ОРГАНИЗМДЕГИ БӨТӨН ЗАТТАР

КУЛАК

Кулактагы бөтөн зат (металл шариктери, мончок, данек, кумурска, көпөлөк жана башка) балдарда көп кездешет. Кулак тешиги аркылуу курт-кумурска кирсе абдан оорутуп, өтө жагымсыз сезимди туудурат. Биринчи жардам көрсөтүүдө аларды өлтүрүү үчүн кулакка бир нече тамчы суюк өсүмдүк майын же бор кычкылын куюу керек. Кулак ичиндеги нерсени өз алдынча алып таштоого аракеттенүү алардын андан ары тереңдеп кетүү коркунучун туудурат. Ошондуктан аларды алып таштоо үчүн отоларингологго кайрылуу зарыл.

МУРУН

Мурундагы бөтөн зат (жүгөрү, нокот жана башка) көбүнчө балдарда жолугат. Мурунга кирген зат көпкө чейин туруп калса, мурун менен дем алуу кыйындайт. Таноодон ириңдүү суюктук агышы мүмкүн. Бөтөн затты адам өзү алууга аракет кылбай, врачка кайрылуусу керек.

КЕКИРТЕК

Кекиртек жана бронхтордогу бөтөн зат айрыкча балдарга өтө коркунучтуу. Балдар оозуна тыйын, топчу жана башка майда нерселерди салып ойноодо, ал эми чоң кишилер мас абалында бир нерселерди жутуп алуулары мүмкүн. Жутулган нерсе адамдын кекиртегинде же бронхторунун биринде туруп калса, анын дем алуусу кыйындайт, ыкшып жөтөлөт, аба жетпегендиктен өңү көгөрөт. Бөтөн зат көпкө туруп калса өпкө же бронх сезгенет, өпкөдө ириң пайда болот. Булар өмүргө коркунучтуу, врачка тезинен баруу зарыл. Алдын алууда кичинекей балдарга майда нерселер менен ойноого тыюу салуу, ошондой эле жемиш, мөмөлөрдү бергенде данектерин алып таштоо керек.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан