ШАЙЛООДО БОСОГОЛУК ЧЕКТИ АШПАГАН ПАРТИЯЛАРГА ДА МАНДАТ БЕРҮҮ СУНУШТАЛУУДА

3-июнда Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча парламенттик угуу болду. Анда «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзамды президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан. Мыйзамга Жогорку Кеңештин 25 депутаты демилгечи болууда. Бул угууда эл өкүлү Исхак Масалиев шайлоо учурунда мугалимдердин, дарыгерлердин айлык маянасын жана пенсияны көбөйтүүгө тыюу салууну сунуштады:

– Тилекке каршы, сиздер карап, талкуулап жаткан жумушчу топтун долбоору, менин пикиримде, "чийки" болуп жатат. Коомчулуктагы талаптарга дал келбейт. Конституцияда депутаттар шайланат деген принцип бар. Биз болсо топтолгон тизмеге добуш берип жатабыз. Айырмасы абдан чоң. Бул мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Биздин экинчи окууда сунуш бергенге укугубуз бар. Бүгүнкү күндө депутат Бакыт Төрөбаев жана мен 9 пайыздык босоголук чекти 5 пайызга түшүрүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле 3 пайыздан 5 пайызга чейинки шайлоочулардын добушун алган саясий партияларга атайын квота 5 депутаттык мандатты бекитип берүүнү сунуштайбыз. Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого катышса кызмат ордун убактылуу эмес, толугу менен ташташ керек. Үгүт иштеринде шоулорду кыскартуу зарыл. Шайлоо мезгилинде пенсияны, мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын көтөрүүгө тыюу салалы деген сунуш киргизип жатабыз. Шайлоодо айлыкты көбөйтүүнү токтотуш керек. Ар бир президенттик шайлоону карасаңар айлык көбөйөт. Айлык болсо мамлекеттин абалына жараша көтөрүлө берет,- дейт ал.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан