“Енисей” командасында ойноп келген улуттук курама команданын футболчусу Валерий Кичин мыкты коргоочу аталды. Муну “Енисей” командасынын күйөрмандары сурамжылоонун жыйынтыгы менен чыгарышты.
Валерий Кичин быйылкы сезондо “Енисей” командасында Орусия Премьер-Лигасында 25 оюн өткөрүп, 2 жолу гол киргизген. “Енисей” сезондун жыйынтыгында 16-орунду ээлеп калып, Жогорку Лигадан ыргып кетти.
Буга чейин Валерий Кичин whoscored.com интернет сайтынын тандоосу боюнча жалпы Орусия Премьер Лигасынын мыкты футболчулар курамына кирген.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg