РЕЖИССЁР ЭМИР КУСТУРИЦА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАСЫНА ТАСМА ТАРТАТ

Сербиялык кинорежиссёр, актёр жана музыкант Эмир Кустурица залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Чыңгызхандын ак булуту" чыгармасынын негизинде тасма тартары белгилүү болду. Кинорежиссёр бул тууралуу Орусиянын Железноводск шаарында өткөн "Герой и время" кинофестивалында билдирген.

– Учурда Моңгол империясы тууралуу, тагыраагы, Чыңгызхан жөнүндө тасма тартууну ойлонуп жатам. Менде Чыңгыз Айтматовдун жакшы китеби бар. Тасманын сценарийи ошол китептен алынат. Менимче, тасма кийинки фестивалга чейин даяр болот,- дейт режиссёр.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова менен байланышканыбызда ал төмөндөгүдөй жооп берди:

– Менин бул маалымат тууралуу кабарым жок экен. Эгерде режиссёр тасма тартса агамдын уулу Элдар Айтматовдон уруксат сурашы керек деп ойлойм.

Эсиңиздерге салсак, Эмир Кустурица 40 жылдан бери тасма тартуу менен алектенет.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан