ТҮШТҮК КОРЕЯДАН БАГЫ АЧЫЛГАН ТАЙ КЫЗЫ LISA

Бир күнү карасаң Лондондо, эртеси Сидней, үчүнчү күнү Париж, кийинки күнү Лос-Анжелесте жүргөн учурдун популярдуу “Blackpink” тобундагы Лисанын төрөлгөндө коюлган аты Пранприя экенин билчү белеңиз? Күйөрмандарын дайыма жаңы образдары менен таң калтырып, суктандырып келген Лалиса Манобан жөнүндө дагы кандай кызыктуу фактылар бар? Алдыда Лисанын дүйнөсүнө саякат жасайбыз.

ЛАЛИСА МАНОБАН

Сахнадагы лакап аты – Лиса (Lisa)

Туулган жери – Таиланд, Бангкок шаары

Туулган жылы – 1997-жыл, 27-март

Бою – 167 сантиметр

Салмагы – 46 килограмм

Үй-бүлөдө – жалгыз кыз

Билген тилдери – тай, корей, англис, япон тилдери

Лейбл – YG Entertainment

Топто – негизги бийчи, рэпер, ырчы

Топтун фан-клубунун аталышы – Blink

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  • 2018-жылы Таиландда “Жылдын адамы” сыйлыгын алган
  • 2019-жылы "Celine" соода маркасынын музасы аталган
  • 2019-жылы "AIS Thailand" брендинин жаңы жүзү болду
  • 2019-жылдын апрель айында Инстаграм желесинде “Түштүк Кореядагы эң популярдуу таиланддык к-рор артист” аталды. Инстаграмдагы катталуучуларынын саны учурда 20 миллиондон ашуун

ПРАНПРИЯ – ЛАЛИСА

Таиланддан Түштүк Кореянын шоу-бизнесин багындырам деп келген Лалиса Манобан учурда 22 жашта жана аны дүйнөнүн көптөгөн өлкөсү таанып, миллиондогон адам кумир тутат. “Blackpink” тобунун эң жаш (макнэ) мүчөсү Лиса Таиланддын Бангкок шаарында жарыкка келген. Наристе төрөлгөндө ата-энеси ага Пранприя ысымын ыйгарышкан, бирок кийин ал ат жакпай калып, Лалиса деп өзгөртүшөт. “Лалиса” – “мактоого татыктуу” дегенди түшүндүрөт. Чачы кыска, спорттук кийимдерге басым жасаган кыз кичинесинен бийге жакын өсөт. Анын К-рор’ко кызыгуусу «We Zaa cool» бий тобунда бийлеп жүргөндө башталган.

АЛДЫҢА МАКСАТ КОЙДУҢБУ? ЖЕТ!
2010-жылы түштүк кореялык YG агенттиги Таиланддын таланттарына музыкалык сынак жарыялайт. Ал сынактын бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн Лиса агенттикке алгачкы чет өлкөлүк ырчы катары кабыл алынган. Бирок ырчы болуш үчүн Түштүк Кореяга көчүп барыш керек эле. 2011-жылы максатына жетиш үчүн өз оюна бекем турган 14 жаштагы Лалиса Сеулду көздөй жол тартат. Белгилүү болгондой, Кореяда музыкалык агенттиктер кол алдындагы таланттарды дароо эле эл алдына алып чыга калбайт. Ал үчүн артист бир канча жыл талантын өстүрүп, келбетин оңдоп, эмне кемчилиги болсо жойгондон кийин гана дебют жасайт. Cтажёр болгон 5 жыл аралыгында Лиса популярдуу “Big Bang” тобунун ырчысы Тхэяндын клибине тартылган. Андан кийин өзүнүн агенттигинин кийимдер коллекциясынын жүзү болуп, өзүн модель катары да сынап көрөт. Корейлерге окшошпогон жүз көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан. Демек, агенттиктин максаты ишке ашты, аны ырчы катары сахнага чыгарууга болот...

ЛИСА + ЭКСПЕРИМЕНТ
YG 2012-жылы кыздардын тобун түзүү планын коёт. Бул максат 2016-жылы 8-августта гана ишке ашып, “Blackpink” тобу дебюттук ыры менен чыккан. Жису, Розэ, Женни жана Лиса. К-рор күйөрмандарынын арасынан бул ысымдарды тааныбаган адам жок болсо керек. Лисанын топтогу ролу кандай? Кичинекейинен бий менен сугарылган кыз топко келгенде дагы бул таланты менен алдыңкы планга чыккан. “Хореографтар кандай бий көрсөтүшпөсүн, Лиса бат эле алардын кыймылын туурап коёт” дешет топтун калган мүчөлөрү. Ал эми күйөрмандары Лисага ырдаганга караганда рэп айткан көбүрөөк жараша турганын айтышат. Интернеттеги сурамжылоого ылайык, Жису, Розэ, Женниге караганда Лисанын күйөрмандары көбүрөөк. Күйөрмандары Лисанын дайыма жаңы образда: бир күнү чачы сары, кара, күлгүн же көк, же дагы башка түстө болгону, макияжынын, кийинүү стилинин өзгөчөлүгү менен таң калтырып турганын жактырышат. Лиса кандай иште болбосун эксперимент жасаганды жакшы көрөт.

КЫСКАЧА
  • Жеке жашоосун сыр тутат. Лалисанын “BTS” тобундагы ырчылар Чонгук, Тэ Хён менен мамилеси болгон дешет. Бирок ырчы бирөөнү да тастыктаган эмес. “Мага өзүмдөн улуу, камкор жигиттер жагат” дейт Лиса.
  • Тай ашканасынын тамактарын жакшы жасайт.
  • Чыгармачылыкта кумир туткан адамдары – ырчылар Рианна жана G-Dragon.
  • Таиландда аны “Таиланд ханышасы” деп аташат.
  • Гитарада жакшы ойнойт.
  • Топтун эң шайыры жана уялчаагы.
  • Мышыктарды жакшы көрөт, 2 мышыгы бар.

    Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы
    super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
jalgyzym...
2019-06-10 15:55:16
Корейлерди эмне кыласынар андан коро озубуздун кыргыздарды чыгарсанар.
-4
meer321321
2019-06-11 14:58:50
jalgyzym...,кыргыздарды жазса дагы чыгабыз да ушудан башка жокпу тажатты ууф алергия депчии
+7
ELNUNU8787
2019-07-17 02:08:42
jalgyzym..., жакпаса неге кирип окуйсунар бул бөлүмгө кирип жакшы дагы супер инфо ар кайсынысын бөлүп бөлүп койгон тооба,как будто мойнунардан жетелеп алып келип окуткандай жазыпсынар! отто таң калыш керек бул адамдарга!
+2
Мираида
2023-03-07 23:45:00
jalgyzym. Керек эмес болсо эмне келдин.
0
lightning57
2019-06-13 11:43:22
Даа, реп жакшы айтат
+1
lightning57
2019-06-14 22:43:00
Мага Женни кобуроок жагат
+1
kanatt
2019-06-15 21:35:56
Кореага эле жармашып калдынарго, Голливудан жазгыла.
-2
asha302
2019-06-16 13:04:53
Урматтуу super.kg Game of Thrones догу негизги актёр актрисалардын биографияларын чыгаргылачы сураныч
-1
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан