыкты да, бөлмөдөн атып чыкты. Каалганын жанында эле алардын добушун тыңшап Анарбек туруптур. Кыйкырып-өкүрүп ыйлап качып чыккан кызды ал шап эле кармап алды. Бекем кучактады да, кайра бөлмөгө алып кирди.

– Эмне эле жүдөп жатасың?!- байкесин урушту.

– Анарбек, суранам коё бер! Суранам!

– Жөн эле коёлучу?- Султан да коркуп карады Анарбекти.

– Эмне? Энеңдурайын, шөлпөйүп кыз таба албайсың. Тапкан кызды кармап кала албайсың! Үйлөндүң сен ушуга! Уктуңбу? Кетпейт эч жакка!

– Аа-а!- кыздын чаңырганына көңүл бөлгөн жок Анарбек. Эки колун бекем кармап туруп төшөккө ныгыра басты.

– Башта!- өктөм буйрук берди Султанга.

– Анарбек!- алдастап кетти тигиниси.

– Эмне Анарбек?! Эмне?! Башта азыр! Болбосо...

Кыз ошондо анын колдорун кармап турган Анарбектин көз карашын кармап калууга далбастап анын көздөрүн карады. Көздөрүн көрүп коркуп кетти. Анткени андан кайдыгер гана көз карашты көрдү. Анарбек үчүн ал эч ким эмес экен. Азыр байкеси зордуктап койсо эле кыз калат деп ойлоп жатат. Уятынан калат деп ойлоду. Ушунча коркунучтуу адам. Өзүнүн жоош агасы кыз таап үйлөнө албасына көзү жетип, акырында өзү ишендирип алган кызды анын алдына таштап бергени турат. Антпесе үйдүн кичүүсү катары үйдө, айылда калмак. А бул айылда калгысы келбейт. Үйлөнгүсү да келбейт. Байкесин үйлөнтөт да, кетет. Шаарга барып ырчы болот…

Кыз чаңырып эле жатты. Капкара коюу түндөн башка аны уккан эч ким болгон жок.

ххх

– Мен сага күйөө боло албайм. Түшүндүңбү? Жок дегенде сен мага жеңе болчу!- калп-чынды койгулаштырып, эптеп кызды алып калуунун амалын кылып жатты Анарбек. Шайыр болсо чачтары саксайып, эч нерсеге алы келбей бүрүшүп, өксүп ыйлап жатат.

– Сен адам эмес турбайсыңбы? Жеңелерим кеткенче мунун күйөөсү менмин деп, анан баары кеткен соң... Эч нерсе кыла албайт деп ойлодуң го, ээ? Кете албайт деп жатасың го, ээ? Кетем, уктуңбу?! Кетем, агаң экөөңдү түрмөдө чиритем.

– Сага эч ким ишенбейт. Айылдын участковыйы ушул жерде той жеп жүрдү. Жеңелериңдин келгенин көрдү.

– Бизге эч ким нике кыйган жок!

– Султан экөөңөбү? Эртең кыят. Биз ошентип сүйлөшкөнбүз!

– Эш-шек!- кыз чаңырып Анарбектин бетин тытмакчы болуп ага асылды. Бирок ал карылуу колдору менен кыздын билектерин бекем кармап туруп түртүп жиберди да, сыртка чыгып кетти.

Азга болсо да бөлмөдө жалгыз кала түштү, кантип кетүүнүн амалын ойлоно баштады Шайыр. Чуркап барып каалгага жабышты. Сыртынан бир нерсе менен тиреп жаап коюшуптур эшикти. Болгон күчү менен каалганы ачууга аракет кылып түрткүлөп баштады. Бир убакта каалга ачылып кетти. Шайырдын күчүнөн улам эмес. Эшикти Султан ачыптыр. Ал дале көздөрүн ылдый каратып, үн-сөзсүз турат.

– Алып кир ары аялыңды! Ал эми сенин аялың, эмне жалдырап турасың?- арыдан Анарбек кыйкырды. Султан саамга токтоп турду да, анан кызды белинен алып так көтөрүп кайра көшөгөнү көздөй сүйрөдү.

– Аа-а!- кыздын кыйкыргандан башка аргасы калган жок...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Leilona
2019-06-10 10:33:28
Шумдук!!! Мен биринчи деп койбойунбу!
+1
monok2001
2019-06-10 11:08:23
Leilona,баштадынбы эми сен.Султан дагы лох экен
+1
Leilona
2019-06-10 11:13:57
monok2001,Лох учун катын албай журду да жалдырап
+2
Baku88
2019-06-10 12:08:00
Султан аттуулар баары лох болушат окшойт
+1
JanJurok
2019-06-10 19:20:46
Өткөнкү сериясында эле сезгем...Эх!!!
+1
samirabi
2019-06-10 23:37:28
Окшошбой калыптыр го,нике женелер кеткиче кыйылат да
+3
Shekeev969798
2019-06-12 14:13:27
Муну окуган кыз ала качып кетсен жизнь отурбайт эми
+1
JanJurok
2019-06-13 00:27:14
Shekeev969798,ала качууга мен каршымын.Отурбайм дагы мындайды окусам окубасам да
0
lightning57
2019-06-13 11:37:19
Кудай сактаааа.Чыгарма бойдон калсынчы,жашоодон кезикпесинчиии
0
souza.j
2019-06-16 23:03:01
Админ. Тумандын мурунку болумдорун кайдан алууга болот
0
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан