Арнис Кыдырмышев, актёр: «МЕНИ АЛЬБИНАНЫН КҮЙӨӨСҮ ДЕП ТААНЫШКАНЫНА НАМЫСТАНБАЙМ»

“Дем” театрынын актёру Арнис Кыдырмышев бирде жаш баланын, бирде кыздын, бирде ажаан аялдын, кемпирдин ролун келиштире аткарат. Акыркы кезде ал тасмаларга көп тартылып, жарнамалардан түшпөй калды. Чыгармачыл үй-бүлөнүн кожоюну, актриса Альбина Имашованын жолдошу Арнис Кыдырмышев үй-бүлө түйшүгү, сахна артындагы талаш-тартыштар тууралуу айтып берди.

Арнис Кыдырмышев
Туулган жылы
– 1982-жыл, 12-июнь
Туулган жери – Түп району, Долон айылы
Кесиби – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университети, кино жана театр актёру факультетин аяктаган
Тартылган тасмалары – «Сен эмне кылмаксың?», «Бардыгын башынан баштайлы», «Мегатой» жана башкалар
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм

– Арнис мырза, ай башында жубайыңыздын, кечээ сиздин туулган күнүңүз өттү. Куттуктайбыз! Көп жыл чогуу жашаган айрым үй-бүлөлөр мындай нерселерге маани бербей калышат экен. Сиздерде кандай?
– Рахмат, биздики барган сайын күчөп жатат го үлүп). Жаңы үйлөнгөн кезде жубайыма көңүлүндөгүдөй майрам уюштуруп бергим келчү, бирок анда чөнтөк жука эле. Ошентсе да мүмкүнчүлүккө карап сюрприз жасачумун. Кичинекей болсо да сөзсүз түрдө белек берип, таң атпай туруп тамак жасап берчүмүн. Бул нерсе азыр салтка айланган. Кыздарымдын туулган күнүндө да сөзсүз эртең менен даамдуу тамак жасап берем. Айрымдарга бул нерсе майда-барат болушу мүмкүн, бирок ушундай майда нерселер үй-бүлөнүн бекемделиши үчүн маанилүү роль ойнойт. Жашоодо ансыз деле маселе көп. Андыктан өз үй-бүлөңдө майрам болуп турса жакшы да.

– Сизди коомчулук «Дем» театры аркылуу тааныды. Бул театрда жалаң лидерлер чогулган. Бир пикирге келүү кыйын эмеспи?
– Мен Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрында иштеп жүрүп, «Дем» түптөлүп калганда келдим. Бизде азыр 12 бала бар. Ар кимибиз ар башкабыз. Ооба, даярдык учурунда талашып-тартышып, кыйкырышып кетебиз. Ага көнүп деле калганбыз. Эгер сырттан бирөө келип биздин репетицияны көрсө, булар урушуп жатат деп ойлойт. Чынында талаш-тартыштан жакшы идея жаралат. Канча бакырышып урушпайлы, ал нерсени сахнага алып чыкпайбыз. Ошол жерде калат. Аны сыртка алып чыксак бири-бирибиз менен бет карашпай калбайбызбы.

– Чыгармачыл адамдардан сурасаң, талант ата-энесинен өткөнүн айтышат. Сизде да ошондойбу?
– Менин бир туугандарымдын баары комуз чертишчү. Алардын таасиринде комуз черткенди мыкты өздөштүрөйүн деп Караколдогу музыкалык окуу жайга тапшыргам. Ал жакта кызыгы, мени виолончелге которуп салышты. Боюм кичинекей болгондуктан ал аспап мага чоң эле болуп калды. Анан да каникулда айылга келсем, «деги эмнени үйрөнүп жатасың?» дешет. «Виолончель» десем, «аның эмне?» деп кечке сурай беришчү. Акыры эл укпаган музыкалык аспапты жөн эле коёюн деп комузга которулуп алдым.
Азыр үйдөгү комузчулар башка кесипти тандап кетишти. Мен эле искусство тармагындамын.

– Альбина эже бизге берген маегинде аны колдогонуңуз үчүн мырзалардан кеп угуп каларыңызды айткан эле. Айрымдар аялдарды эркектен бир тепкич ылдый турушу керек дешет. Сиз буга кошуласызбы?
– Мени туура эмес кылат дегендер бетиме айтышкан эмес. Бирок ойлорунда болсо болгондур. Жубайыма үйлөнүп жатканда аны колдойм деп сөз бергем. Аял кишиге, өзгөчө искусство адамдарына эки эсе колдоо керек. Жубайыма иштейсиң деп жол ачып туруп, кайра тескери кетсем эркекчиликке жатпайт го.
Тарыхты эле карасак, Курманжан датка, Жаңыл мырза апаларыбыз эркектерге тең келишкен эмес беле. Эгер аялзатын эркектен төмөн бааласак, анда апаларыбыздын эмгегин ким кылмак? Ооба, аял киши үй оокатын кылышы керек, бала карашы керек, бирок ошол эле учурда анын мүмкүнчүлүктөрүнө чек койгон болбойт. Чектегендерди мен куру намысчыл деп эсептейм. Эгер эки жаш сүйүшүп үй-бүлө курса, бири-бирине колдоо көрсөтүшү керек. Жубайын иштетпей үйгө отургузуп койгонду эски түшүнүк катары кабыл алам.

– Сиздердин үй-бүлөдө кандай мыйзамдар бар?
– Биз жаңы үйлөнгөндө эле бир туугандар, сырттагы адамдар үй-бүлөбүзгө такыр аралашпашы керек деп сүйлөшүп алганбыз. Анткени туугандардын кийлигишүүсүнүн айынан үй-бүлөлөр бузулганын көрүп эле жүрөбүз.
Альбина төркүнүн өзү эле тыйып коёт. Мен да бирөөнүн кийлигишкенин жактырбайм. Жаңы эле сөз башталганда дароо «токтоткула!» деп «пост» коюп салам. Менин тосмо «шлагбаумум» күчтүү үлүп).

– Актёрлук кесипте Альбина эже сизге салыштырмалуу популярдуу дегенге кошуласызбы? Жубайыңыздын көлөкөсүндө калам деген ой болбойбу?
– Мен чынында «Эл эмне дейт?» деген нерсеге көңүл бөлбөйм. Менин жубайым таанымал болсо кубанам. Ал берилген ролдорду ойносун, эл-журтка көрүнсүн. Жубайыма атаандаш боло турган көп актрисалар бар. Алардын арасында Альбина лидер болушу керек. Анын жолу башка, меники башка. Мени Альбинанын күйөөсү деп таанышканына намыстанбайм. Мага маанилүүсү үйдөгү атмосфера. Үйдө мен кожоюнмун. Эл антет, минтет дей берген куру намыска алдыруу деп ойлойм.

– Акыркы кезде актёрлор арасында ажырашып, башкага үйлөнүү адат болуп баратат. Бул эмнеден деп ойлойсуз?
– «Бирөөнүн бүлөсү караңгы токой» деп коюшат го. Андыктан бирөөнүн жашоосун сындагандан алысмын.

– Сизди кинодон көп көрбөйбүз. Жүрөгүңүзгө театр жакынбы?
– Театр биздин экинчи үйүбүз болуп калды. Үйгө караганда бул жакта көп жүрөбүз. Үйгө барып тамак ичип, уктап, балдардын окуусун текшерип, эртеси кайра сабакка жөнөтүп, жумушка келебиз.
Ал эми кино – тандоо. Ар кимдин келбетине карап ролго тандашат. Ар бир чыгармачыл адамдын киного тартылып, театрда ойной турган убактысы келет. Мен ошол киного тартылган убактымды күтүп жүрөт окшойм. Ал убакыт келе элекпи же такыр эле келбейби, көрө жатарбыз үлүп).

– Кыздарыңыз тууралуу да айтып өтсөңүз? Күнү-түнү съёмкада жүрүп, кыздарыңызга жетиштүү көңүл бура аласыздарбы?
– Улуу кызым кичине кезинде театрда көп эле роль ойноп калды. Элдин кол чапканы, куттуктап гүл бергени жакканбы, айтор, ошол кезде актриса болом деп жүрдү. Азыр эс тартып чоңоюп калды. Келечекте медицина кызматкери болом дейт. Кичүүбүз 1-класска барат. 3 жашынан бери бийге барчу. Анын кесиби толтура. «Ким болосуң?» десең, «актриса болом, бийчи болом, ырдайм, генерал болом, милиция болом» дей берет үлүп).
Альбина экөөбүз бул темада көп сүйлөшөбүз. Колдон келишинче бош убактыбызды үй-бүлөбүз менен өткөргөнгө аракет кылабыз. Кыздарыбыздын билимине басым жасайбыз. Сабактан кийин бош отурбай ийримдерге барышат. Үйдө жүрүшкөндө да сабактары менен алектенгидей кылып план түзүп койгонбуз.

– Маегиңизге рахмат, Арнис мырза!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Мени Альбинанын күйөөсү деп таанышканына намыстанбайм" дейт актёр Арнис Кыдырмышев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
rahali
2019-06-17 10:03:48
Кана Эми баардык эркектер ушундай ойлосо бактылуу уй булолор коп болмок
+26
Merelisha
2019-06-17 17:45:18
rahali,кошулам
+9
Luna15
2019-06-17 10:09:57
Абдан маданияттуу жакшы инсан экенсиз,уй-булоо биринчи орунда, бактылуу болунуздар
+21
tavanova.sarah
2019-06-17 10:55:58
Мактанбайле деле интервью берсе болоткенго))
Жакшы маек болуптур. Башка звездаларга караганда жонокой кана!
Бактылуу болгула!
+22
MIRBOLOT
2019-06-17 11:10:21
"...башка актрисалардын арасында Альбина лидер болушу керек!" дептир.
+14
Luna15
2019-06-17 12:22:33
MIRBOLOT ошол созу мага абдан жакты,ар Бир эркек оз аялын котормолоп Сен лидер болушун кк деп турса андан откон бактылуу аял жок
+20
Pandora
2019-06-17 14:33:40
MIRBOLOT,Колдоо кучтуу.
+12
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-06-17 12:23:18
Азаматсыз.Азыр аялды колдоо керек.
+14
mela
2019-06-17 12:27:39
Окуган адам ушундай болот.Чыныгы маданият адамы. Колдогон учун,аялы бардык рольдорду аткарып журот да(бир кинодо жыланач кишини да жууунтат го)....
+13
jasgul
2019-06-17 19:11:04
mela,ал Арнистин аялы эмес. Ал мурунку министрдин аялы
+1
mela
2019-06-17 21:57:32
jasgul,ааа,анын куйоосу да мыкты инсан!!!Ото дасыккан профессионал
+1
Nukeww
2019-06-23 00:51:33
mela, адашып алдыныз. Так билмейинче мынткен болбойт да(( Ал Алтынбек Сулаймановдун аялы болуш керек
0
Sajakat14
2019-06-17 13:08:42
Бактылуу, ден соолукта болуңуз үй бүлөңүз менен!
+2
Skarlett-Skarlett
2019-06-17 14:28:12
Сонун уй було,сонун кишилер.,,Альбина лидер болушу керек".Бул кичине эле создун ичинде канчалаган соз,маани жатат.Акылдуу адам экенсиз.Баардык эркектер ушул Арнис агадай болсо кана.
+14
Pandora
2019-06-17 14:33:07
Эгерде аял киши балдарына,уй иштерине,кайын журтунан ашып дагы башка жумушка жетишип жатса,анын мумкунчулугун чектоонуну кереги жок.
Уй булодо эркек киши чечкиндуу болбосо "жеке жашоон эл каалагандай болот"-деген чында.Эркек кишинин бир эле созу менен коп нерсе озгорот.Кочодо ким эмне десе да,эн башкысы уйдо мен кожойунмун деген созу сонун.
Бактылуу болунуздар!!!
+19
gul.gul
2019-06-17 16:02:20
Альбина берген интервью канчанчы санында эле
+1
radostmoya
2019-06-17 16:56:21
Мен бул эжени Алтынбек Максүтовдун жубайы деп жүрчүмүн)
+1
lightning57
2019-06-17 17:13:35
Кудай буйруп бизге да ушундай жолдош насип кылса экен, аябай суктандым,коз тийбесииин
+7
PrinsessaNuri
2019-06-18 00:36:09
Erkek degen uwunday bolso. Bardyk ayal baktyluu bolmok
+4
Nukeww
2019-06-23 00:54:39
чечкиндуулугу,аялыны котормологондугу,оз ордун билгендиги жана "уй-булолук иштерибизге эчкимди кийлигиштирбейбиз" деген создору аябай жакты. Эки дуйнолук бакыт каалайм!!
0
№ 867, 13-июнь - 19-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан