Элбарчын Калилова, ырчы: «МЕНИ СҮЙҮШКӨНҮ ҮЧҮН КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕСМИН»

Бул кыздын багын “Нестан-Дарежан” аттуу ыр ачты.
“Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ансайын мен сүйүп баратам...” деп ырдаган Элбарчын Калилова бут тосууга көп дуушар болгонун айтат. Анда кеп башынан болсун.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1992-жыл, 26-ноябрь

Туулган жери – Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн Ой-Тал айылы

Кесиби – ОшМУнун искусство факультетин аяктаган

Репертуарындагы ырлары – "Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт", "Ой, булбул", "Ош шаарым", "Нестан-Дарежан"жана башка

Учурда – Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, Улуттук илимдер академиясында маданият таануучу

– Саламатсыңбы, Элбарчын? Учурда ырчылар элге сиңимдүү деп сүйүү темасындагы ырларды көп ырдашат. Ал эми сенин репертуарыңда философиялык ырлар басымдуулук кылат экен...

– Саламатсыздарбы? Мен маданият чөйрөсүндө кайнап иштеп жаткан адам катары өзгөчөлүккө маани берем. Сиз айткандай, учурда сүйдүм-күйдүм, жаным-каным деген тематикадагы ырлар көп. Мен жеңил-желпи чыгармаларды жактырбайм. Жеңил ырды эл да жеңил кабыл алат. Андай ырларды аткарсам, өзүмдү алдап жаткандай жаман боло берем. Чоң эмгектин натыйжасында жаралган ыр өзүңө да ырахат тартуулайт. Кубантканы, меникиндей философиялык ырларды эл айырмалап, баалай баштады. Оор ырлар той, шаңдуу кечелерге өтпөйт деп ойлочумун. Кудайга шүгүр, “Бүркүттү” же “Нестан-Дарежанды” ырдап берчи” деп тойго чакыргандар көп.

– Сени калың журтка тааныткан “Нестан-Дарежан” кызга арналган ыр эмеспи. Ал ырды кандайча аткарып калдың эле?

– Мен ошол ыр аркылуу алгачкы жолу сүйүү темасына кайрылгам. Бала кезден аталган ырды угуп чоңойгом. “Нестан-Дарежанды” Орто Азия эли сүйүү жөнүндө ыр деп билишет. Ошон үчүн тандадым.

– Адатта жүрөктө сүйүү жашаса, ошол темада ырдап калат эмеспизби. Сенде да ошондой болдубу?

– Туура айтасыз. Ошол мезгилде башыма сүйүү келген. Окуу менен тытынып жүрө берип, ага чейин сезимдерге көңүл бурбаптырмын. Чынында улуу, кичүү дебей сөз айтып, сүйүүсүн билдиргендер көп болгон. “Сени бир секундда жылдыз кылып коём” дегендер чыккан. Сөз айткандардын байлыгы, атактуулугу, таасирдүү адам экендиги мен үчүн роль ойногон эмес. Алар мени сүйүшкөнү үчүн мен күнөөлүү эмесмин да. Кудайга шүгүр, жеген наным, ичкен суум, туугандарым бар деп бирөөсүнө көз каранды болгон жокмун. Эки жыл мурун өзүм курактуу, ыймандуу жигитти жактырдым. Экөөбүз азыркыга чейин жакшы мамиледебиз. Алдыда жакшы ниеттерибиз бар.

– Сөз айткандар тууралуу кеп кылып калдың. Теманы улап сурай кетейин. Көптөн бери сени Жогорку Кеңештин бир депутатына байланыштырып жүрүшөт. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар?

– Мени каралап, жамандап жатышканын сизге окшоп интернет булактарынан окудум. Мага ким каралап жатканы абдан кызык болду. Атам менин түз жолдо жүргөнүмдү билет. Ошондуктан “анын ким экендигин издебе, башыңды оорутпа” деген. Бирок негатив жаман экен. Жөнү жок каралап, менин абийириме шек келтирип жаткан адамга унчукпай карап тура албадым. Мени каралап жаткан адамды издештирип таптым. Көрсө, ал айымдын жолдошу мени сүйөт экен. Ошон үчүн менден кызганып каралап жатыптыр. Мен ал айым менен кезигип, сүйлөштүм. Ал “жолдошум кечке сенин сүрөттөрүңдү көрөт, социалдык тармактан баскан-турганыңа көз салып турат. Бекеринен сени сүйгөн жок да” дейт. Мен “кечирип коюңуз, менин жүрөгүмдүн ээси бар. Менин клибимди, сулуулугумду эл көрсүн деп чыгам. Эл менин чыгармачылыгымды баалайт, ошон үчүн ыр жаздырам, клип тарттырам” дедим. Чынында мен деле эженин ордуна өзүмдү коюп көрдүм. Жолдошум бирөөнү сүйүп жатса, өтө жаман да.

– Ал киши менен жеке тааныштыгың барбы?

– 2016-жылы биз “Кыргыз боз үй” деген клип тарттырганбыз. Анда ал киши гана эмес, 30га жакын аттуу-баштуу агайлар келип колдоо көрсөтүшкөн.

Чыгармачылыкка аралаша электе ырчылардын айланасында ар кандай кеп чыкса, “бекеринен сөз чыгып жаткан жок да, өзү жаман жолдо жүрсө керек” дечүмүн. Ал эми өзүм тууралуу “түз жүрсөм, артымдан эч кандай сөз ээрчибейт” деп ойлогом. Башыма келгенден кийин жок жерден деле бирөө кааласа элге жаман көрсөтүп коёт экен деп калдым.

– Чыгармачылыкка качан аралаша баштагансың?

– Негизи кичинекей кезден бери ырдап жүрөм. Чоң сахнага 2011-жылы чыгып, композитор Эгемберди Талипов, устатым Жолболду Алыбаев менен иштешип келдим. Чыгармачылыгымды алгач “Жашайм шүгүр Кудай деп” деген ыр менен баштайм деп, Эгемберди Талипов агайга обон чыгарткан элем. Ал ырды бир ырчы айым угуп жактырып калыптыр. Мага “Элбарчын, ошол ырың жагып калды. Концертимдин башында ырдап алайын” деп суранган болчу. Кийин репертуарына кошуп, клип тарттырып алыптыр. Эгемберди агай “мен уруксат бердим. Экөөң тең ырдай бергиле” деп койду. Башка ырларым даяр болсо дагы ошону биринчи ырдап чыгам деп 2 жылдай күткөн элем. Агай мени кызындай кылып өстүрдү, бирок мен күткөн ырды башкага берип салганына капа болдум. Аны ырдабай калгандан кийин "Бүркүттөр кыш чилдеде жумурткалайт" аттуу ырымды ырдап чыктым.

– Чыгармачылыкта жолуң шыдыр болдубу?

– Мен алгач Ош шаарында ырдап жүрдүм. Ал жакта Бишкектегидей ырчы көп эмес да, тар чөйрө. Андыктан кичине атың чыгып калса буттан тарткандар көбөйөт экен. Той, маданий иш-чараларда мени тизмеден алдырып салган учурлар болот. Ага көнүп деле калдым. Өткөндө Ош шаарынын майрамына карата өткөрүлгөн иш-чарада алдыңкы тизмеде болчумун. Кайдан-жайдан кимдир бирөө мени чийдирип салыптыр. Бирөөлөрдүн көрө албастыгынан улам аягында ырдап калдым. Бирок той болобу, концерт болобу, аягында ырдасам деле менин ырларым элге жакшы өтөт.

– Сени жакында Түмөнбай Колдошов менен чырдашып кетти деп уктук...

– Түмөн агай менин агам да, агайым да болот. Биз агай менен жакшылык-жамандыкта көп жүрдүк. Өзүнүн жаңы ырларын чогуу отуруп калганда ырдап берчү. Бир жолу “Арзуу” деген ырын жактырып, мен ырдайын деп сурап уруксат алгам. Экөөбүз чогуу барып үн түшүрүп, аранжировкасын жаздырганбыз. Кийинчерээк Улуттук филармония 8 күн концерт бермек болуп, солисттердин ырларын тандап жатышкан. “Арзуу” деген ырды угузсам, “жайыраак болуп калыптыр. Бир аз батыраак кылып ошону ырда” дешти. Аранжировкасын кайра жаңыртып, ремикс вариантта жаздырган элем. Ошону угуп Түмөнбай агай Фейсбукка менин сүрөтүмдү тиркеп “жаштар ырымды бузуп жатат” деп чыгарып коюптур. Агай менен мамилебиз жакшы болчу, номеримди деле билчү. Жазганын окуп алып нес болдум. Бир ооз мага “жакпай калды” деп айтса деле болмок. Атам дагы "кабарлашпай эле кой" дегенинен ага чалган жокмун. Ошондон бери байланышпай калганбыз.

– Чыгармачыл адамдар бир күнү баары бир кезигип, сүйлөшөрсүңөр. Андыктан таарынычтар убактылуу болсун деп тилейбиз. Маегиңе рахмат!

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Tahmina.Musaeva
2019-06-10 14:26:34
"Арзуу" ырын чыйылдап бузуп салган
-1
rahali
2019-06-10 18:50:50
Озун укмуш сезет окшойт ашкан сулуулугун деле Коро алган жокмун
+10
babi92
2019-06-11 02:39:02
Тааныбайт экем,бирок бар эле бол...
+5
Rusbubu
2019-06-11 11:58:54
Түмөнбай акенин Арзуу деген ырын чынында болуп салган, аябай соонун ырды, андан көрө ырдабай эле койсо болмок
+6
nursiyanur
2019-06-11 19:04:24
Алайкуудан экенин создорундон даана билинип турат.....
+2
Gul_gulum
2019-06-11 19:28:02
Ырды бузуп салган уксан нервин кайнайт
+3
Shat.88
2019-06-11 21:42:30
Ким бул ой,суйуп калса,мени суйсо деп ишенип алганго
+6
aszyma
2019-06-12 06:36:47
Жашайм Кудайга шүгүр деген ырды САМАРА КаРИМОВА ырдап чыккан клиби менен
0
gulzat85
2019-06-12 13:47:06
Кулкуну келтирет экен.кайдагы ырчылар пайда болду.
+2
Fresh_hit
2019-06-12 15:21:37
Опееей бул ким ыя? Жылдыз го, мактанчаак окшойт)))))
+3
Sagidko88
2019-06-12 15:29:06
честно, смешно
+3
cholpon119966
2019-06-13 15:29:45
Унунун тембр дейби диапазон дейби ишигылса ошонусу бийик, таланттуу чынында жакшы ырдаган 'Ой булбулду' бирок мени суйот экен дебей менин чыгармачылыгымды суйот экен же баалайт экен десе дурус болмок да...
0
aminali
2019-06-14 02:12:39
Негизи ушундай айымдардын суйлогонун калтырбай окуйм )))) Дагы бироо бар болчу сулуулугунан Курманжан Датканы аткарбай калгам деген( атын очкур унтуп койдум).Керемет кыздарыбыз коп, журоктору таза зато!
0
Medina007
2019-06-15 19:28:37
Бул кызды таныбайт экем саны коп сапаты жок ырчылар кобойуп кетти
+2
Akzyinat1993
2019-06-27 12:17:11
Алайкуулуктардын мактанганы калбайт,атам минтти анан мени суйду,каралады деп эле бутуруптурго.ийгилик
0
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан