Редакцияга “тишине кымбат ташты койдуруп алгандарды көрүп жүрөбүз. Кээ бирөөлөр ташты сулуулук үчүн салдырышат экен. Анын зыяны жокпу?“ деген телефон чалуулар болгон эле. Биз бул жаатында тиш дарыгерлерге кайрылдык.
Скайс – тишке бекитилген баалуу таш же металл.
Скайстын формалары. Булардын түрлөрү көп. Мисалы, алар жылдызча, тамчы, жарым ай, «смайлик», жалбырак, жүрөкчө, тамга түрүндө же гороскоп белгисинин түзүлүшүндө болушат. Скайстар моданы сүйүүчүлөрдүн тишин кооздойт. Бирок тишине жарака кеткендер же тишинин эмалына так түшкөндөр да кайрылышат. Скайс зер буюмдар тобуна кирет. Андыктан таш же металл зер буюм катары жылмаланып, формага келтирилет.
Даярдоо. Алгач тиштин ташы тазаланат. Керегине жараша тиш агартылуусу да мүмкүн. Анан стоматолог атайын заттын жардамы менен скайсты тишке бекитет.
Калыңдыгы канча? Скайстардын баалары келишим баада. Өлчөмү көбүнчө 2-2,5 миллиметр, калыңдыгы 0,5-0,6 миллиметр келет. Мындай өлчөм өбүшүүдө жана тамак жегенде жолтоо болбойт экен. Эмаль да зыян тартпагандыктан, тиш ысык-суукту сезе бербейт. Эгер кооздуктан арылгысы келсе, ээси каалаган убакта алдырып сала алат. Скайс алынган жердин эмалы жылмаланып коюлат.
Кандай таштар тандалат? Кымбат баалуу таш жана металлдардан көбүнчө алтын, күмүш, бриллиант, платина, ошондой эле сапфир, топаз тандалат. Бриллианттын ордун андан кем эмес жаркырап көрүнгөн тоо хрусталы алмаштыра алат.
Скайсты күтүү. Скайстар күтүүгө жараша орточо эсеп менен 1 жыл кармалат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg