ФУТБОЛ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ КАНАТБЕК МАМАТОВ АФК ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

4-июнь күнү Франциянын Париж шаарында Азия футбол конфедерациясынын (АФК)атайын конгресси болду. Расмий иш-чаралар жыйынтыкталган соң Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов АФКнын президенти Шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө АФК жетекчиси Кыргыз өлкөсүндө футбол өнүгүп жатканын айтып, улуттук курамдын ийгиликтерин жана жеңиштерин белгиледи. Ошондой эле эки тарап Кыргыз Республикасындагы жана Борбордук Азиядагы футболдун өнүгүшү жана кызматташуусу тууралуу пикир алмашты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясынын президенти Канатбек Маматов Борбор Азия футбол ассоциациясынын атынан АФКнын Аткаруучу комитетинин мүчөсү болуп саналат. Аталган ассоциацияга Кыргыз Республикасынан башка Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин футбол уюмдары кирет.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан