ЭЛДИН КҮТКӨНҮ САЯСИЙ ТИРЕШ ЭМЕС, ӨНҮГҮҮ
Саясий тиреш, маалыматтык согуш, компроматтар чабуулу... Бул – Кыргыз саясатынын учурдагы картинасы. Реформа, гүлдөгөн экономика азырынча кыял гана. Өлкө алдыга жылабы же Кыргыз эли Мирзийоев, Пашинян, Зеленский өңдүүлөргө суктанып жылдарды өткөрө береби?
ШУМДУКТУУ КАЛПКА ИШЕНДИРҮҮ ОҢОЙ...
Жакында парламенттин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов кызыкдар тараптар Кыргыз коомун адашууга түртүп жатканын, өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылды деген «сенсациялык» маалыматтын максаты – коррупциялык схемалардын бетин ачуу эмес, айрым адамдарды элге жек көрсөтүү экенин айтып чыкты. «Өлкөдөн жылына 5-6 миллиард доллар акча чыгарылат. Адилеттүү болсок, 700 миллион долларды эмес, жалпы ушул сумманы иликтебейлиби? Журналист өзү издеп таап чыккан жок. Ал ачык эле айтып жатат, «бизге маалыматты алып келип беришти» деп. Эмне үчүн ошол алып келгендер 6 миллиард доллар тууралуу эмес, Матраимовго тиешеси болушу мүмкүн деп дал ушул 700 миллион доллар боюнча гана документтерди алып келди? Атамбаевдин стратегиясы 1 эле нерсеге негизделген – далили барбы, жокпу, иши кылып Матраимовдорду жамандап, элге сиңириш керек. Бул саясий оюн экени түшүнүктүү эле»,- деди Калмаматов. Бардык жарандар Калмаматов сыңары ой жүгүртпөшү түшүнүктүү. Коом көпчүлүк учурда максаты шектүү саясий топтун жетегинде калып калат. Анын үстүнө «калп канчалык шумдуктуу болсо, ага ишендирүү ошончолук оңой» деп бекер айтылган эмес. Айтор, бийликке жеткен жана бийлигин тарттырып жиберген 2 адамдын тиреши коомду тажатып баратат.
АДИЛЕТТҮҮЛҮКПҮ ЖЕ САЯСИЙ КУУГУНТУКПУ?
Бүгүн соттор адилеттүү болбой жатышса – ал биринчи кезекте 2010-жылдагы революциядан улам бийликке келгендердин ишинин жемиши. Өлкөнү адилеттүү сот системи, көз карандысыз тергөө органы менен камсыздоо атамбаевдик бийлик эл алдында убада кылган милдет эле. 2017-жылы Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков өңдүү оппозиция өкүлдөрү күмөндүү шартта, көбүнчөсү коюлган айыбы далилденбей эле соттолуп, миңдеген жарандар «саясий куугунтукту токтот» деп талап кылып жатканда президент Атамбаев «уурунун орду түрмөдө», «мыйзам алдында баары бирдей» деп билдирүү жасап жатты. Бүгүн жан-жөкөрлөрү четинен кармалып, өзүн реалдуу коркунуч тооруй баштаганда саясий куугунтуктан запкы тартып жаткан адамдын образында эл алдына чыгып, соттордун адилетсиздиги, алардын буйрук менен иштеп жатышканы тууралуу сөз козгой баштады. Суроо туулат, Атамбаевдин тушунда «адилеттүү» иштеген УКМК, Башкы прокуратура жана сот системи бир жарым жыл ичинде адилетсиз болуп кеттиби?
БҮГҮНКҮ АБАЛ ЭРТЕҢКИГЕ САБАК...
Соңку 1,5 жыл ичинде Атамбаевдин тегерегиндеги бир топ чиновниктер кылмышка шектелип кармалышты. Мисалы, экс-ажонун мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов, экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев, 2017-жылга чейин «соттордун Ак үйдөгү куратору» аталып жүргөн президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев. «Көмүскө кардинал» атыккан Арабаевге убагында абдан көп нааразычылык айтылган. Мисалы, 2018-жылы экс-депутат Карганбек Самаковдун адвокаттары Манас Арабаев соттук ишке кийлигишип жатат деп чыгышкан. 4,5 жыл бат эле өтөт, Арабаевдин бүгүнкү абалы азыр анын креслосунда отургандарга сабак болушу керек. 6 жыл бою атамбаевдик режимди сындагандар бүгүн ал режимге кызмат кылгандарды мыйзам алдында жазага тартуу аракетин кадимки иш катары кабыл алууда. Президент Жээнбеков да «мен президенттикке шайланып жатканда элге ууруларды калкалайм деп убада берген эмесмин» деп жатат. Ал эми калктын бир бөлүгү коррупция менен күрөш жүрүп жатабы же бийликтеги топ менен мурункулардын эле тиреши жүрүүдөбү деп жооп таппай турган чагы. УКМК реформага муктаж экени, айрыкча анын коррупцияга каршы күрөшүү кызматын Ак үйдүн кол алдынан бөлүп чыгуу зарыл экени байма-бай айтылууда. Саясатчылар, жарандык активисттер ар бир бийлик бул органды пайдаланып келгенин эскертишүүдө. «Ар бир бийлик атайын кызматты реформалоо маселесин көтөрүп келет дагы, көп өтпөй эле бардык президенттер бул жашыруун кызматты жактырып калышат. Азыр бул кызматты реформалоо президенттин колунда, кааласа реформа жүргүзөт, каалабаса баягыдай эле анын кызматынан пайдаланып, абал өзгөрүүсүз кала берет»,- дейт экс-депутат Равшан Жээнбеков. Президенттик мөөнөт тез эле бүтөт, эгер азыркы бийлик коррупцияга каршы күрөшкө жамынып ыңгайсыз саясатчылардан арылууну көздөсө, 2023-жылы Жээнбековдун командасын учурдагы атамбаевдик команданын тагдыры күтүшү толук мүмкүн.
БАТУКАЕВ – ЖИПТИН УЧУ КОЙ-ТАШТЫ КӨЗДӨЙ...
2017-жылы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду «Атамбаевдин жетегиндеги башчы болот» деп көптөр сындашты. Бул – Атамбаевдин тушундагы кыңыр иштер ачыкка чыкпай, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат деген да чочулоо болчу. Ал иштердин бири – 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди оор кылмыш ишине айыпталып, көп жылга соттолгонуна, анын кылмыштуу дүйнөнүн төбөлдөрүнүн бири экенине карабай бошотуп, өлкөдөн качырып жиберүү окуясы эле. Ал жылы Акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан алууну эске албаганда, бул окуяда жооптуу чиновниктердин дээрлик баары кол тийгис бойдон калышкан. Үстүбүздөгү жылы Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуп жиберүү иши кайра тергеле баштады. Бүгүнкү күндө «Батукаев айыккыс дартка чалдыкты, 3 айдай эле өмүрү калды» деп медициналык корутунду даярдап берген дарыгерлер, ал кездеги саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева, мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов кармалып, үй камагында отурушат. Ал кездеги башкы прокурор Аида Салянова кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ошол кездеги төрагасы, учурда парламент депутаты Зарылбек Рысалиев ИИМге суракка чакырылып, абалы начарлап, ооруканада дарыланууда. Эксперттер бул иликтөөнүн аягы экс-президент Атамбаевге жетип, аны камакка алуу менен бүтө турганын жоромолдоп жатышат. Жакында президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуу жөнүндө мыйзамга кол коюп, ал күчүнө кирген. Айрым саясатчылардын пикиринде, кол тийбестик статусу Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигинен сактап калышы күмөн. Ал эми саясий серепчилердин экинчи тобу бул иштер Атамбаевди камоо эмес, саясаттан алыс кармоо максатында жасалып жатканын айтышууда.
МАЙДАНДА ЖАҢЫ ОППОЗИЦИОНЕР
8-июнда Бишкекте КСДП «Форум» имаратынын алдында «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» деп аталган митинг өткөрдү. Жыйынга экс-президент Атамбаев, Фарид Ниязов баштаган КСДПнын өкүлдөрү, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов өңдүү парламент депутаттары, ЖЭБди жаңылоо боюнча кылмышка шектелип кармалган экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Сапар Исаковдун, тергөө абагында отурган Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун жана башка камактагы чиновниктердин жакындары катышты. Көпчүлүк Атамбаевдин кандай тондо сөз сүйлөй турганына кызыгып турган. Экс-президент адаттагыдай абдан эмоционалдуу сүйлөп, өзү алып келген азыркы бийликти катуу сындады. Бийлик өзүнө ыңгайсыз адамдарды кызматтан кетирип, ордуна өзүнө ыңгайлуу кадрларды дайындап жатат деп айыптады. «Сапар Исаков бажы тармагын Жээнбековдор менен Матраимовдордун адамдарынан тазалай баштаганы үчүн камалды. Менден 6 жыл бажыдагы коррупция жөнүндө билген эмессизби деп сурап жатышат. Билбептирмин. Мен баарын өзүмдөй, таза, чынчыл деп ойлочумун. Мага жумасына 3 жолудан отчёт беришчү, бирок бажыдагы коррупция тууралуу бир да сөз айтышчу эмес»,- дейт Атамбаев. «Билбей калыптырмын» деген жоопко бүгүн элди ишендирүү кыйын. Өз сөзүндө экс-президент мындан ары азыркы бийликке оппозиция болорун ачыктады. «24 жыл жанымда жүрсө да, булардын ичинде эмне бар экенин билбептирмин. Бул менин күнөөм, мен өз катамды дайыма өзүм оңдойм. Эгер азыркыдай өз билемдик токтобосо, биз "Сооронбай Жээнбеков кетсин!" деп чыгабыз»,- дейт Атамбаев.
МЫНДАН АРЫ...
Элдин саясий аң-сезими жылдан-жылга акырындап болсо да алга жылып баратканы анык. Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин кандай президент болгонун, алардын тушунда өлкөдө эмне иштер жасалганын, кандай адилетсиздиктер болгонун элге эскертүүнүн кажети жок. Элдин күткөнү эки топтун тиреши эмес, 28 жыл ичиндеги кыңыр иштерге баа берилип, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу, келтирилген зыяндардын ордун толтуруу, өнүгүүгө бет алуу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.