«АК ШУМКАР» ӨЗ ҮЙҮНӨ КЕЛДИ

11-июнда кыргыз футболчулары Азия Кубогунан кийин алгачкы беттешин өткөрдү. Анда Бишкекте «Ак шумкар» өз күйөрмандары алдында Палестина менен жолдоштук беттеште кез келди. Бул беттеш алдыдагы дүйнөлүк чемпиондуктун тандап алуу оюндарына болгон даярдыктардын бири.


Кыргыз – Палестина – 2:2
Голдор: Турсунали Рустамов, 32 Бекжан Сагынбаев, 49 Тамер Сеям, 57 Аль Бахдари, 89

МАЙРАМ МЕНЕН КОШТОЛДУ

Көптөн бери өз үйүндө оюн өткөрө элек «Ак шумкар» беттеш алдында күйөрмандарга фан-зона уюштурду. Анда ырчылар ырдап, ар түрдүү кызыктуу оюндар болду. Мындай жөрөлгөлөрдү ар дайым өткөрүп туруу күйөрмандарга да кызыгуу жаратат. Футболдук маанай оюн башатала элек жатып сезилип жатты.
Кыргыз футболчулары өз тарыхында Палестина менен 5 жолу кезиккен. Анын экөөсүндө утуп, биринде жеңилсе, калганында тең чыгуу болгон. Крестинин бул оюн алдыдагы беттештерге жакшы даярдык болорун белгилеп, курамга бир катар жаш оюнчуларды чакырган. Алардын катарында Александр Мищенко, Гүлжигит Алыкулов жана Алексей Долженко сыяктуу футболчулар улуттук курамга алгачкы чакыруусун алышты.

ЭКИ БАШКА ЭКИ ТАЙМ
Оюн талаа ээлеринин үстөмдүгү менен башталды. Бул оюнда капитандыкты колго алган Мирлан Мурзаев чабуулдун нугун башкарып, пас бергени да, дарбазага тээп жатканы да өзү болду.
Оюндун 32-мүнөтүндө Турсунали Рустамов көтөрүлүп берген топту башы менен голго айлантты. Тажикстандын «Хужанд» командасында ойногон жарым коргоочу стадионду бир дүрбөттү. Биринчи тайм жыйынтыгы «Ак шумкардын» пайдасына чечилди.
Экинчи бөлүктүн башында Бекжан Сагынбаев эсепти экиге айлантууга жетишти. Эми жеңиш колдон учпашы керек эле. Бирок палестиналыктар бул голдон кийин дымагын күчөттү. Арадан 10 мүнөт өтпөй айып соккудан гол жаратышса, оюндун соңунда пенальтиден эсепти теңеп кетти. Эсеп 2:2. Оюн тең чыгуу менен аяктады.
Оюнга алмашууга кошулган Алимардон Шукуров, Гүлжигит Алыкулов, Александр Мищенко сыяктуу жаш футболчулар «Ак шумкардын» эртеңи экендигин көрсөтүштү.

АТААНДАШТАР АНЫКТАЛАТ
Бул оюн "Катар-2022" мундиалына даярдык этабы болуп саналат. Анткени Дүйнөлүк чемпиондукка тандап алуу оюндары ушул жылы сентябрь айында башталат. Ал эми чүчүкулак июль айында ташталат. Тандап алуу оюндары 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия чемпиондугуна да тиешелүү.
Кыргыз футболчулары тандап алуу оюндарынын экинчи этабынан баштайт. Аталган оюндарга Азиянын жалпы 40 командасы катышат.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргыз-Палестина 2:2. Тамак бүткөнчө кыйкырык менен өткөн беттешинен видеорепортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erjigit-e.15
2019-06-19 18:08:56
Ийгилик АК шумкарларга
0
erjigit-e.15
2019-06-19 18:09:25
Ийгилик ак шумкарларга
0
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан