Орусияда көк бөрү боюнча “Чынгыз Айтматов Кубогу” аттуу эл аралык мелдеш орун алат. Мелдеш 12-июнда Сергиев Посад шаарында өтөрү күтүлүүдө.
Оюндар 2020-жылы жарыялана турчу Кыргыз менен Орусиянын кызматташтык жылына даярдык катары өткөрүлөт. Ошондой эле мелдеш Евразия жана Орусиянын "Орус дүйнөсү" аталышындагы
III дене тарбия этнофестивалынын алкагында болмокчу. Аталган мелдешке өлкө атынан "Атуул" командасы катышат.
Буга чейин Москва шаарында үстүбүздөгү жылдын февраль айында кыргыз командалары катышкан көк бөрү боюнча мелдеш орун алган эле.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg