"Кримтөбөл Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошоткон" деген шек менен мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кармалды. 3-июнда Салянова Ички иштер министрлигинде сурак берди. Суракта Салянова мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары
Людмила Усманова менен беттештирилген. Алынган маалыматтарга ылайык, эки прокурор тең Аида Саляновага каршы көрсөтмө беришкени маалым болду. 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Салянова 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.
Аида Салянова 2013-жылы Башкы прокурор кезинде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, "айыккыс дартка кабылган адамдын" абактан бошотулушу мыйзамдуу" деген. "Биз мыйзамдар менен иштедик. Эгер сиздер "мыйзамдагы уурунун" иши башкача, башка адамдардын иши өзүнчө каралышы керек десеңиздер, ошондой мыйзам кабыл алыңыздар. Биз ошого карата иштейли",- деген ал.
Эске салсак, Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Аны Нарындагы абактан Бишкекке чейин коштоп келди деп ал кезде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына сындар айтылган.
Ушул жылы бул окуяга байланыштуу кылмыш иши жанданып, кайра иликтене баштаган. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Жакында бир катар аткаминерлер кармалды. Алсак, 16-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси
Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Алардан башка дагы 3 дарыгер тергөө абагында. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg