9-июнь күнү АКШнын Чикаго шаарында UFC уюмунун 238-турнири болуп өттү. Анда аялдар арасында жеңил салмактагы чемпион кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоду.
ШЕВЧЕНКО – АЙ. ОКТАГОНГО ЧЕЙИНКИ «СОГУШТАР»
Валентина Шевченко UFC`нин чемпиондук курун тагынгандан бери алгачкы жолу октагонго чыкты. Бул аралыкта Шевченко Кыргыз өлкөсүнө келип, мекениндеги күйөрмандарынан тарта өлкө президентине чейин жолукту. Бул албетте, аталган беттешке дем-күч бербей коймок эмес.
Жеңил салмактагы дивизиондо чемпиондон кийинки рейтингдеги №1 мушкер америкалык Жессика Ай эле. Беттешке чейин Ай Шевченкого тиш кайраганын көрсөттү. Беттеш алдындагы стердаунда (жүз тиреште) Жессика «ок өтпөгөн мушкер» деген жазуусу бар ок өткөрбөгөн жилетти кийип келди. Бул «ок» аттуу каймана аты бар Шевченкого болгон октагонго чейинки биринчи сокку эле...
Шевченко беттеш алдында нокаутка эмес, 5 раунд бою тактикага басым жасап беттешке даярдык көргөндүгүн айтты.
ШЕВЧЕНКО – АЙ. ХАЙ-КИК
Беттеш боло турган күн да келип, эки мушкер октагондо кез келди. Залда кыргыз желегин желбиреткен күйөрмандар мекендешин колдоп турушту. 1-раунддан тарта өзүнө ишенген Шевченко беттештин нугун алып барды. Кол жана буту менен соккуларын маал-маалы менен узатып, атаандашынын айласын кетирип жатты. Ай контр чабуулга өтүүгө аракет кылып жатканда Валентина эки жолу тейкдаун жасады. 1-раунд толугу менен чемпиондун пайдасына чечилди.
2-раунддун башталышы беттештин нугу эч кандай өзгөрбөгөнүн көрсөттү. Бирок бул бороондун алдындагы тынчтык болчу. Шевченконун бет талаштыра тепкени таамай болуп, Ай дароо жыгылды. Нокаут! Октагондо чемпион чимириле жеңиш бийин бийлеп кирди...
Чемпион чемпиондугун коргоду. Шевченконун хай-кик соккусу жылдын нокаутуна башкы талапкер атала баштады.
«СЕН НОКАУТКА КЕТИРБЕСЕҢ,
СЕНИ КЕТИРИШЕТ»
Мелдештен кийин Валентина бир катар суроолорубузга жооп бергенге жетишти.
– Валентина, жеңишиң менен куттуктайм. Сен үчүн беттеш кандай болду?
– Бул беттеште бардык нерсени кыла алдым деп ойлойм. Беттешти мөөнөтүнөн мурда нокаут менен бүтүргөнүмө кубанып турам.
– Бут менен сокку ошол учурда ийгиликтүү болоруна көзүң жетти беле?
– Хай-кик соккусу ошол учурда таамай болорун сездим. Бирок машыгууда бардык нерсени кылабыз. Эрежесиз урушта болгондон кийин бардык ыкма, бардык учурду пайдалануу керек. Атаандашты нокаутка учуратууга мүмкүн экендигин көрсөм, мен аны кылам. Эгерде атаандашка кайсы бир ыкманы колдонууга мүмкүнчүлүк жаралса, мушкер аны кылат. Анткени спортчу ошол нерсеге даярданат.
– Сокку ушунчалык каардуу болорун сездиңби? Ай бир канча мүнөт эсине келе албай жатты...
– Аттандашка кандай сокку тийгенин дароо сезе албайсың. Айга сокку канчалык катуу болуп, нокаут болгонун рефери беттешти токтотконго чейин ойлонгон жокмун. Өзүмдүн бурчума баргандан кийин гана эмне болгонун көрдүм.
Бул эрежесиз уруш, биз ушул нерсеге даярданып, машыгып келебиз. Эгерде сен атаандашыңды нокаутка кетирбесең, ал сени кетирет. Ошондуктан күн сайын машыгуу менен жүрөбүз. Октагонго чыккан ар бир мушкер бул жерде эмне күтүп жатканын жакшы билет.
– Кийинки беттеш качан жана ким менен болушу мүмкүн?
– Мен эртеңден баштап эле кийинки беттеш тууралуу ойлонуп баштайм. Балким, бир жумадай эс алам. Бирок кайра машыгууларга кайтып келем. 3-4 айдан кийин кайра беттешке чыксам жакшы болмок. Анткени бул убакыт аралыгында эс алууга жетишем.
«ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО – ЧЫНЫГЫ ЖЫРТКЫЧ»UFC уюмунун президенти Дана Уайт Валентина Шевченконун беттешин көз жаздымда калтырган жок. «Шевченко чыныгы жырткыч. Ар бир беттеш сайын өзүнө болгон ишеними өсүп, каардуу болуп баратат. Атаандаштар үчүн бул коркунучтуу»,- деди Уайт.
Шевченконун беттеши күндүн мыкты беттеши деп табылып, кошумча 50 миң доллар берилет. Ошондо бул беттеш үчүн Валентина жалпы 300 миң доллар алды.
Бул күнү эркектер арасында бир катар кызыктуу беттештер орун алды. Алсак, Генри Сехудо Марлон Мораести жеңип, эки салмак категорияда чемпион аталды. Ошондой эле Хабиб Нурмагомедовдун эзелки атаандашы Тони Фергюсон Дональд Серронени техникалык нокаут менен жеңип алды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg