МУЗЕЙДЕ БААЛУУ КАРТИНА ТАЛКАЛАНДЫ. КИМ ЖООПКО ТАРТЫЛАТ?

Маданият тармагында кайрадан чуу. Бул жолу жаңжал Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги кымбат баалуу картиналардан улам чыкты...

ЭМНЕ БОЛГОН КАРТИНАЛАР?

Совет доорунда Третьяков галереясы менен Пушкин музейи Кыргыз өлкөсүнө "Бакуниндин портрети" жана "Жылкы жана ит" деген аталыштагы 2 картина белек кылган. Бул сүрөттөр катардагы эмгектердин бири эмес, 19-кылымдын эң атактуу сүрөтчүлөрү Николай Сверчков жана Николай Ге тарабынан тартылган картиналар. Бүгүнкү күндө аталган эмгектердин баштапкы баасы болжол менен 500 миң доллар экени айтылууда. Расмий маалыматка таянсак, “Жылкы менен ит” картинасы акыркы жолу мындан 14 жыл мурун реставрациядан өткөн. Соңку чуу картина кайрадан оңдоп-түзөөгө муктаж абалда экенин ачыкка чыгарды. Эми ошол чуу жөнүндө сөздү улайлы.

ТЕКШЕРҮҮ, СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТКЕН СҮРӨТ

Ушул жылдын 25-апрелинде реставратор Таалайбек Усубалиев көркөм сүрөт музейинин башкы сактоочусу Айгүл Мамбетказиева менен бирге картиналарды сактоочу жайга өзүнүн эмгектерин кароо үчүн кирген. Анда "Жылкы жана ит" картинасына зыян келтирилгени билинген. Тагыраагы, сүрөттүн айрым жерлеринде боёктордун жарылып кеткени аныкталган. Музейдин сүрөттөрдү сактоо боюнча жооптуу өкүлү Татьяна Попова картина жабыркаган учурда музей директору Юристанбек Шыгаевдин колунда болгонун, ал картиналарды качан жана кантип алганын билбей турганын айтып чыкты. Териштирүүдө музейдин ал кездеги директору Юристанбек Шыгаев аталган картина менен кошо “Бакуниндин портрети” аттуу сүрөттү бир топ жыл мурун (качан экени белгисиз) музейден алып чыгып, 2014-жылдын январь айында кайра алып келгени аныкталат. Бирок Шыгаев бул сүрөттү канча убакыт пайдаланганы белгисиз. Бул окуядан кийин Айгүл Мамбетказиева картиналарды музейден уруксатсыз алып чыгып кетүү мыйзамсыз экенин айтып Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кат жазган. Министрлик бул ишти иликтөө үчүн атайын комиссия түзгөн. Бул арада интернетке “сүрөттөргө капыстан зыян келтирип алганын айткан Шыгаевдин түшүндүрмөсү” деген сүрөт тарады. 22-май деп белгиленген түшүндүрмөдө булар жазылган: “Мен Шыгаев Ю.А. музейден 1875-жылы тартылган Николай Сверчковдун “Жылкы жана ит” жана Николай Генин “Бакуниндин портрети” деген аталыштагы эки сүрөттү алганым чын. Сканерден өткөрүү учурунда сүрөттөрдүн бети капысынан жабыркап калган. Менин өтүнүчүм менен Николай Генин “Бакуниндин портрети” сүрөтү Т.Усубалиев тарабынан реставрацияланган. Ал эми Сверчковдун сүрөтүн өз каражатыма баштапкы абалына келтирүү милдетин алам”.

ДИРЕКТОР ШЫГАЕВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Директордун “картиналарды өзүндөй кылып оңдоп берем” деген жообу жагдайды жайгарышы күмөн эле. Маданият министрлиги түзгөн комиссия мындай тыянак чыгарды:

  • Директор Шыгаев ээлеген кызмат ордуна жооп бербейт;
  • Музейди комплекстүү текшерүү керек;
  • Мамлекеттик мүлккө зыян келтирилген жана аны төлөтүү керек;
  • Бул иштин материалдарын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү керек.

Ушуну менен аталган комиссиянын иши бүттү. Юристанбек Шыгаев арызын жазып кызматтан кетти. Ал эми бул картина чуусу укук коргоо органдарына өттүбү деген суроого министрлик азырынча үн ката элек.

КАРТИНА ОРДУНДА: ТҮП НУСКАБЫ ЖЕ ЖАСАЛМАБЫ?

Картиналарды сактоонун атайын эрежелери бар. Мисалы, сүрөттөр турган жайда бирдей температура жана нымдуулук болушу шарт. Бул эрежени сүрөтчү катары Шыгаев да жакшы билет. Андыктан бүгүн “мамлекеттик мүлк деп саналган буюмдарды сыртка алып чыгып, аны белгисиз шартта сактап жүрүү маданиятка кыянаттык эмеспи?” деген суроонун жаралып жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Шыгаев өзү бул картиналардын көчүрмөсүн эл аралык көргөзмөгө алып баруу максатында сканерден өткөрүү үчүн алганын айтып жатат. Сөзү чын болсо, эмне үчүн анда тийиштүү министрликтен уруксат сураган эмес деген суроо да ачык бойдон калууда. Себеби мамлекеттик мүлк деп саналган картиналарды көргөзмөгө алып баруу үчүн министрликтин уруксаты керек. Аталган 2 картина бүгүн музейде турганы менен, коомчулукта "алар түп нускасы эмес, жасалмасы болушу мүмкүн" деп күмөн санагандар да болууда. Бирок комиссия музейдеги картиналар түп нуска деген маалымат берди.

“ДИРЕКТОРДО УКУК ЖОК БОЛЧУ”

Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун директору, реставратор Таалайбек Усубалиев директор катары Шыгаевде ал картинаны колдонууга укук жок болчу дейт:

– Сүрөтчү кесиптештерим буга чейин да аталган музейден картиналар жоголуп жатат деп айтып жүрүшкөн. Бирок ал сөздөргө маани берчү эмесмин. Мен Кыргыз өлкөсүндөгү жалгыз сүрөт реставраторумун. Реставрация кылган иштеримдин көргөзмөсүн уюштурсам деп жүргөм. Апрель айында өз эмгектеримди көрөйүн деп Гапар Айтиев атындагы музейге барып, музейдин башкы сактоочусу Айгүл Мамбетказиевадан атайын уруксат алдым. Сүрөттөрдү карап жатып Сверчковдун калемине таандык “Жылкы жана ит” картинасы талкаланып калганын көрдүм. Себеби бул картинаны он төрт жыл мурун өзүм реставрация кылган элем. Музейдин кампасына жооптуу Татьяна Поповадан “бул картина кандайча бузулуп калды?” деп сурасам, ал “директор Юристанбек Шыгаев бул картинаны бузулган абалда
5 жыл мурун алып келип, эч кимге айтпа деген”
деп жооп берди. Аябай ачуум келди. Себеби врачтар адамдарды дарыласа, мен картиналарды дарылайм. Араң калыбына келтирген сүрөттөрдү бирөөлөр талкалап жатса жиниң келет да.

“Бакуниндин портрети” деген картинаны 5 жыл мурун реставрация кылгам. Анда мага Шыгаев өзү чалып “Таалай, биз картинаны илип жатып түшүрүп алдык, оңдоп бер” деп суранган. Көрсө, Шыгаев ошол кезде эле эки картинаны тең алып, экөөсүн тең бузуп алган экен.

Шыгаев сүрөттөрдү сканерден өткөрүү үчүн алгам деп жатат. Реставратор катары айтам, эмгекти сканерге салууга болбойт. Эмне үчүн музейде картиналар айнекке салынып турат? Себеби адам картинага жакын келип дем алган учурда да ага зыяны тийиши мүмкүн. Ал эми сканер ысык, ал картинага өтө зыянын тийгизет. Менимче, бул сүрөттөр сканерден жабыркаган эмес. Укук коргоо органдары картиналар Шыгаевдин үйүндө турдубу же башка өлкөгө алып барганбы деген суроолорго жооп издеши керек. Директор катары Шыгаевдин картинаны колдонууга укугу жок болчу. Анткени алар мамлекеттин менчиги. Аларды музейден алып чыгуу үчүн атайын министрликтен буйрук чыгышы шарт. Алып бараткан адам эмне үчүн алып чыгып баратканын негиздеп түшүндүрүп бериши зарыл.
А бул жерде Шыгаев эч бир уруксаты жок, жашыруун алып чыгып жатат. Күмөн саноо дал ушул жерден башталууда.

Шыгаев музейдин директору кезинде аны менен сүйлөшүү аракетибизден майнап чыккан жок.

ДАГЫ БИР ТЕКШЕРҮҮ БОЛОТ

Ушул аптанын башында Маданият министрлиги тарабынан аталган музейди комплекстүү текшерүү боюнча жаңы комиссия түзүлдү. Ага белгилүү сүрөтчүлөр Таалай Курманов, Таалайбек
Усубалиев, Константин Шкурпела, арт-менеджер, маданият таануучу Чолпон Тентиева жана башкалар киргени белгилүү болду. Бул комиссиянын текшерүү жыйынтыгы менен музейде мындан башка да күмөндүү жагдайлар калкып чыгышы мүмкүн. Бул арада Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору кызматына сынак жарыяланып, талапкерлерден документ кабыл алуу башталды.

КЫРГЫЗ МУЗЕЙЛЕРИ ЧЫР ҮСТҮНДӨ...

Маданияттын чордону саналган Кыргыз музейлерине байланыштуу чыр көп чыгат. 2013-жылы 26-декабрда дал ушул Гапар Айтиев атындагы музейден Иван Айвазовскийдин “Крымдагы пейзаж” эмгеги уурдалган. Бул сүрөт 1866-жылы тартылып, Кыргыз өлкөсүнө 1955-жылы Москвадагы Третьяков галереясынан алынып келинген. Сүрөттү уурдаган адам 7 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми музейдин ал кездеги жетекчиси Юристанбек Шыгаевге сөгүш жарыяланган болчу.

Ушул жылы Бишкекте музейлердин биринин директорунун иш бөлмөсүнөн УКМК кызматкери 50 миң сом пара алып жатканда кармалды. Расмий маалыматка таянсак, ал музейде уурдалган сүрөт боюнча 2013-жылы ачылган кылмыш ишин токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылганы айтылат.

2017-жылы Мамлекеттик тарых музейиндеги экспонат мумия тууралуу чыр чыккан. Ошол кездеги маданият жана маалымат министри Түгөлбай Казаков Улуттук тарых музейиндеги мумияны жерге көмүү боюнча чечим чыгарганы себеп болуп, кызматтан кеткен. Белгисиз кыздын мумиясы 1956-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги тарых музейине өткөрүлгөн. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Жерге берүүдө тартылган сүрөттөрдөн үстү жабык табыттын ичинде сөөк бар же жоктугу көрсөтүлбөгөндүгү "мумия чет өлкөгө сатылып кетти" деген версияны жараткан. Себеби ал мумияны 500 миң долларга сатып алууга кардар чыкканы айтылган.

2018-жылы Тарых музейин реконструкциялоо боюнча кылмыш иши козголгон. Музей 2016-жылы жаңылоо үчүн жабылып, оңдоо иштери башталган. Оңдоо иштеринде каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча өлкөгө
101,6 миллион сом зыян келтирилгени айтылган. Бул иш боюнча мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир нече аткаминерлерге кылмыш иши козголгон.

Айтор, кыргыз музейлериндеги чырлар тыйылбай келет.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан