Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курамасы тарыхта биринчи жолу хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугун алды. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында кыргыз курамасы тандоо турунда 4 беттеште жеңүүчү аталып, алдыда келе жаткан жана III дивизионго чыгуу укугу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына каршы ойномок. Бирок уюштуруучулар Кыргыз курамасына буга чейинки 4 оюнда техникалык жеңилүү жазышкан эле.
Эл аралык хоккей федерациясы билдиргендей, Дүйнөлүк чемпиондуктун IV дивизиону жаңыдан түзүлдү. Бул дивизиондо кыргыз хоккейчилери катышат.
Ошондой эле аталган Дүйнөлүк чемпиондук 2020-жылы Бишкекте өтөт. Буга үй ээлери, Кувейт, Малайзия жана Филиппин курама командалары катышары күтүлүүдө.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg